Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Дезинформация же мисинформация?

04.08.2020 • 13:59

Дезинформация же мисинформация?

Көп учурда бул эки терминди чаташтырышат. Келгиле талдап көрөлү!
Дезинформация (англ. desinformation) — бул атайын жасалган жана таркатылган туура эмес маалымат. Пандемияга байланыштуу  Whatsapp аркылуу толтура коронавирус жөнүндө  жалган маалыматтар таркатылууда. Мисалы, шаарларды вертолет аркылуу дезинфекциялоо жөнүндөгү маалымат бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө активдүү таркатылган, бул атайын массалык дүрбөлөң жаратуу максатында жасалган  дезинформациянын мисалы. 

Ал эми айрым колдонуучулар бул маалыматтарга ишенип алып, туугандары менен бөлүшсө - бул мисинформация. Мисинформация (англ. misinformation) — бул деле жалган маалымат, бирок атайын чаташтыруу, дүрбөлөңгө салуу максатын көздөбөйт. Дезинформация оңой эле мисинформацияга айлана алат. (Factcheck.kz, 2019) 

Көп убактарда кандайдыр бир кризистик кырдаалдар дезинформациянын пайда болушуна өбөлгө болот. Мисалы, коронавирус эпидемиясы Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму билдиргендей «инфодемия» менен коштолду (WHO, 2020). Б.а. чын да, жалган да маалыматтын саны ушунчалык көп болгондуктан, чыны кайсы, жалганы кайсы ажыратуу кыйын. Маселен, коронавируска байланыштуу дезинформациянын эң айкын мисалдары Европа Биримдигинин стратегиялык коммуникациялар жана маалыматты анализдөө Бөлүмүнүн отчетунда чагылдырылган (EEAS SCIAD, 2020). Алардын эң белгилүүлөрү – коронавирус Кытай, АКШ, Улуу Британия, ал тургай Россия тарабынан колдонулган биологиялык курал (ЕБ жана НАТОну жок кылуу үчүн); эпидемия мигранттардын айынан башталды же коронавирус бул жөн гана алдоо деген маалыматтар. Дайыма маалыматты текшергиле! 
  

Колдонулган булактар:

EEAS Strategic Communications and Information Analysis Division, 2020. EEAS Special report update: short assessment of narratives and disinformation around the COVID-19/Coronavirus Pandemic (Updated 2-22 April). Accessed on July 28, 2020, available here  https://euvsdisinfo.eu/eeas-special-report-update-2-22-april/  

Factcheck.kz, 2019. Фактчекер сөздүгү, 2020-ж. 28-июлунда алынды:https://factcheck.kz/glavnoe/slovar-faktchekera/ 

World Health Organization. (‎2020)‎. Infodemic management: a key component of the COVID-19 global response. Weekly Epidemiological Record, 95 (‎16)‎, 145 - 148

Материал BRYCA  долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалды. 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.