Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Жасалма интеллект деген эмне - жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрөбүз

30.12.2024 • 11:05

Акыркы жылдары жасалма интеллект (ЖИ) күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. ЖИ акылдуу тиркемелердеги сунуштардан баштап автоматтык котормочуларга чейин жашообуздун бардык чөйрөсүн курчады. Бирок ал эмне? Ал кантип иштейт? Ал эмне үчүн мынчалык маанилүү? Келиңиз, карап чыгалы.

Жасалма интеллект (ЖИ) деген эмне?

Жасалма интеллект - бул компьютерлердин  адамдын интеллекти талап кылынган иштерди аткаруу жөндөмдүүлүгү. Бул сөз таануу, чечим кабыл алуу, ал тургай, чыгармачылык да болушу мүмкүн. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ЖИ - бул  ойлонгонду, чечим кабыл алганды  үйрөнүп алган компьютердик  мээ.

Жасалма интеллекттин түрлөрү

  1. Тар ЖИ (Narrow AI): шахмат ойноо же жүздөрдү таануу сыяктуу конкреттүү тапшырмаларды аткарат.
  2. Жалпы ЖИ (General AI):  адам сыяктуу кандайдыр бир маселени чече ала турган гипотетикалык деңгээл.
  3. Абдан акылдуу ЖИ (Super AI): бардык тармак боюнча  адамдардан жогору турган ЖИ (азырынча концепция катары эле).

Мисал. ЖИни  сизди карап үйрөнгөн окуучу катары элестетиңиз. Мисалы, сиз навигация тиркемесин колдонгондо, ЖИ маршруттарды эстеп, тыгындарды талдап, эң жакшы жолду сунуштай алат.

ЖИ кантип иштейт?

ЖИ маалыматтар менен иштейт. Ал мыйзам ченемдүүлүктү табуу жана чечим кабыл алуу үчүн чоң көлөмдөгү маалыматты талдайт. Бул максатта тажрыйбанын негизинде  улам  өркүндөтүлүп турган программалар -  машиналдык  окутуу алгоритмдери колдонулат.

ЖИ операциясынын негизги ыкмалары

  • Машиналдык окутуу (Machine Learning). ЖИ  чоң маалыматтардын негизинде  үйрөнөт.
  • Терең окутуу (Deep Learning). Татаал маалыматтарды талдоо үчүн нейрондук тармактарды колдонуу.
  • Табигый тилди иштеп чыгуу (NLP). ЖИге текстти жана кепти түшүнүүгө жардам берет.
  • Робототехника. (Robotics).  Физикалык тапшырмаларды аткаруу үчүн роботтор сыяктуу түзмөктөргө ЖИни интеграциялоо.

ЖИнин иштөөсү боюнча  мисладар

  • Үн жардамчылары. Siri, Alexa жана Google Assistant – командаларды түшүнгөн, контекстти талдоочу жана аракеттерди жасаган ЖИ үлгүлөрү.
  • Киберкоопсуздук.  ЖИ тармактардагы аномалияларды аныктоо жана кибер чабуулдардын алдын алуу үчүн колдонулат.

Оюндардан мисал: Сиз стратегия же шутер оюндарын  ойноп жатканда, ЖИ  сиздин аракеттериңизди эстеп калат. Мисалы, сиз ар дайым оң тараптан чабуул жасоону тандасаңыз, ЖИ муну алдын ала айтып, коргонууну ошол тарапка жайгаштыра алат. Жарыш оюндарында  ЖИ күчтүүрөөк атаандаш болуу үчүн айдаганды үйрөнө алат.

ЖИ күнүмдүк жашоодо кандайча колдонулат?

ЖИ эбак эле,  айрыкча өспүрүмдөр жана жаштар үчүн күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп калды. Буга төмөндө бир нече мисалдар келтирилген:

Сунуштар

ЖИ алгоритмдери сизге жаккан контентти  сунуштоо үчүн сиздин каалоолоруңузду талдап чыгат. Мисалы, спорт жөнүндө видеолорду көрсөңүз, тиркеме окшош видеолорду сунуштай алат.

Видео оюндар

Сиздин тактикаңызды үйрөнгөн душмандар же акылдуу союздаштар - бул ЖИнин  жумушу. Мисалы, стратегиялык оюндарда ЖИ сиздин кыймылдарыңызга ыңгайлашат, ал эми футбол симуляторлорунда команданын реалдуу тактикасын түзө алат.

Фильтрлери бар тиркемелер

Instagram же Snapchat сыяктуу программалар жүздөрдү таануу жана фильтрлерди кошуу үчүн ЖИни колдонушат.

Медицина

ЖИ медициналык  сүрөттөрдү же бейтаптын маалыматтарын анализдөө аркылуу ооруларды аныктоого жардам берет. Мисалы, онкологиялык  илдетти сүрөттөрдү анализдөө аркылуу алгачкы этапта аныктоо мүмкүн.

Транспорт

Tesla жана башка унаалардагы автопилоттор жолдорду талдоо, кырдаалдарды алдын ала айтуу жана чечим кабыл алуу үчүн ЖИни колдонушат.

Каржы

ЖИ алдамчылыктын алдын алууга, кардарлардын кредиттик жөндөмдүүлүгүн анализдөөгө жана ал тургай инвестицияларды башкарууга жардам берет.

