Дүйнө жүзүндө фактыларды текшерүү боюнча 304 ресурс бар. Мындай сайттардын саны өткөн жылдан бери эле дагы 100 уюмга көбөйдү (Duke Reporters' Lab, 13-октябрь, 2020-ж.). Бул Reporters' Lab фактчекинг уюмдарга мониторинг жүргүзүп баштаган 2014-жыл менен салыштырганда эки эсеге көп.
Фактчекинг уюмдардын көбү Европада (85) жана Азияда (82) жайгашкан. Мындай өсүштү эксперттер социалдык каршылыктар (мисалы Чилиде), шайлоолор (АКШ) жана албетте коронавирус пандемиясы менен байланыштырышат.
Отчетко ылайык, 2020-жылдан бери дээрлик ар бир фактчекинг уюму саламаттыкты сактоо жаатындагы репортерлор командасына айланып калды (health reporters). Коронавирус темасын чагылдыруу аракеттерин жөнгө салуу үчүн Эл аралык фактчекинг тармагы #CoronaVirusFacts Alliance тобун түзгөн. Бүгүнкү күндө маалыматтар базасында 70 өлкөдөн жана 40 ар кандай тилдерде COVID-19 темасы боюнча 9,000 фейктин мисалдары топтолгон. Facebook, WhatsApp, Google жана YouTube сыяктуу ири санариптик платформалар фактчекерлерге дезинформацияга каршы күрөшүү максатында мониторинг жана иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыя кылууга жардам беришүүдө.
Фактыларды текшерүү менен көп жылдан бери профессионалдык деңгээлде алектенип келген адистердин айтымында, (Africa Check, Chequeado жана Full Fact сыяктуу ири уюмдардын негиздөөчүлөрү), фактчекинг менен алектенген уюмдар коомго текшерилген жана оңдолгон маалымат берүү менен гана чектелбестен, ишенимдүү маалымат булагын аныктап, мектептер жана башка билим берүүчү платформалары менен иш алып барып, адамдарга жалган жана адаштыра турган маалыматтарды өзүлөрү аныктаганга жардам берүүлөрү керек. Бир нече жолу жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, фактыларды текшерүү коомго бул же тигил билдирүүлөр боюнча сунушталган фактылар өзүлөрүнүн бекем ынанымдарына каршы келип турса да, ага болгон мамилесин кайра карап чыгууга жардам берет. Ушундай жол менен сынчыл ой жүгүртүү пайда болот.
Мисалы, Улуу Британияда Full Fact уюму Улуттук статистикалык кызматы менен биргеликте иштеп, адамдарга маалыматты жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада жеткирүү максатын көздөйт. Аргентинадагы Chequeado аттуу фактыларды текшерүү уюму жаштардын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн жана жаңылыктык сабаттуулукту көтөрүү боюнча өлкөдөгү биринчи билим берүү программасын ишке салды. Фактчекинг аракеттери жигердүү болушу үчүн ишенимдүү маалымат булактарына коомдун жеткиликтүү болушун жакшыртуу керек.
Эң негизгиси, факчекинг – бул бир гана адистер алектене турган нерсе эмес. Фактчекинг – бул медиа-маалыматтык сабаттуулуктун бир бөлүгү жана «XXI кылымдын көндүмдөрү». Ошондуктан, балким, 2-апрелде белгилене турган Эл аралык фактчекерлер күнү сенин да күнүң болуп калаар!
Булактары:
Duke Reporters' Lab, October 2020, бул шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://reporterslab.org/tag/fact-checking-census/
Factcheck.org, Misinformation directory, July 2017, бул шилтеме боюнча жеткиликтүү:https://www.factcheck.org/2017/07/websites-post-fake-satirical-stories/
Дүйнө жүзү боюнча сайттарды текшерүүчү сайттардын мезгил-мезгили менен жаңыланып туруучу картасы бул жерде: https://reporterslab.org/fact-checking/.
Коронавирус жөнүндө фейктер боюнча маалымат базасы бул жерде https://www.poynter.org/coronavirusfactsalliance/
Factcheck.kz, Как фактчек позволяет выиграть в борьбе с дезинформацией, октябрь 2019, бул шилтеме боюнча жеткиликтүү:https://factcheck.kz/metodika-fch/kak-faktchek-pozvolyaet-vyigrat-v-borbe-s-dezinformaciej/.