Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Инфлюенсерлер деген кимдер. Жөнөкөй түшүндүрмө жана мисалдар

14.01.2025 • 06:43

Бүгүнкү күндө инфлюенсерлер жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Алар социалдык тармактардагы сунуштарда пайда болуп, тренддер жөнүндө айтып беришип, пайдалуу маалымат менен бөлүшүп, миллиондогон адамдарды шыктандырышат. Бирок инфлюенсерлер деген  кимдер, алар эмне менен алектенишет жана дүйнөгө кандай таасир этишет? Келгиле, муну  карап чыгалы.

Инфлюенсерлер деген кимдер

Инфлюенсерлер - бул социалдык тармактар, блогдор, видео платформалар жана башка маалымат каражаттары аркылуу аудиторияга олуттуу таасир тийгизген адамдар. Алар, мейли товарларды тандоо, мейли жашооо образы же саясий көз караштар болобу – бул жааттарда коомдук пикирди калыптандырууга, тренддерди жаратууга жана өз катталуучуларынын  чечим кабыл алуусуна  таасир эте алышат. Бул термин англис тилинен influence  (“таасир”) деген сөздөн келип чыккан жана алардын адамдарга таасир этүү жөндөмүн баса белгилейт.

Ар кандай категориялардагы эң белгилүү инфлюенсерлерге мисалдар:

  • YouTube блогерлери: мисалы, MrBeast, ал өзүнүн масштабдуу челлендждери, кайрымдуулук долбоорлору жана адамдарга жана жаратылышка жардам берүү үчүн миллиондогон долларларды бөлүп бергени менен белгилүү.
  • TikTok′то контент жаратуучулар: мисалы, бий жана креативдүү контенти менен атактуу болгон биринчи  TikTok  жылдызы Чарли Дамелио же ашыкча татаалдаштырылган чечимдерди шылдыңдаган  кыска, үнсүз видеолору менен миллиондогон көрүүчүлөрдү таң калтырган Хаби Ламе.
  • Оюн ойноочу стримерлер: Fortnite стримдери жана ири бренддер менен кызматташуусу менен белгилүү болгон Ninja (Тайлер Блевинс) жана Twitch′де стримдери жана  тамашалары, күйөрмандары менен болгон мамилеси менен таанымал Pokimane (Imaine Anis).
  • Эко-активисттер: мисалы, Грета Тунберг социалдык тармактарды  климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымат таратуу жана жаштарды иш-аракет кылууга шыктандыруу үчүн колдонот.

Бул инфлюенсерлер ар кандай чөйрөнүн өкүлдөрү  жана аудиторияга таасир этүү үчүн социалдык медианы эффективдүү колдонуунун мисалдары болуп саналат.

Инфлюенсерлер эмне менен алектенишет?

Инфлюенсерлер - бул социалдык тармактардагы популярдуулугу жана таасири аркылуу өз аудиториясынын пикирлерине жана жүрүм-турумуна таасир эте алган адамдар. Алар маркетинг, көңүл ачуу жана коомдук пикирди калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Алардын ишинин негизги багыттарын карап көрөлү:

  1. Контент түзүү

Контент – инфлюенсердин  ишинин негизи болуп саналат. Негизги милдет - сапаттуу жана жагымдуу материалдарды түзүү: сүрөттөр, видеолор, тексттик посттор, подкасттар же түз эфирлер. Контент көбүнчө белгилүү бир нерселерге  багытталган: мода, сулуулук, спорт, ден соолук, тамак бышыруу, саякат ж.б. Креативдүү мамиле  жана уникалдуу чагылдырыш  алардын контентин популярдуу кылат.
 

  1. Жарнама жана илгерилетүү

Инфлюенсерлер өнүмдөрдү жана кызматтарды илгерилетүүгө жардам берүү үчүн бренддер менен жигердүү кызматташат. Жарнама ачык (өнүм тууралуу айтып берүү) же табигый (жеке контекстте өнүм жөнүндө сөз кылуу) болушу мүмкүн. Компаниялар инфлюенсерлердин максаттуу аудиториянын көңүлүн буруп, ишеним арттыруу жөндөмдүүлүгү бар болгондуктан алардын  кызматын көп колдонушат.

