Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Деталдар айтып берет: сүрөт жасалма интеллект тарабынан тартылганын кантип билсе болот?

14.03.2024 • 08:04

Бүгүн социалдык тармактарда Midjourney сыяктуу атайын программалар аркылуу жасалган сүрөттөрдү көрө алабыз. Алардын айрымдары чыныгы сүрөттөргө ушунчалык окшош болгондуктан, аларды оңой эле чаташтырууга болот. Маселен, Нью-Йорктун көчөлөрүндө камалды деген АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын сүрөтү жана кооз ак түстөгү күрмө кийип бараткан Рим папасы Францисктин сүрөтү. Бул санарип сүрөттөр чыныгы сүрөттөр сыяктуу  реалдуу болуп баратат.

Мурунку макалаларда биз нейрон тармактарынын сүрөттөрүн аныктоонун бир нече жолдору жөнүндө сүйлөшкөнбүз («Фейк сүрөттөр: алар эмнелер жана аларды чыныгы сүрөттөрдөн кантип айырмалоо керек» жана «Фейк сүрөттөрдү  текшерүү үчүн Google Images жана/же TinEye кантип колдонуу керек» деген макалаларды кара). Бул жерде биз сүрөттүн чыныгы же жасалма  экендигин аныктоо үчүн дагы бир нече сырлары менен бөлүшөбүз.

Сүрөттүн жасалма интеллект тарабынан жаратылганын билүү үчүн аны жакшылап карап, майда деталдарды көрө билүү керек. Мисалы, колдоруна көңүл бургула. Бардык эле ЖИ программалары адамдын колун идеалдуу кылып жасай албайт, андыктан колдордо  бардык беш манжа бар экенин жана алардын  контуру  так экенин текшергиле. Сүрөттө бир нерсени кармап турган бирөө болсо, анын реалдуу экенине ынангыла. Эгер силер бул позаны өзүңөр кайталаганга  аракет кылсаңар,  ал буюмду кармай алмак белеңер же  ал кулап калмак беле?

Андан тышкары көздөргө  көңүл бургула. Айрыкча, сүрөттөгү каарман көз айнек тагынып турса. Көз айнектердин кээ бир бөлүктөрү кээде "сыйкырдуу" түрдө жок болуп кетет - ЖИ дайыма эле аларды толук тарта албайт. Линзалардын көлөкөлөрү барбы, көздүн түсү бирдейби же кандайдыр бир "аномалиялар" барбы, текшергиле. Деталдар кээде жасалма интеллект экенин айтып коет.

Эгерде сүрөттөгү адам жана анын көз карашы табигый көрүнсө, бул жакшы жышаан, бирок бул сүрөт жасалма интеллект тарабынан жасалган  эмес деп жүз пайыз ишенимдүү айта албайбыз. 

Ошондой эле кулакка, тишке жана чачка, териге, сакал-мурутка көңүл бургула. Кулактар ​​кызыктай, симметриялуу эмес же адаттан тыш текстурага ээ эмеспи текшергиле. Тиштер туура эмес формада же табигый эмес жайгашышы мүмкүн. Чачтар колго тартылгандай  болуп, формасы каштын формасына дал келбеши мүмкүн. Бул майда-чүйдө нерселердин баары сүрөттүн чыныгы же чыныгы эмес экенин аныктоого жардам берет.

Кээде ЖИ  сүрөттө  бүдөмүк фонду пайда кылат , айрыкча, фондо жазуулар болуш керек болсо, анын ордуна кээ бир окулбай турган чиймелер пайда болот. 

Албетте, ар кандай жолдор менен алдоого  болот, бирок негизги максат  - акылыбызга эмес, сезимдерибизге таасир берүү.

Жасалма интеллект кызматтары тынымсыз өркүндөтүлүп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек жана жасалма  сүрөттү аныктоо эгерде такыр эле мүмкүн эмес болуп калбаса,  күндөн-күнгө  абдан кыйын болуп баратат. Жасалма сүрөттөрдү чыныгы сүрөттөрдөн айырмалоону үйрөнүүнү жана машыгууну кааласаңар, анда  which faces real   кызматы силерге жардам берет.

Булак: https://msavod.uz/

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.