Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Антивирус

02.03.2022 • 05:45

Антивирус – вирустарды, троян же башка компьютердеги зыяндуу программалык камсыздандырууларды издей турган программа. Эгер антивирустун ишине сырттан көз чаптыра турган болсок, анын өзүн вирус катары кабылдоого болот, бирок ал жакшы вирус.

Антивирустун иштөө методу – тармактык трафикке көз салат, портторду угуп чыгат, кызматтарды көзөмөлдөйт, файлдарды модификациялайт жана өчүрөт, статистика чогултат жана маалыматтарды программалык камсыздандырууну иштеп чыгуучуларга жөнөтөт, эсептөө кубаттуулуктарын арбын колдонот. Ар кандай антивирустар зыяндуу программалар менен ар түрдүүчө күрөшөт. Бардык антивирустар вирустарды таба алышат, бирок тилекке каршы баары эле натыйжалуу тазалай алышпайт. Эч кандай антивирус 100% коргоону камсыз кыла албайт.

Скандоо системасынын жардам менен антивирус программалары каражаттын файлдар каталогунан ыктымалдуу коркунучтарды аныктай алышат. Бул үчүн антивирус программасы өзүнүн базасына кайрылат жана сиздин ПКдеги маалыматтарды аны менен салыштырат. Жана бул негизги көйгөй. Антивирустун маалымат базасында сиздин компьютерге кирип кетиши мүмкүн болгон зыяндуу программанын аналогу болушу керек. Эгер ал базада жок болсо, сканер ал коркунучту көрө албайт. Күнүгө базаны жаңылап туруу керек, компьютериңерге вирус жугузуп алуу ыктымалдуулугу төмөн болот.

Тилекке каршы, антивирустун жумушунун көп бөлүгү колдонуучунун Интернетте, сырткы маалымат ташыгычтар же белгисиз тиркемелер менен иштегенде «таза эмес», опурталдуу, ал тургай кээде сабатсыз аракеттеринин кесепеттерин жоюуга багытталат. 

Адистердин иликтөөлөрү аныктагандай, антивирус 1-2 күндө эскирет. Мунун айынан 15% вирустар антивирустук коргонуу турганына карабай оңой эле компьютерге кирип кетет. Анткени күнүгө хакерлер техникаларды булгоо максатында улам укмуштанган вирустарды ойлоп табышат.

Жыл сайын кмопьютердик вирустар дүйнөлүк экономикага $1,5 триллион финансылык чыгым алып келет. Бирок ошол эле учурда, вирустар экономиканын жаңы тармагын пайда кылды –антивирустук компаниялар коргоочу программалык камсыздандырууларды өндүрүү менен жылына 2 миллиард долларга чейин киреше табышат. Күнүгө антивирустук программалар 350 000дей вирусту аныктап турушат.

Булактары:
Интернеттеги копсуздук, бул жерде жеткиликтүү: http://security.mosmetod.ru/zashchita-ot-virusov/29-printsipy-raboty-antivirusa-chast-2

Safety Detectives, https://www.safetydetectives.com/

Kaspersky, https://www.kaspersky.com/

Geeks for Geeks, https://www.geeksforgeeks.org/interesting-facts-about-computer-viruses/

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.