Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Чындыкты эмне менен ченөө керек?

18.12.2020 • 08:27

Борбор Азия фактчекерлери маалыматтын чындыгын текшерүү үчүн «чындыкты ченегичти» колдонушат.  «Чындыкты ченегич»  – бул тыкат анализ жүргүзүлгөндөн кийин чыгарыла турган бүтүмдөрдүн  классификациясы.

«ЧЫНДЫК» — мындай бүтүм эгер маалымат – фактчекинг объектиси  100% чындыкка дал келсе, фактылар менен тастыкталса чыгарылат. Бул каалаган формадагы маалымат болушу мүмкүн: билдирүү, окуя, жаңылык, маалыматтар, цитата, сүрөт, видео же документ.

«ЖАРЫМЧЫНДЫК» — мындай бүтүм фактчекинг объектисине карата эгер маалыматтын кайсы бир бөлүгү гана тастыкталса же кандайдыр бир так эместиктерге ээ болсо, олуттуу эмес каталары бар болсо, туура эмес чечмеленген болсо, берилген маалыматтары актуалдуу эмес болсо же жалпылаган түшүнүктөр колдонулган болсо чыгарылат.

«КАЛП» — толугу менен чындыкка дал келбеген маалымат. Мындай бүтүм эгер фактылар ойдон чыгарылган болсо, билдирүүлөр жок эле фактыларга таянып жасалган учурларда чыгарылат.

«МАНИПУЛЯЦИЯ» — бул алдын ала бурмаланган же кайсы бир бөлүгү бурмаланган мааалымат. Көп учурда мындай бүтүм контексттен сууруп чыгып колдонулган маалыматтары бар материалдарга, коомдук пикирге таасир этүү максатында цифраларды азайтуу же көбөйтүү, социалдык мааниси бар адамдардын же окуялардын макамын ашыра же кичирейтип баалаган материалдарга карата чыгарылат.Ошондой эле,  «манипуляция» деген бүтүм маалыматка жеткиликтүүлүктү чектөө же иштин чыныгы абалын жашыруу орун алганда да чыгарылат. 

Фактылардын жетишсиздигинен же далилдөө мүмкүн болбогондуктан чын же жалган экени тастыкталбаган маалыматтарга карата «БҮТҮМҮ ЖОК» деген макам берилет.

Кененирээк - https://factcheck.kz/kak-my-opredelyaem-pravdomer/. Материалды колдонууга factcheck.kz. гипершилтемеси бар болгон учурда гана болот.

плаК мадага крөк тйопшок

Шилтемелер:

https://factcheck.kz/kak-my-opredelyaem-pravdomer/

МЫСАЕВА К. Н. Эффекты проверки данных (fact-checking) в Казахстане

https://elar.urfu.ru/bitstream/10995/61284/1/978-5-7996-2403-3_72.pdf

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.