Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Эмне кастык тили боло албайт?

24.09.2020 • 13:11

Кээде кастык тилин ажыратуу кыйынга турат, анткени агрессивдүү маанайда айтылгандын баары эле кастык тили боло бербейт. Же тескерисинче, бир караганда эч арамдыгы жок айтылган жөн жай тамаша сөз чындыгында кастык тили болуп калышы ыктымал. 

Мисалы, Наманган (Өзбекстан) тургуну аялын жана баласын балталап салып, анан өзүн өрттөп жиберген окуя боюнча Facebook баракчасындагы “Жаштар порталы” группасындагы эки комментарийди карап көрөлү. 

 «Өзүң өлүп кет айбан, үй-бүлөң менен балдарыңа эмнеге тийесиң… Тозокто өрттөнгүр, жырткыч...» - комментарийде орой сөздөр менен жаман каалоо-тилектер айтылган менен, бул кастык тили эмес, анткени,  бул сөздөр белгилүү бир адамга багытталып, анын белгилуү бир жосунун сүрөттөп жатат. Бул комментарий жеке адамдын ар-намысына шек келтирүү катары бааланат. 

Бул болсо башка комментарий: «Облустуктар кайра кубандырып жатышат, күн өткөрбөй эле улам бир жаңылык». Бир караганда бул комментарийде агрессивдүү эч нерсе жоктой туюлат, бирок автор адамдардын тобун бөлүп көрсөтүп жатат – «облустуктар», контексттин негативдүү экенин эске алганда, бул адамдардын тобуна терс мүнөздөмө берилип жатат, демек муну хейтспич катары эсептесе болот. 

Зордук-зомбулуктун курмандыктарынын дарегине карата айтылган «өзү күнөөлүү» деген белгилүү комментарийлердин бири да кастык тили болуп саналат, анткени ал зордук-зомбулукту актап жатат. Мисал катары улуттук гвардиячылар Сурхандарья (Өзбекстан) тургунун беткап тагынбаганы үчүн муунтууга аракет кылышканы туурасындагы Уят.уз группасындагы постту алалы. «Өзү күнөөлүү» - зомбулуктун курмандыгы мындай окуяга өзү күнөөлүү болушу мүмкүн эмес, анткени укуктук коомдо зомбулукту эч кандай себептер менен актоого болбойт. 

 Article 19 эл аралык укук коргоо уюмунун ою боюнча, билим берүү жана агартуу – кастык тили менен күрөшүүнү эң натыйжалуу жолу. 

 

Булактары:

 «Жаштар порталы» ачык группасы, Facebook community, төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү https://m.facebook.com/portalmolodeji/ 

 «Уят.уз» ачык группасы, Facebook community, төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү https://www.facebook.com/groups/480920865932066/?fref=nf 

Article 19, 2015. «Кастык тилин» түшүндүрүү: Практикалык колдонмо, төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү https://www.article19.org/wp-content/uploads/2015/12/A19_Hate-Speech-Report-2018_Russian.pdf 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.