Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Фото жана видеого  фактчек

26.12.2020 • 07:55

Силер кандай ойлойсуңар, сүрөттүн жасалма экенин аныктоо оңой элеби?

Эгер силер анын фейк экенин билсеңер, эмнеси дал келбей турганын аныктай алат белеңер? Көпчүлүгүбүз жасалма сүрөттүн эмнеси туура келбей турганын так айта албайбыз. Алгач келгиле булардын кайсынысы жасалма экенин аныктаганга аракет кылып көрөлү? Мини тест: https://forms.gle/Cg4g3FFiMnpCuwFd8

Фейк жаңылыктары өсүп келе жаткан көйгөйдүн бири, бирок бул сыяктуу визуалдык эффектилерди аныктоо андан да таталыраак. Өзүбүз көзүбүз көрүп турган нерсени жок ал андай эмес деп мээге түшүндүрүү кыйын фиСел уутрат.

Фото жана видеонун чын-бышыктыгын текшерген бир нече онлайн инструменттер бар, алардын жардамы менен болушунча көп маалымат жыйнап, акыры чындыкка жетүүгө болот. 

Google Search by Image — сүрөт аркылуу кайра издөө салуу, бул жерге сүрөттү жүктөп, анын түп нускасын таап, ал дагы кайда жарыяланганын табууга болот. Мындан тышкары Amnesty International – Youtube Data Viewer да пайдалуу инструмент болушу мүмкүн, ал роликтеги кадрларды өз алдынча бөлүп берет жана Google Image Search аркылуу издөө салат. TinEye — кайра издөө салуунун дагы бир амалы. Findexif.com — акысыз сервис, анда сүрөттү же анын шилтемесин жүктөп, EXIF маалыматтарын алууга болот (сүрөт качан тартылган, кандай каражат менен тартылган, сүрөттүн параметрлери, айрым сүрөттөрдүн кайда тартылганын да аныктоого болот). Foto Forensics — сүрөткө кошумча тартылган же кошумча редакцияланган элементтерин аныктаган сайт. Сүрөттү изилдеп чыккан соң, ал редакциягаланган фрагменттерди өзүнчө бөлүп көрсөтүп берет.

Фейк сүрөттөрдүн бетин ачуу процесси видеого фактчекинг жүргүзүүгө окшош эле, ошол эле иш аракеттер жасалат, инструменттери гана бир аз айырмаланат.

1-кадам.  Авторун же биринчи булагын табуу. Google аркылуу же башка кызматтардын жардамы менен сүрөт аркылуу кайра издөө салгыла.

2-кадам. Маалыматты тараткан адамдын өзүн тешкерип көрүү керек. Ал туурасында көбүрөөк маалымат чогултуу үчүн көптөгөн ар түрдүү ресурстар бар, алардын көпчүлүгү АКШ жашоочуларына арналып түзүлгөн менен, арасында башка өлкөлөр үчүн да пайдалуу ресурстар бар. Мисалы,  Pipl.com, WebMii,  Рунетте people.yandex.ru. сервисин колдонууга болот.

3-кадам. Сүрөттү текшерүүнүн кийинки кадамы сүрөт кайда, качан тартылганын тастыктоо. Локацияларды табууга  Google Maps же Wikimapia жардам берет.

 

Пайдаланылган булактар:

Factcheck.kz, 2017г. «Инструкция: Как распознать фейковое видео?» https://factcheck.kz/metodika-fch/instrukciya-kak-uznat-fejkovoe-li-video-ili-net/

Stopfake.org  2020г. «3 онлайн-инструментов для проверки подлинности фотографий” https://www.stopfake.org/ru/13-onlajn-instrumentov-dlya-proverki-podlinnosti-fotografij/

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.