Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Акысыз жана акы төлөнүүчү VPN – коопсуздук үчүн кандай коркунучтар жаралат?

24.05.2024 • 06:28

Бүгүнкү санариптик дүйнөдө виртуалдык жеке тармактар ​​(VPN) интернет купуялыгын жана коопсуздугун сактоо үчүн алмаштырылгыс курал болуп калды. Алар чыныгы IP- дарегиңизди жашырууга, маалыматыңызды хакерлерден коргоого жана географиялык  чектөөлөрдү айланып өтүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, бардык VPN-кызматтары бирдей коопсуздукту камсыздабайт жана акысыз жана акы төлөнүүчү версиялардын ортосунда  тандоо онлайн коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Келиңиздер, бул эки варианттын артында кандай коркунучтар жашырылышы мүмкүн экенин карап көрөлү.

Акысыз VPN-кызматтарынын коркунучтары

Акысыз VPN-кызматтары жагымдуу, анткени аларды колдонуу үчүн акы алынбайт, бирок алар олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн

  1. Маалыматтын жайылып кетиши. Көптөгөн бекер VPN-кызматтар  колдонуучуларынын маалыматтарын үчүнчү жактарга сатуу менен акча табышат. CSIRO изилдөөсүнө ылайык, бекер VPN′дердин 75% колдонуучунун  маалыматтарын чогултуу үчүн ар кандай көз салуу ыкмаларын колдонушат. Бул сиздин сайттарга кирүү таржымалыңызды, жеке маалыматыңызды, атүгүл логиндерди жана сырсөздөрдү камтыйт.

 

  1. Маалыматтарды коргоо начар. Акысыз VPN'дер көбүнчө шифрлөөнүн алсыз ыкмаларын колдонушат же трафикти такыр шифрлебейт, бул сиздин маалыматыңызды хакерлер жана башка чабуулчулар тарабынан уурдоого дуушар кылат.

 

  1. Чектелген ресурстар жана өндүрүмдүүлүк. Акысыз VPN'дер туташуу ылдамдыгын, маалыматтарды берүүнү жана серверлердин санын чектеши мүмкүн. Бул жай иштөөгө жана туруксуз байланышка алып келет.

 

  1. Камтылган жарнама жана зыяндуу программалык камсыздоо. Кээ бир бекер VPN-кызматтары өздөрүнүн тиркемелеринде жарнамалык программаларды же атүгүл зыяндуу программалык камсыздоолорду камтыйт, бул сиздин түзмөгүңүздү зыянга учуратып, маалыматтардын агып кетишине алып келиши мүмкүн. Алар сиздин аракетиңизге көз салып, керексиз программалык камсыздоону орнотуп, жада калса түзмөгүңүзгө аралыктан кире алышат.

 

Акы төлөнүүчү VPN'дердин артыкчылыктары

Акы төлөнүүчү VPN'дер жалпысынан коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздайт жана ресурстардын кеңири спектрине кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана маалыматыңызды уруксатсыз кирүүдөн коргоо аркылуу интернет коопсуздугун жана купуялуулукту бир топ жакшыртат.

VPN тандоодо эмнени эске алуу керек

Акысыз же акы төлөнүүчү VPN′ди колдонуу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн, сиз төмөнкү жагдайларды эске алышыңыз керек:

Купуялык саясаты. VPN аракет дептерлерин жүргүзбөөсүн  жана ачык купуялык саясатын камсыз кылуусун текшериңиз.

Шифрлөө ыкмалары. AES-256 сыяктуу заманбап жана күчтүү шифрлөө ыкмаларын колдонгон VPN'дерди тандаңыз.

Аброй жана колдонуучунун сын-пикирлери. Кызматтын ишенимдүү экенине ынануу үчүн башка колдонуучулардын сын-пикирлерин жана көз карандысыз эксперттердин рейтингдерин изилдеңиз.

Аялуулугун текшерүү. VPN үзгүлтүксүз коопсуздук аудиттерин жүргүзүп, табылган кемчиликтерди оңдоп-түзөп жатабы, аныктаңыз.

Сервер жайгашкан жерлер. Туруктуу жана тез туташууну камсыз кылуу үчүн серверлердин санына жана жайгашкан жерине көңүл буруңуз.

VPN′ди колдонуу сиздин онлайн коопсуздугуңузду бир топ жакшыртат, бирок бардык VPN′дер бирдей эместигин эстен чыгарбоо керек. Акысыз VPN'дер купуялыгыңызга жана коопсуздугуңузга олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн. Акы төлөнүүчү кызматтар көбүнчө коргоонун жогорку деңгээлин камсыз кылат, бирок алардын арасында да кылдаттык менен далилденген жана ишенимдүү варианттарды тандоо маанилүү.

 

Булактар:

Акысыз VPN'дер кандайча иштейт жана алар канчалык коопсуз - https://vc.ru/services/787585-kak-rabotayut-besplatnye-vpn-i-naskolko-oni-bezopasny

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.