Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азиядагы фактчекинг уюмдары

09.12.2020 • 08:06

АКШ президенти Рональд Рейган 1981-жылы эл алдында сүйлөгөн сөзүндө дарактар унааларга караганда төрт эсе көбүрөөк абаны булгайт деп айткан. Эл арасында анын бул сөзүн шылдыңга алуу толкуну күчөп, окумуштуулар болсо текшерип чыгып, анын айткандарын төгүндөшкөн (Погодина, 2020).

Ошондон тартып фактчекинг башталган. 2000-жылдын башында АКШда бир нече факт-чек-долбоорлор пайда болгон — PolitiFact, Factcheck.org жана The Washington Post гезитинин алдындагы Fact Checker. Кийинчерээк саясатчылардын билдирүүлөрүн жана фактыларды текшерүү бүт дүйнө жүзүнө тараган (Погодина, 2020).

Борбор Азия өлкөлөрү да бул агымдан четте калган жок. Бул чөлкөмдөгү эң биринчи фактчекинг ресурсу FactCheck.kz 2017-жылы Казакстанда өз ишин баштаган (factcheck.kz, 2017). Ал Эл аралык фактчекинг тармаганын (IFCN) мүчөсү болуп саналат. Мисалы  Factcheck.kz журналисттери президенттик шайлоо учурунда участкалардан табылган “сыясы жок болуп кете турган” калемсаптар туурасында жазышкан жана боттор тармагын изилдеп чыгышкан.  Пандемия учурунда Factcheck.kz  дүйнө фактчекерлери менен биргеликте 4 миңге жакын фейктердин бетин ачты, алардын ичинде ар кандай кутум теориялары да бар. (Погодина, 2020)

Андан аз өтпөй Кыргызстанда Factcheck.kg ресурсу түзүлдү (factcheck.kg, 2020). Эң биринчи фактчекинг платформасын 2018-жылы ишке киргизишкен – ал фейсбуктагы баракча болчу. Дүң жараткан иликтөөлөрдүн бири Factcheck.kg  менен Bellingcat  долбоору биргеликте жасаган Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын аялына байланыштуу иликтөө болгон (Баймуратова, 2019).

2018-жылдан бери Тажикстанда медиасабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган  Factcheck.tj ресурсу иш алып барып келет. Долбоор фактчекинг институтун калыптандырып жана өнүктүрүү аркылуу Тажикстандын малымат мейкиндигинде фейк-жаңылыктарды таркатууга каршы турууга багытталган.  Ошондой эле сайттан фактчекинг боюнча сабактарды, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрө турган тесттер менен логикалык оюндарды табууга болот (BRYCACentralAsia, 2020). Бул үч уюм тең өнөктөш катары иштейт жана аймактын маалыматтык мейкиндигинде фейктерди таратууга каршы активдүү күрөш жүргүзүп келет. 

 

Шилтемелер:

(б.д.). https://www.facebook.com/factcheck.kg сайтынан алынды

BRYCACentralAsia, Р. (18 Июль 2020 г.). @BRYCACentralAsia.  FaceBook баракчасынан алынды: https://www.facebook.com/BRYCACentralAsia/posts/168249988149116

factcheck.kg, Р. (29 Февраль 2020 г.). https://factcheck.kg/. factcheck.kg сайтынан алынды: https://factcheck.kg/category/about/

factcheck.kz. (11 Май 2017 г.). https://factcheck.kz/. https://factcheck.kz/ сайтынан алынды: https://factcheck.kz/glavnoe/startoval-pervyj-faktcheking-resurs-v-centralnoj-azii/

Баймуратова, К. (17 Декабрь 2019-ж.). kloop.kg. https://kloop.kg/ сайтынан алынды: https://kloop.kg/blog/2019/12/17/prosto-fakty-skolko-stoyat-lyuksovye-chasy-brendovye-sumki-i-odezhda-zheny-matraimova/

Погодина, А. (12 Август 2020 г.). https://www.codastory.com/. https://www.codastory.com/: https://www.codastory.com/ru/disinfo/factcheckers-freedom/ сайтынан алынды.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.