Билим берүү

ЖИ программалары окуу материалдарын окуучунун керектөөлөрүнө ылайыкташтырат. Мисалы, онлайн-окутуу платформалары индивидуалдуу курстарды жана көнүгүүлөрдү сунуштай алышат.

Искусство жана чыгармачылык

ЖИ музыка жаратат, ырдын сөзүн жазат жана ал тургай картиналарды  жарата алат.  Мисалы, DALL-E же ChatGPT сыяктуу программалар уникалдуу чыгармаларды жаратышы мүмкүн.

Тобокелдиктер жана этикалык аспектилер

ЖИ эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылганы менен, тобокелдиктер менен дагы коштолот.

Негизги тобокелдиктер

  • Жумуш орундарынын жоголушу. Автоматташтыруу кол эмгегин алмаштыра алат. Бирок жогорку квалификацияны жана чыгармачылыкты талап кылган кээ бир кесиптерди автоматташтыруу кыйын. Мисалы, медицина, инженерия же дизайн тармагындагы адистерди алмаштыруу терең билимге жана инновациялык ой жүгүртүүгө муктаж болгондуктан, аларды алмаштыруу кыйыныраак.
  • Маалыматтын купуялуулугу.  ЖИ  жеке маалыматтарды талдагандыктан,  кооптуу болушу мүмкүн.
  • Этикалык маселелер. Мисалы, автопилот өзгөчө кырдаалда эмне кыла алат?
  • Аралаш натыйжалар. Мисалы, алгоритмдер окутуу маалыматтарынын сапаты боюнча бир жактуу болушу мүмкүн.
  • Адистердин жетишсиздиги. ЖИни түзүү жана колдоо жогорку квалификацияны талап кылат. Бул тармакта адистердин жетишсиздиги технологиянын өнүгүшүн жайлатышы мүмкүн, ал эми алгоритмдердеги каталар олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Көйгөйлөрдү чечүү

Тобокелдиктерди азайтуу үчүн мыйзамдык жөнгө салууну иштеп чыгуу, технологиялардын ачыктыгын жогорулатуу жана колдонуучуларды окутуу зарыл.

Белгилүү бир чөйрөдө терең билим сизди алмаштыргыс адис  кылаарын түшүнүү да маанилүү. Мисалы, эгер сиз медицинада, программалоодо, дизайнда же башка тармакта серепчи болуп калсаңыз, ЖИ сиздин тажрыйбаңызды жана адаттан тыш ойлонуу жөндөмүңүздү алмаштыра албайт. Өспүрүмдөр үчүн бул тынымсыз үйрөнүү,  көндүмдөрдү өнүктүрүү жана  мыктылардан  болуш үчүн өзүнүн уникалдуу  ордун табуу дегенди билдирет. Ошондой эле ЖИ менен иштөөгө жөндөмдүү адистерди окутууга жана даярдоого инвестициялоо маанилүү.

Эмне үчүн ЖИ маанилүү жана анын  өнүгүү перспективасы

Бүгүн жасалма интеллект жашообузду жөнөкөйлөтүп жатат. Бирок, анын дарамети алда канча кенен.

Акылдуу технологиялар

ЖИ  роботтордон баштап акылдуу үйлөргө чейин инновациялык түзмөктөрдү жаратууга жардам берет. Мисалы, робот-чаң соргучтар бөлмөнү өздөрү анализдеп, тазалоонун маршрутун пландаштыра алышат.

Жаңы кесиптер

ЖИ иштеп чыгуучулар, ЖИ оюн дизайнерлери, чоң маалымат боюнча адистер – бул  башталышы гана. Бүгүнкү күндө компаниялар ЖИни үйрөтө ала турган серепчилерди  издеп жатышат.

Билим жана илим

ЖИ изилдөөнү тездетет, билим алууга  жардам берет, ал тургай билим берүү тажрыйбасын персоналдаштыра  алат. Мисалы, Duolingo сыяктуу тил үйрөнүү тиркемелери сабактарды сиздин деңгээлиңизге ылайыкташтыруу үчүн ЖИни  колдонот.

Экология

ЖИ айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү, климаттын өзгөрүүсүн талдоо жана туруктуу өнүгүү үчүн чечимдерди иштеп чыгуу үчүн колдонулат.

Келечек

Келечекте окууда, үйдө же жумушта жардам бере турган робот жасай аларыңызды  элестетип көрүңүз. Мисалы, бул сиздин каалоолоруңузду эстеп, графикти пландаштыруу сыяктуу күнүмдүк тапшырмаларды оптималдаштырган акылдуу жардамчы болушу мүмкүн.

Жасалма интеллект дүйнөнү өзгөртүп жаткан курал. Анын кантип иштээрин түшүнүү көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Балким, сиз  келечекте жаңы акылдуу жардамчыны же уникалдуу ЖИ менен оюнду жараткан адам болосуз. Технология менен бирге кызыгыңыз, үйрөнүңүз жана алдыга умтулуңуз!

Qlever платформасында сиз технология, ЖИ жана башка кызыктуу темалар жөнүндө көбүрөөк маалымат таба аласыз. Изилдеңиз, жаңы нерселерди үйрөнүңүз жана келечекти өзгөрткөн коомчулуктун бир бөлүгү болуңуз.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.