Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

QLEVER: Жыл жыйынтыгы

30.12.2024 • 11:08

QLEVER+ долбоору үчүн 2024-жыл жетишкендиктерге жана кызыктуу окуяларга бай жыл болду! Биз өнүгүп, силерди, биздин колдонуучуларды  кызыктуу жана пайдалуу оюндар жана иш-чаралар менен  кубанта алганыбызга сыймыктанабыз.   Бул жыл өсүү, шыктануу жана Борбордук Азиядагы бардык колдонуучуларыбыз жана катышуучуларыбыз тарабынан укмуштуудай колдоо көрсөтүү жылы болду.

 

? Платформада катталган колдонуучулардын саны 170 миңден ашты!

 

Силердин  кызыгууңардын арты менен  биздин QLEVER.Asia платформабыз быйыл 170 миңден ашык колдонуучуну өзүнө тартты – Казакстанда 55 630, Кыргызстанда 50 658, Өзбекстанда 39 550, Тажикстанда 24 574. Бул таасирдүү маалыматтар жана биз бул каттоолордун ар бири жөн гана сандар эмес, критикалык ой жүгүртүүнү жана маалыматты текшерүү көндүмдөрүн өркүндөтүү үчүн бизге жана оюндардын күчүнө ишенген адамдар экендигине кубанычтабыз.


 

? Силерди  күтүп жаткан байгелер!

 

2024-жыл QLEVER платформасынын активдүү катышуучулары үчүн чыныгы майрамдын жылы болду. Биздин долбоордун алкагында көптөгөн байгелер ойнотулганын кубануу менен билдиребиз, анын ичинде:

  • Баланс - жылдыздарды ⭐️ топтоп, аларды оюн ичиндеги уникалдуу  сыйлыктарга  алмаштыруу мүмкүнчүлүгү  болгон. Жалпысынан биз 4000ден ашык   баланс толуктадык!
  • Байгелер – биздин долбоор ырахаттын жана пайданын гана эмес, чыныгы белектердин да булагы болуп калды: гаджеттер, свитшоттор жана худилер, китептер жана тиричилик буюмдары. Бул жылы биз 1800дөй байге жөнөттүк!

 

? Жаңы оюндар - эски нерселерге жаңыча көз караш!

 

Биз силерди кызыктуу оюндар менен кубанта алдык:

  • ? Photofakes – бул жасалма  жана  манипуляцияга дуушар болгон сүрөттөрдү  аныктоого үйрөтүүчү оюн.
  • ? Crime Story - аналитикалык ой жүгүртүүнү өрчүтүүчү кылмыш иликтөө боюнча кызыктуу оюн.
  • ? Moderatorka – бул онлайн мейкиндигин модерациялоого жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумдун маанилүүлүгүнө арналган оюн.
  • ? Brainy – бул логикалык аркада оюну, анда ар бир кадам мындан дагы акылдуураак болууга мүмкүнчүлүк берет!
  • ☕️ Time-Lapse Town – бул ар бир тандоо маанилүү болгон шаарды өнүктүрүү үчүн шаар куруу  пазлы.

 

Активдүү катышканыңар жана кызыгууңар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

 

⛺️ MediaCamp - жаш медиаактивисттер бирикмеси!

 

Быйыл Кыргызстанда Ысык-Көлдө жана Тажикстандын Гулистон шаарында 83 катышуучунун башын бириктирген эки чоң медиа лагерь өткөрдүк! Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандан келген катышуучулар бир катар макалалар, интервьюлар, тренингдер, семинарлар, дебаттар жана башка көптөгөн нерселерди камтыган 31 медиа-долбоорлорду ишке ашырышты.  Булардын бары биздин ишибиздин натыйжасы! Андан тышкары, биздей болуп билим берүүчү онлайн оюндарды иштеп чыгууну каалагандар үчүн пайдалуу колдонмо да чыгардык?

 

⚡️ Гранттар жана медиа сабаттуулукту илгерилетүү!

 

2024-жылдын май айында Алматада жыл сайын өтүүчү InternetCA форумунда биз Борбордук Азиядагы дезинформация менен күрөшүүгө көмөк көрсөтө турган долбоорлорго каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн жарыялаганбыз жана азыркы тапта  мыкты үч  уюм бул идеяны радиосериал, билим берүүчү подкасттар, видеокасттар жана медициналык фактчекинг  форматында ишке ашырууда.


 

? QLEVERге болгон кызыгууңар жана колдооңор  үчүн  чоң рахмат!

 

Жыл бою биз силердин ийгиликтериңер, пикириңер жана активдүүлүгүңөр менен шыктандык. Долбоорду бүгүнкү абалга жеткирген силер, урматтуу катышуучулар жана платформанын колдонуучулары. Силердин колдооңор биздин башкы баалуулук, биз менен бирге болгонуңар  үчүн ар бириңерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Келерки жыл силердин өнүгүүңөр үчүн мындан да кызыктуу оюндарды, байгелерди жана  мүмкүнчүлүктөрдү алып келет деп ишенебиз.

 

Биз менен болгонуңар  үчүн рахмат! 

 

Жаңы жылдагы  жаңы жетишкендиктер үчүн! ?

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.