Кастык тили менен сөз эркиндигинин чегин так ажырата билүү дайыма эле оңой эмес. 2018-жылдагы ОБСЕ отчетуна ылайык, эл аралык мыйзамдар эркин пикирин билдирүү укугун коргойт. “Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу”; бул укук өз ичине ар кандай маалыматтарды, идеяларды мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз түрдө издөө, алуу, таркатуу, өз тандоосу боюнча оозеки, жазуу же басылма түрүндө, көркөм чагылдыруу формасында ээ болуу укугун камтыйт”. Башкача айтканда, биз башкалардын пикирине макул болбогонго укуктуубуз жана бул укук бардык демократиялык өлкө үчүн негизги укук болуп саналат.
Ошентип ортодогу чек кайда? Талдаганга аракет кылып көрөлү. Эгер адам коңшу өлкөнүн улуттук тамагын жек көрөөрүн айтса - бул кастык тили эмес. Бул жөн гана адамдын жеке пикири. Бирок, эгер адам ал улуттук тамакты жек көрөөрүн айтып жана ал улут туурасында кемсинте турган стереотиптерди колдонсо, зыян келтирүүнү сунуштаса – бул кастык тили. Айырмасын сезип жатасыңарбы? Кастык тилинин аныктамасы кандай?
Кастык тили — бул белгилүү бир адамдардын тобуна карата алардын гендердик, улуттук, расалык, диний, социалдык, сословиелик, маданий жана башка белгилери боюнча жек көрүүнү, кемсинтүүнү, басынтууну чагылдырган билдирүүлөр. Мунун негизги критерийи болуп, жек көрүүнү пайда кылган риториканын зордук-зомбулукка, мыйзамсыз иш аракеттерге алып келиши мүмкүндүгү туурасында негиздүү божомолдордун бардыгы саналат.
Эгер сот тарабынан башка адамдарга карата коркутуу-үркүтүү болгону же зордук-зомбулукка тукуруу орун алганы аныкталса, андай билдирүүлөр үчүн мыйзам тарабынан жоопкерчиликтер каралган. Бул үчүн сот психологиялык-филологиялык экспертиза белгилейт, бирок иш жүзүндө көбүнчө психологдор менен политологдордун бүтүмдөрү эске алынат (лингвисттердин эмес).
Ошентип, өз пикириңди эркин билдиргениң үчүн жоопкерчилик тартууга даяр болушуң керек жана абак мөөнөтүн алып калбоо үчүн мыйзамды бузбоо керек.
Макала Европа Биримдигинин колдоосу астында BRYCA долбоорунун алкагында даярдалды.
Булактары:
1. EdEra, Very Verified: Медисабаттуулук боюнча онлайн-курс. https://www.youtube.com/watch?v=g6tUptlLE2k&list=RDCMUCBJx3fpN2SY9W9zY3e2R1RA&start_radio=1&t=0
2. С. Сулайманова Д. Османова «ММКлардагы кастык тили: Гендердик алкак: пособие. Ташкент.: Bactria press. 2020/ - 126c. и https://factcheck.kz/socium/statya-174-uk-rk-mozhno-li-popast-pod-sud-za-kommentarij-v-socsetyax/.