Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Киберкоопсуздук деген эмне

09.03.2021 • 10:52

Киберкоопсуздук — бул веб-ресурстарга, тармакка жана программалык камсыздоолорго багытталган арам ойлуу адамдардын (киберкылмышерлер, хакерлер) кылмыштуу аракеттерин чектөөгө болгон чаралардын комплекси. Жеке маалыматтарды уурдоо, банк эсептеринен акча каражаттарын уурдоо, сайттарды жок кылуу (толук өчүрүп салуу же блок коюп коюу) – бул азыркы заманбап коом жана бизнес туш болгон көйгөйлөрдүн чети гана. Ошондуктан киберчабуулдардан натыйжалуу коргонуу – тармактагы коопсуздуктун маанилүү бөлүгү.  

Мисалы, 2020-жылдын июль айында коррупция менен күрөшүү боюнча Агенттиктин Сайты хакерлердин чабуулуна кабылган. Алар сайтка «Маалыматтык коопсуздук кайда, туугандар? Эх, биздин талапкерди өткөрбөй койгон менин бир туугандарым», - деген билдирүү калтырып кетишкен. 

Бүгүнкү күндө киберкоопсуздук жаатына байланыш тармагына кошулган ар түрдүү жабдыктарды коргоо аракеттери кирет, компьютерлерден тартып, серверлер, транспорттук каражаттар, көтөрүп жүрүүчү электроника каражаттары (саат, көз айнек, билерик ж.б.), имплантацияланган медициналык каражаттар, мисалы кардиостимуляторлор, келечекте болсо кайтарым байланышка ээ имплантацияланган таблеткалар ж.б мыштууКыл меришлүкдүү.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.