Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматтык согуштар

24.06.2020 • 08:34

Маалыматтык согуштар

Пандемия убагында соцтармактарда ким баштады, вирустун тез таркашына ким күнөөлүү, кайсы өлкө көп же аз гуманитардык жардамдарды көрсөтүп жатат деген темада талкууларды өтө көп кезитиктирүүгө болот. Мунун баары ар кайсы өлкөлөрдүн ММКлары тарабынан жасалган маалыматтык агындылардын натыйжасы жана көп учурларда алар андай макалаларды жарыялоого мамлекеттик көрсөтмө алышат.

Маалыматтык согуш – бул бир нече тараптын ортосундагы маалыматтык технологияларды пайдалануу менен өз ара тирешүү, каршылашы туурасында маалыматтарды чогултуу, кибер-чабуул, манипуляция, пропаганда жана башка коммуникациялык каражаттарды пайдалануу менен каршылашынын терс образын жаратуу же өз идеясын таңуулоо моЗби йектерф (Ли, 2019).

Эволюция процессинде адам коому барган сайын маалыматтын баалуулугун, маанисин жана таасирдүүлүгүн тушүнүп жатат, бул бир гана айлана-чөйрөнү таануунун куралы эмес, ошондой эле айрым учурларда ал турган дүйнөдө бар болгон курал-жарактан да кудуреттүү баарын талкалоочу курал экенин аңдап билди.

Туура эмес маалымат берүүнүн эң мыкты үлгүсү «троя аты» болуп саналат, ал б.з.ч. XIII кылымдагы грек урууларынын ортосундагы Кичи Азияда таасир этүү чөйрөсүн бөлүштүрүүдөгү троя согушунда чон ролду ойногон. Троя атынын аркасы менен спарталыктар Трояны басып алып, аны тыптыйпыл кылышкан. («Троя аты» деген сөз чалгынчылар арасында макалга айланган, ал душманга туура эмес маалымат берүү менен жеңүү боюнча операция дегенди түшүндүрөт) (Сулейманова & Назарова, 2017).

Мисалы, орто кылымдарда белгилүү кол башчы Чыңгызхан туура эмес маалымат берүү амалын кеңири пайдаланган, ал өз аскерлеринин санын ашыра көрсөтүп жана монгол жоокерлеринин мыкаачылыгы туурасында алдын ала айың-кептерди тараткан. Андагы негизги объект түздөн-түз адамдын өзү болгон (Сулейманова & Назарова, 2017).

Буга окшош маалыматтык согуштун дагы бир мисалы Вьетнам согушу. Вьетнам согушу учурунда Түндүк Вьетнам өкмөтү американын бомбалоосунан келген чыгымдарды жашыруу аракеттерин көргөн. Вьетнам Демократиялык Республикасындагы СССрдин аскердик атташесинин алдындагы илимий-техникалык топтун адиси Виктор Теплов мындай деп белгилеген: «Вьетнамдыктар бомбалоо өз максаттарына жетпей жатат деп өз элин да, америкалыктарды да ынандыруу үчүн көп аракет көрүшкөн. Алардын расмий маалыматтарында кезектеги америкалык чабуулдан келген зыяндар өтө тыкаттык менен берилген: бир буйвол, үч чочко, жети тоок, адамдардан чыгым болгон жок. Мындай билдирүүлөрдөгү зыянга учурады делген жаныбарлардын саны да тыкыр  чектөө менен берилген» (Жирнов, 2000).

XX кылымда радио, кинематограф, массалык басылма сыяктуу техникалык жаңылыктарды кеңири колдонушкан. Улуу державалар адамдардын психикасына, аң-сезимине, көмүскө туюмуна таасир этүүнүн амалдарын ынтызардык менен изилдей башташкан (Сулейманова & Назарова, 2017).

Кандайдыр бир окуя туурасында жалган элес калтыруу үчүн атайын алгоритмдер пайдаланылып, социалдык тармактарда жасалма аккаунттар түзүлөт. Мисалы, FireEye  киберкоопсуздук боюнча Калифорния агенттиги Латын Америкасына, Жакынкы Чыгышка, Улуу Британияга жана Кошмо Штаттарга карата көп жылдык жалган маалымат берүү компаниясын аныктап чыккан. Социалдык тармактарда Ирандан 600дөн ашуун жасалма аккаунт тузүлүп, алар аркылуу глобалдык масштабда жалган маалымат таркатуу ишке ашып келген. 2018-жылы FireEye бул маалымат менен Facebook баракчасында бөлүшкөн, натыйжада 652 жасалма аккаунттар жана баракчалар «уюшулган жасалма жүрүм-туруму» үчүн өчүрүлгөн. Социалдык тармактар кеңири аудиторияга маалыматты тез жана арзан жеткиргендигинин аркасында абалды кыйындатат. Бул процесске автоматташкан системалар да көмөктөш болот, мисалы боттор, алар материалдарды колдонуучулардын демографиялык маалыматтарына жана жеке кызыкчылыктарын жараша жеткирип турушат.

Бүгүнкү күндө коомдук пикирди калыптандыруу үчүн ачык эле аракеттер көрүлөт, анын ичинде атайлап бурмаланган, адаштырган фактылар, аргументтер же башка маалыматтар коомдун ар кайсы катмарына ММК, жаңы медиа, социалдык тармактар аркылуу сиңирилет.

Мисалы, ушул тапта АКШ, Кытай жана Россия ортосунда ушундай согуш жүрүп жатат. АКШ менен Кытай кимдики туура, ким күнөөлү экенин аныктоого аракет көрүп жатканы түшүнүктүү – АКШ бийликтери эң жогорку бийлик деңгээлинде Кытайды инфекцияны токтотуп калууга кудурети жок, маалыматты жашырган, өз убагында чара көргөн эмес деп айыптап жатат. Өз кезегинде, батыш басылмалары Россия коронавирустан каза болгондор жөнүндөгү расмий статистиканы атайлап азайтып көрсөтүп жатат деп белгилешүүдө. Россия бийлиги бул маалымат жалган экенин айтып, аны төгүндөөнү талап кылып келет (Мекишева, 2020).

Борбор Азия ММКлары бул окуяларды чагылдырганы менен, кайсы бир тарапка жан тартуудан карманып турушат. Бирок, мындай макалаларга карата жазылган комментарийлерде ар кайсы фейкетерге, ушак-айыңдарга таянуу менен кадимки кармаш жүрүүдө.

Колдонулган булактар:


Жирнов, Е. (2000). Вьетнамские товарищи нас просто замучили. Коммерсантъ Власть, (9), 52.
NDI. (2018). Защита достоверности информации и корректной политической дискуссии. URL: https://www.ndi.org/sites/default/files/Russian%20Supporting%20Information%20Integrity.pdf
Ли, В. (2019, апрель 7). Словарь фактчекера. Извлечено 24 июль 2020 г., от Factcheck.kz website: https://factcheck.kz/glavnoe/slovar-faktchekera/
Мекишева, А. (2020, март 25). Пропаганда и COVID-19: США, Китай, Россия. Извлечено 24 июль 2020 г., от Factcheck.kz website: https://factcheck.kz/health/propaganda-i-covid-19-ssha-kitaj-rossiya/
Сулейманова Ш.С., Назарова Е.А., Информационные войны: история и современность: Учебное пособие. – М.: Международный издательский центр «Этносоциум», 2017. 124 с.

 

Материал Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда социалдык медиага байкоо жүргүзүүнүн негизинде Европа Биримдигинин колдоосу астындагы  BRYCA долбоорунун алкагында даярдалган жана кыргыз тилине которулган.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.