  1. Тренддерди жаратуу

Инслюенсерлер модада, музыкада, жашоо образында жаңы тренддерди жаратып, ал тургай маданий адаттарды өзгөртө алышат. Алардын сунуштары миллиондогон адамдардын арасында популярдуу болуп, вирустук челлендждер бүткүл дүйнөгө тез эле тарайт.

  1. Билим берүү жана агартуу

Кээ бир инфлюенсерлер  билим берүү контенттерин түзүшөт, мисалы, акчаны башкаруу боюнча кеңештерди берүүчү  каржы серепчилер  же пайдалуу окуу материалдарын түзгөн тил мугалимдери.

  1. Эргүү жана мотивация

Көптөгөн инфлюенсерлер көрүүчүлөргө дем берүү үчүн жашоо образы, жетишкендиктери жана ойлору менен бөлүшүшөт. Бул, өзгөчө, фитнес, жеке өнүгүү, саякат жана өзүн-өзү өстүрүү сыяктуу темаларын алып барган блогерлерге тиешелүү.

  1. Кайрымдуулук жана социалдык долбоорлор

Көптөгөн инфлюенсерлер өздөрүнүн популярдуулугун кайрымдуулук акцияларын баштоо, экологиялык жана социалдык демилгелерди колдоо, теңдик, инклюзия жана адам укуктары сыяктуу актуалдуу маселелерди баса белгилөө сыяктуу маанилүү маселелерге көңүл буруу үчүн колдонушат.

Инфлюенсерлер дүйнөгө кандайча таасир этишет

Заманбап дүйнөдө социалдык тармактар ​​күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды, ал эми инфлюенсерлер коомдук пикирди калыптандыруучу негизги фигура болуп саналат. Алардын таасири  мода менен сулуулуктан тартып, саясат жана экологияга чейин ар кандай чөйрөлөрдө тараган .

Инфлюенсерлер тренддердин кыймылдаткычы

Инфлюенсерлер тренддерди жаратып, жайылта алат. Мисалы, туруктуу керектөө модасы экологиялык таза жашоо образын жигердүү үгүттөгөн инфлюенсерлердин артынан калыптанган. Швециялык инфлюенсер Изабел Болтенстерн ысырапкорчулук жана аң-сезимдүү керектөө боюнча кеңештер менен бөлүшүп келет.

Керектөөчүлөрдүн тандоосуна таасири

Көптөгөн бренддер өнүмдөрүн илгерилетүү үчүн инфлюенсерлерлин кызматынан  колдонушат. Инфлюенсерлердин  сунуштары достор берген кеңештей  сезилип, аларды салттуу жарнамага караганда натыйжалуураак кылат. Мисалы, блогер Эллен Фишер миңдеген адамдарды экологиялык жактан таза жана органикалык азыктарды сатып алууга шыктандырат.

Социалдык жоопкерчилик жана билим берүү

Инфлюенсерлер көбүнчө теңдик, психикалык ден соолук, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маанилүү социалдык маселелерди көтөрүшөт. #MeToo же #BlackLivesMatter сыяктуу кампаниялар социалдык тармактардагы инфлюенсерлердин  колдоосунун аркасында белгилүү болду.

Тобокелдиктер жана манипуляциялар

Бирок, мунун тескери жагы  да бар. Реалдуу эмес сулуулук стандарттарын же ден соолукка зыяндуу өнүмдөрдү  жайылтуу катталуучулардын  ден соолугуна жана өзүн-өзү сыйлоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Инфлюенсерлер ошондой эле эмдөөлөр жөнүндө илимге каршы теориялар сыяктуу туура эмес маалыматтарды таратышы мүмкүн.

