Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Фактчекинг: факт vs фейк

04.08.2020 • 10:14

Фактчекинг: факт vs фейк

Күндө эле угуп жүрсөңөр керек, досторуңар, туугандарыңар  жөнөткөн тигил же бул маалымат фейк экенин. Мындай баалоого ишенүүгө болбу жана деги эле билдирүүлөрдүн чоң агымында кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин кантип аныктоого болот? Келгиле талдап көрөлү.  

Фейк же жалган маалымат берүү деген түшүнүктүн карама-каршысын «факт» деп аташат. Факт — бул реалдуу окуя, көрүнүш, анын чындыгын ачык булактардын жардамы менен текшерип алууга болот (Ли, 2019).

Факттардын чындыгын текшерүү фактчекинг деп аталат (факт + чек деген англис тилиндеги «текшерүү» деген сөздөн алынган). Фактчекинг амалдарынын жардамы менен белгилүү адамдардын билдирүүлөрүн, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде дүң жараткан  текст, фото же видео түрүндөгү билдирүүлөрдү текшерүүгө болот. Фактчекинг методдорун пикир, көз караштарга карата колдонууга болбойт, так маалыматтар үчүн гана жарактуу (Ли, 2019).


 Дүйнөдө фактыларды текшере турган 291 ресурс бар. Мындай сайттардын саны өткөн жылдан тартып 26% га өскөн, жана дагы да көбөйүүдө. (Duke Reporters' Lab, 2020). 

Борбор Азиядагы биринчи фактчекинг  ресурсу FactCheck.kz 2017-жылы Казакстанда иштеп баштаган (Factcheck.kz, 2017). Ал Эл аралык фактчекинг тармагынын мүчөсү болуп саналат (IFCN). Аз өтпөй Factcheck.kg  Кыргызстанда жана Factcheck.tj  Таджикистанда ишке кирген. Бул үч уюм тең өз ара өнөктөштүктө иштейт жана бул региондун маалыматтык айдыңында фейктердин таркашына каршы күрөш жүргүзүп келет. 

Силер түшүнүп турсаңар керек, биздин Вероятно, вы уже поняли, что одной из основных целей нашего проекта BRYCA долбоорубуздун да негизги максаттарынын бири алыскы региондорунун жаштарын сынчыл ой жүгүртүү менен медиасабаттуулукка үйрөтүү менен жалган маалымат таркатууга жана кастык тилинин жайылышына каршы туруу болуп саналат.  Биз медиа айдыңдагы эбегейсиз чоң маалымат агымы онөй эле талдай билүүгө жардам беребиз – бул оңой эмес, бирок абдан кызыктуу. Биз менен болуңуздар ☺

Колдонулган булактар:
Duke Reporters' Lab (2020, 3- апрель). Reporterslab.org website баракчасынан 2020-ж. 27-июлунда алынды: https://reporterslab.org/fact-checking/
Factcheck.kz (2017). Factcheck.kz website баракчасынан 2020-ж. 10-майында алынды: https://factcheck.kz/o-nas/ 
Ли, В. (2019, 7-апрель). Фактчекер сөздүгү. Factcheck.kz website баракчасынан 2020-ж. 10-майында алынды: https://factcheck.kz/glavnoe/slovar-faktchekera/

Материал BRYCA  долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалды. 
 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.