Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалымат деген эмне?

27.04.2021 • 04:35

Информация же маалымат латын тилинен которгондо (informatio) кабардар болуу, түшүндүрүү, баяндоо дегенди түшүндүрөт. «Информация-маалымат» деген түшүнүк контекстке жараша көп мааниге ээ.  Тар маанисинен алганда бул кандай формада берилгенине карабастан бардык маалыматтар, билдирүүлөр, кабарлар. Информация-маалымат деген түшүнүктүн дагы бир аныктамасы -  бул кандайдыр бир материалдык алып жүрүүчүдө сакталган, мезгил жана мейкиндик чегинде таркатылган маалыматтардын жыйындысы.

Бирок искусство чыгармасын маалымат деп атоого болбойт. Эстетикалык, культурологиялык түшүнүктөн алганда маалымат деген термин кибернетика, физика, биология ж.б. тармактагы маалымат деген түшүнүктөн кескин айырмаланат. 

Маалыматтын өзүнүн белгилери бар:

1. Идеалдуу жана субстанционалдык жактан өз алдынчалуулукка ээ боло албайт. Маалымат адамдын эс тутумунда сакталып турган кезде, ал идеалдуу.

Эгер аны материалдык алып жүрүүчүгө түшүрсөк (кагазга, компьютерге ж.б.) маалымат материалдашпайт, ал колдонуучу субъектилер үчүн идеалдуу бойдон кала берет.

Маалыматты алып жүрүүчү гана материалдык касиетке ээ. Маалыматтын өз алдынча боло албастыгы мында – ал материалдык алып жүрүүчү жок өз алдынча боло албайт, жашай албайт.

2. Түгөнбөстүгү. Маалыматты чексиз сандагы адамдар менен бөлүшкөнгө болот, бирок ал эч бөксөрбөй өзгөрүүсүз кала берет.

3. Улантуучулугу. Маалыматтын улантуучулук касиети анын өзгөрүү өзгөчөлүгүндө, маалымат өзгөрүүгө дуушар болгондо, келип түшүүчү мүнөздөгү материалдык системалар да өзгөрүүлөр менен коштолот, бул физикалык деңгээлде да, маалыматтык деңгээлде да улантуучулукту камсыз кылат.

4. Тандалмалуулук. Бул маалыматты колдонууда, топтоодо жана иштеп чыгууда тандоо, иргөө мүмкүнчүлүгүн түшүндүрөт.

5. Ташуу мүмкүндүгү. Бул бир эле мазмунду ар кандай формада берүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрөт.

6. Универсалдуулугу. Маалыматтын мазмуну каалагандай көрүнүштөр жана физикалык, биологиялык, социалдык реалдуулуктагы түрдүү процесстер менен байланыштуу боло алат. 

7. Маалыматтын комплекстүү сапаттары:

• адекваттуулугу — маалыматтын өндүрүүчүсү берген мазмунуна шайкештиги;

• аныктыгы — айлана-чөйрөнүн объективдүү реалдуулугу менен шайкештиги;

• толуктугу — чечим кабыл алуу үчүн жетиштүүлүгү;

• көптүгү — маалыматтын аныктыгын күчөтүү, натыйжада бул чоң көлөмдү ээлейт;

• жеткиликтүүлүгү — бул же тигил маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнүн ченеми;

• баалуулугу — маалыматтык чечим кабыл алууда анын маанилүүлүгүнүн, зарылдыгынын даражасы.

 

Булактары: 

Pieter Adriaans. Information. // Стэнфорд философиялык энциклопедиясы, 2012. (англ.)

Википедия. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%98%D0%BD%D1%84%D0%BE%D1%80%D0%BC%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.