Инфлюенсингдин келечеги

Колдонуучулар медиа сабаттуулук жөнүндө көбүрөөк билген сайын, аудитория дагы такшалып баратат. Бул инфлюенсерлерди чынчыл жана ачык болууга мажбурлайт. Келечекте микроинфлюенсерлердин ролу күчөйт деп күтсөк болот - тар чөйрөдөгү серепчилер өздөрүнүн кесипкөйлүгү менен ишеним арттыра алышат.

Инфлюенсерлер– бул дүйнөнү өзгөртө турган, бирок ошондой эле тобокелдиктерди алып келе турган таасирдин күчтүү куралы. Күчтүү образдардын артында коммерциялык жана жеке кызыкчылыктар бар экенин түшүнүп, алардын контентине сын көз караш  менен мамиле кылуу маанилүү.

 

Кантип инфлюенсер болуу керек

Бүгүнкү санариптик дүйнөдө инфлюенсерлер коомдук пикирди калыптандырууда, бренддерди илгерилетүүдө жана тренддерди жаратууда маанилүү роль ойношот. Көптөр бул тармактын бир бөлүгү болууну кыялданышат, бирок эмнеден баштоону билишпейт. Бул колдонмодо биз сизге кантип ийгиликтүү инфлюенсер болууну көрсөтөбүз.

1-кадам:  Ордуңузду аныктаңыз

Инфлюенсер жолуна түшүүдөн мурун, сизге жакын жана кызыктуу болгон теманы же орунду тандап алуу маанилүү. Бул мода, спорт, ден соолук, тамак бышыруу, саякат, технология же башка тармак болушу мүмкүн. Ийгилик өз тармагында адис болуп, аны  аудиторияңыз менен чын жүрөктөн бөлүшкөндө келет.

2-кадам: Уникалдуу стиль жаратыңыз

Башка инфлюенсерлердин арасынан өзгөчөлөнүү үчүн, өзүңүздүн стилиңизди иштеп чыгышыңыз керек. Сизди башкалардан айырмалап турган уникалдуу өзгөчөлүктү табыңыз. Бул контенттин визуалдык дизайнына да, аудитория менен болгон байланышыңызга да тиешелүү. Кантип башкача боло аларыңызды жана көңүлдү кантип тартууну ойлонуңуз.

3-кадам: Туура платформаларды колдонуңуз

Туура платформаны тандоо - ийгиликтин ачкычы. Ар бир социалдык тармактын өзүнүн аудиториясы жана форматы бар. Instagram визуалдык контент үчүн, TikTok кыска жана тренд  видеолор үчүн, YouTube терең темалар жана узун форматтар үчүн ылайыктуу.

Кеңеш: Бир же эки платформадан баштаңыз жана аудиторияңыздын каалоолорун изилдөө менен  акырындык менен аны  кеңейте баштаңыз.

4-кадам: Сапаттуу контент түзүңүз

Контент инфлюенсердин  ийгилигинин негизи болуп саналат. Сиздин аудиторияңызды кызыктыра турган контентти үзгүлтүксүз жарыялоо маанилүү. Сапаттуу жабдууларды колдонуңуз, форматтар менен эксперимент жасаңыз жана аны ар дайым жакшыртууга умтулуңуз.

5-кадам: Аудитория менен өз ара аракеттениңиз

Ийгиликтүү инфлюенсер өз аудиториясы менен жигердүү баарлашат. Комментарийлерге жооп бериңиз, суроо бериңиз, сурамжылоо жүргүзүңүз жана чынчыл жоопторду бериңиз. Бул күчтүү коомчулукту түзүүгө жана ишенимди бекемдөөгө жардам берет.

6-кадам: Өзүңүздүн таасириңизди акчага айландырууну үйрөнүңүз

Аудиторияңыз өскөн сайын, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Бул жарнамалык келишимдер, өзүңүздүн өнүмүңүздү түзүү, өнөктөштүк маркетинг же эксклюзивдүү контент болушу мүмкүн. Бирок, сиздин баалуулуктарыңызга жана аудиторияңыздын кызыкчылыктарына дал келген сунуштарды гана тандоо маанилүү.

