Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Үй жаныбарлар тууралуу фейктер эмнеси менен коркунучтуу

12.01.2021 • 11:05

Социалдык тармактарда Covid-19 пандемиясы учурунда “зоокоргоочулар” менен “зоокаршылаштар” ортосунда тирешүү байкалды.  Үй жаныбарлары вирус алып жүрүүчүлөр деген фейктер менен бирге эле, үй жаныбарлардын, айрыкча мышыктардын Covid-19га карата иммунитети башкаларга караганда алда канча күчтүү деген билдирүүлөр таркады. Бул фейктердин эки түрү тең коркунучтуу .

Биринчиси жаныбарларга каршы агрессияны жаратат, экинчи учурда жаныбарлардын кожоюндары өз коопсуздугуна ашыкча ишенимдүү болуу менен карантин шарттарын бузуп коюшу мүмкүн келКее ууылк. 

Өзбекстанда пандемия башталгандан бери кароосуз үй жанбарларынын саны кескин өскөн. Бул жаныбарлар COVID-19 вирусун таркатат деген фейкке байланыштуу орун алууда. Бул көрүнүш Өзбекстандын саламматтыкты сактоо министрлиги жаныбарларды колкап менен сылоо керек деген –СМС-билдируү тараткандан кийин ого бетер курчуп, үй-жайсыз жаныбарлардын саны дагы өстү. Кийинчерээк министрликтин чиновниги “билдирүүлөрдү таратуу – жеке гигиенаны сактоо эрежелерине байланыштуу гана кеңеш” экенин, коронавируска түздөн-түз тиешеси жок экенин түшүндүргөн.  “Коронавирусту таркаткан табигый булак жарганаттар. Коронавирус жайылткан жарганаттын түрү биздин аймакта жашабайт”, - Алматов өзүнүн рекомендацияларына мына ушундай комментарий берген. (Эмне үчүн жаныбарларды колкап менен сылоо керек?, 2020).

Цитата келтирилген булактар:

Эмне үчүн жаныбарларды колкап менен сылоо керек? (13 04 2020-ж.). Uza.uz: http://uza.uz/ru/society/pochemu-zhivotnykh-rekomenduyut-trogat-v-perchatkakh--13-04-2020 (б.д.).

Материал Европа Биримдигинин колдоосу астындагы BRYCA долбоорунун алкагында даярдалды.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.