Мурда журналисттер топтолгон маалыматтарды жарыялаардын алдында фактчекингдин жардамы менен аларды текшерип чыгышчу. Чындыкка дал келбеген же жалган маалыматты текшерүү бир катар иш чаралардын топтомунан турат жана толтура инструменттер колдонулат.
Маалыматтын жана окуялардын саны кескин өсүп жаткандыктан толук кандуу текшерүүгө убакыт тартыш болуп, азыр бул көбүнчө маалыматты тастыктоо же верификациялоого окшош болуп калды. Верификация бул үстүртөн текшерүү, кандай болбосун маалыматты алгачкы текшерүүдөн өткөрүү үчүн бул зарыл нерсе.
Маалыматты кантип текшерүү керек? Эң эле биринчи текстти кунт коюу менен окуп чыгып, жазылган фактылардын ар бири чындыкка дал келээрин аныктоо керек. Фактчекинг инструменттери жардам берет, бирок бул өтө көп эмгекти талап кылган процесс. Ал жогорку квалификацияны талап кылат жана катардагы колдонуучуга анча туура келе бербейт. Текстке анализ жүргүзүү үчүн фактчекерлер атайын тиркемелерди колдонушат, биринчи булактарга жана расмий мекемелерге сурамжылоо жөнөтүшөт, ачык маалыматтарды колдонушат.
Бирок, бир катар кеңештерди пайдалануу менен, татаал манипуляцияларды колдонбой туруп фейктердин бетин ачууга болот:
- Жанылык кайсы ресурста жарыяланганына көңүл бургула. Жаңылык жайгаштырылган аккаунт же сайт силерге тааныш болушу керек. Бул көчүрмө эмес, реалдуу сайт экенин текшергиле.
- Макаланын булактары кимдер экенин текшергиле. Бири-бирине көз каранды болбогон бир нече булагы болсо эң жакшы. Бул маалыматтын жалган болушу мүмкүн экендигин, ушак-айыңарды чындык катары берүү ыктымалдыгын азайтат.
- Өз эмоцияңарды жана жеке мамилеңерди маалыматтын булагы жана анын компетенттүүлүгү менен аралаштырбагыла. Актер моралдык жактан электрдик үстөлгө каршы пикирде болушу мүмкүн, бирок бул маалыматтык салмакка ээ боло албайт.
- Комментарий берип жаткандар ал маселеге катышы бар болушу керек жана болгон окуя туурасында кабардар болуусу зарыл. Адамдар өзүлөрү жакшы билген жана тажрыйбасы бар тармак боюнча эксперттик ролду аткара алат. Мисалы сатуучу дарыгердин ордуна дарылоо амалдарын сунушташына жол берилбеши керек.
- Канчалык көп эмгек жумшалган болсо, ошончолук жакшы. Ушак-айыңдардын авторлорун маалыматтын сапаты жана аны кантип берүү маселеси ойлондурбайт. Алардын эмгектери убактылуу гана. Эгер макалада иллюстрациялар көп болсо, көп фактылар келтирилсе, комментарий бергендер арбын болсо, диаграмма, графика колдонулса – бул чынчылдыктын жана сапаттын көрсөткүчү.
- Макалага анын баш сөзүнө гана карап баа бергенден алыс болгула. Баш сөздөр адамдар аларды ойлонбостон бассын деп атайын жасалат.
- Ички үнүңөргө кулак салгыла. Өзүңөрдөн кайра-кайра сурагыла, бул же тигил маалымат жашооңор үчүн же жумушуңар үчүн ушунчалык зарылбы?
- Өзүңөр толук окуп чыкпаган тексттерди башкаларга таратуу менен алектенбегиле. Эгер репост кылып жатсаңар, сөз болуп жаткан темага өз мамилеңерди көрсөткүлө, фактыларды кошуп күчтөндүргүлө.
Жөнөкөй эрежелерди аткарып, алынган маалыматка ишенүүдөн мурда же бирөө менен бөлүшүүдөн мурда текшергиле.
Булагы: https://maff.io/factchecking_i_verifikaciya_informacii/