7-кадам: Натыйжаларыңызды талдаңыз

Аккаунтуңуздун көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз көзөмөлдөңүз: аудиториянын өсүшү, катышуу, контенттин популярдуулугу. Аудиторияңыздын каалоолорун түшүнүү жана  алынган маалыматтардын негизинде стартегияңызды иштеп чыгуу үчүн аналитиканы колдонуңуз.

8-кадам: Ырааттуу болуңуз

Инфлюенсер болуу убакытты жана эмгекти талап кылат. Үзгүлтүксүздүк жана туруктуулук аудиторияңыздын кызыгуусун сактап, максаттарыңызга жетүүгө жардам берет. Ийгиликтин жолу спринт эмес, марафон экенин унутпаңыз.

Инфлюенсер болуу – талантты, чыдамкайлыкты жана стратегиялык мамилени талап кылган чакырык. Бул кадамдарды аткаруу менен сиз ийгиликтүү карьера куруп, адамдарга өз идеяларыңыз жана үлгүңүз менен дем берип, аларга таасир эте аласыз. Өзүңүздүн чынчылдыгыңызды  жана ак ниеттүүлүгүңүздү сактап калуу маанилүү, анткени аудитория ушуну баалайт.

Инфлюенсердин  жоопкерчилиги

Инфлюенсерлер эбегейсиз зор таасирге ээ, ошондуктан алар өздөрүнүн контенти үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек. Анткени, алар жарыялаган нерселер көп сандагы адамдарга таасир этиши мүмкүн. Инфлюенсерлердин  жоопкерчилигине чынчылдык жана ак ниеттүүлүк  гана эмес, ошондой эле этикалык нормаларга да көңүл буруу кирет. Мисалы, жалган маалыматты таратуудан баш тартуу гана эмес, аудиторияңыздын ой-пикирин жана сезимдерин урматтоо да маанилүү. Сиздин сөздөрүңүз жана иш-аракеттериңиз башкача чечмелениши мүмкүн, андыктан аларды жарыялоодон мурун, айрыкча ден-соолук, коопсуздук же социалдык маселелер жөнүндө кеп болуп жатканда, ар дайым фактыларды текшериңиз.

Инфлюенсерлер пикирлерди калыптандырууда, тренддерди жаратууда жана ар кандай өнүмдөрдү жана идеяларды жайылтууда негизги ролду ойноп, заманбап коомдун маанилүү бөлүгү болуп калды. Алардын таасири мода жана сулуулуктан баштап социалдык жана экологиялык маселелерге чейин жашоонун көптөгөн тармактарын камтыйт. Көңүл ачуу  же билим берүүчү контент аркылуу болобу, инфлюенсерлер өз  аудиториясын  шыктандыруу, мотивациялоо жана жашоосун өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бирок, мындай бийлик менен кошо чоң жоопкерчилик да келет. Ар бир сөз жана иш-аракет көптөгөн адамдарга таасир этиши мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Инфлюенсердин милдети - өз катталуучуларына оң таасирин тийгизе турган чынчыл, этикалык жана пайдалуу контентти түзүү.

Инфлюенсерлердин контенти  көңүл ачуу  менен гана чектелбестен, ошондой эле билим берүү, негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берүү максатын көздөп,  аудиториянын ишенимин сактап калууга аракет кылышы керек. Алар  башкалардын пикирин урматтоо менен бирге ак ниетүү иш алып барып, алардын иши бүтүндөй коомго таасир эте тургандыгын эске алуу манилүү.

Келечекте инфлюенсерлердин  ролу жогорулайт. Бул таасир позитивдүү өзгөрүүлөрдү илгерилетүүгө колдонулабы же шектүү жана зыяндуу тренддерди жайылтууга  колдонулабы – бул алардын ишине болгон мамилесине көз каранды болот.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.