Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Боттор троллдордон эмнеси менен айырмаланат?

09.12.2021 • 19:02

Медиа туурасында айтканда, айрыкча социалдык тармактар туурасында сөз кылганда медиа мейкиндиктин эки кызыктуу жашоочулары туурасындай айтпай коюуга болбойт – боттор жана троллдор.

Аларды көп учурда бир сүйлөмдө колдонушат, жана алардын айрым жүрүм-турумдары да окшош. Бирок экөө таптакыр башка нерселер.

Бот - бул робот. Кадимки адам эмес, компьютердик программа. Жакшы да, жаман да программалар бар, демек жакшы да, жаман да боттор бар.

Жакшы боттор – мисалы, чат-боттор, көңүл ачууга, кардарлар менен сүйлөшүүнү тездетүүгө жардам берет. Чат-боттор көп берилчү суроолорго жооп табууга жардам берип, убакытты үнөмдөйт.

Twitter-де кызыктуу цитаталар менен сүрөттөрдү жарыялаган жакшы боттор бар, же тамашалуу, акылга сыйбаган сүйлөмдөрдү аралаштырып көңүлдү ачат.

Бирок жаман боттор да бар. Интернетте алар өзүн тирүү адам катары көрсөтүп, баш ооруга алып келиши мүмкүн. Мындай ботторду адатта маанилүү талкууларга таасир этиш үчүн колдонушат, мисалы климаттын өзгөрүшү, шайлоолор жөнүндө. Же бул же тигил саясий партиянын же саясатчынын билдирүүлөрүн күчтөндүрүү үчүн колдонулушу мүмкүн. 

Боттор менен башка колдонуучуларга чабуул жасаса болот же белгилүү бир хэштегтерди топко чыгарууга болот. Бул үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр бар: коддун жардамы менен чексиз санда ботторду жасаса болот жана алардын жардамы менен контентке таасир этүүгө мүмкүн.

Тролль – бул адам, ал атайлап онлайн-чатак чыгарат же колдонуучуларды мазактайт, козуткан же темага тиешеси жок публикацияларды жарыялоо менен көнүлдү алагды кылуу же ажырымды пайда кылууну көздөйт. Алардын максаты – башкалардын эмоциясын чакырып, талкууну үзгүлтүккө учуратуу.

Бирок троллинг ишмердүүлүк катары троллдор менен эле чектелбейт. Троллдор айрым бир өзүлөрүнүн билдирүүлөрүн күчтөндүрүү үчүн ботторду колдонушат. Мисалы, өз пикирин билдирет да, анан ал колдоого алынып жаткандай кылып ботторду колдонуп, массалык түрдө комментарийлерди жазып, лайктарды басат. 

Эгер силер кимдир бирөө кастыкты тутандырып, жек көрүүчулүктү пайда кылып жатса, абалды курчутуп, расиситтик маанайды жайылтып же коомдун өзүнчө бир тобуна асылып жатса, ага ачык эле айтсаңар болот – троллингди токтот!

Булагы: 

Сайты ERR.ee «Боттор жана троллдор» 28.03.2020 Алынган булагы: https://rus.err.ee/1070279/boty-i-trolli

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.