Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Сталкинг деген эмне жана аңдуудан кантип сактануу керек

10.12.2024 • 13:07

Сен аңдуу жөнүндө уккандырсың, бирок бул канчалык олуттуу көйгөй экенин ойлодуң беле? Сталкинг – бул аңдуу, ал  чыныгы жашоодо жана интернетте  болушу мүмкүн. Кээде бул зыянсыз нерседей сезилет, бирок чындыгында бул көрүнүш адамдын жашоосуна абдан таасир этиши мүмкүн.

Бул макалада биз сталкинг деген эмне экенин, аны кантип таанууга жана андан кантип коргонуу керектигин карап чыгабыз. Бул билим өзүңдү жана башкаларды коргоого жардам берет.

 

Турмуштан алынган мисал

Элестет: сен социалдык тармактарда  жаңы дос коштуң , ал сага жагымдуу жана шайыр көрүндү. Бул сценарий балдарга да, кыздарга да тиешелүү болушу мүмкүн. Бирок бир нече күндөн кийин ал адамдан: “Эмне үчүн жооп бербейсиң?”, “Кечээ кайда элең?”, “Ким менен жүрдүң?” деген сыяктуу тынымсыз билдүүрлөр келе баштайт. Бул адам сенин ар бир сүрөтүңө лайк басып, бардык постторуңдун астына комментарий жазып баштайт, жада калса досторуңдан сенин кайда экениңди билүүгө аракет кылат.

Башында бул жөн эле кызыктай  жүрүм-турум катары көрүнүшү мүмкүн, бирок кийин коркунучтуу боло баштайт. Ал адам сенин  жашаган жериңди билем деп, атүгүл үйүңө да барам деп коркута баштайт.  Сенин жеке чек араңды бузуп, сени  ыңгайсыз сездирүү  аракети – сталкингдин классикалык мисалы болуп эсептелет.

Сталкинг деген эмне?

Сталкинг – адамды системалуу түрдө аңдуу. Ал чалуулар, байкоолор, коркутуулар же интернетте  сага өзгөчө көңүл буруу  сыяктуу ар кандай жолдор аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Бул жөн эле кызыктай же жагымсыз жүрүм-турум эмес. Сталкинг – физикалык коркунучка айланып кетиши мүмкүн болгон реалдуу коркунуч.

Сталкингдин түрлөрү

Оффлайн сталкинг

Чыныгы жашоодо аңдуу. Мисал: мектептен үйгө баратканда кимдир бирөө сенин артыңдан ээрчийт, үйүңө чейин келет же сен  барган жерлерде пайда болуп калат.

Киберсталкинг

Бул интернетте аңдуу. Адам  сага ондогон билдирүүлөрдү жөнөтүшү мүмкүн, аккаунттарыңды бузуп кирүүгө аракеттенип, коркутуу же шантаж кылуу үчүн жеке маалыматтарды колдонушу мүмкүн.

Сталкинг эмнеси менен коркунучтуу?

Сталкинг – бул сенин жеке чектериңди бузуу гана  эмес. Ал катуу стресске, тынчсызданууга жана ал тургай, психикалык ден соолук көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн. Көзөмөлдөн улам пайда болгон туруктуу стресс окууга, достор менен баарлашууга жана жашоодон ырахат алууга тоскоол болот.

Кээ бир учурларда, аңдыгандар агрессивдүү болуп калышат. Бул физикалык зордук-зомбулукка жана кээде сталкер үчүн олуттуу юридикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Сталкингди кантип тааныса болот?

Сени бирөө аңдып жатканын өз  убагында түшүнүү маанилүү. Төмөндө анын  бир нече  белгилери көрсөтүлгөн:

  • Тажатма  байланыш: сен токтотууну сурансаң да, чалуулар, билдирүүлөр же каттар токтобойт.
  • Тыңдоо: кимдир бирөөнүн  дайыма  сен барган жерлерге эч кандай себепсиз эле барып калуусу.
  • Маалымат алуу аракети: сталкер сен жөнүндө сенин  досторуңдан сурай берет  же интернеттен сен жөнүндө маалымат издейт.
  • Коркутуулар жана манипуляциялар: "Эгер мага жооп бербесең, сырыңды баарына айтам" же "Мен сенин кайда жашаганыңды билем".

Мисал

Интернеттен бирөө менен таанышып калдың дейли. Адегенде баарлашуу достук маанайда болуп жаткандай  сезилет, бирок кийин бул адам ашыкча суроо бере баштайт: "Сен кайда окуйсуң?", "Досторуң кимдер?", "Ким менен сүйлөшөсүң?" Анын билдирүүлөрүнө көңүл бурбай коюуга аракет кылсаң, ал сени коркутуп  же шантаж кыла баштайат. Бул киберсталкингдин типтүү мисалы.

Сталкинге  кантип каршы туруу керек?

Эгер сени аңдып жатканын түшүнсөң, дароо чара көрүү маанилүү. Көйгөйдү көз жаздымда калтырбаш керек, анткени ал олуттуу көйгөйгө айланып  кетиши мүмкүн.

Интернетте  коргонуу

  • Социалдык тармактарыңа кирүү мүмкүнчүлүгүн жаап сал. Постторуң досторуңа гана жеткиликтүү болушу үчүн профилиңди жабык кыл.
  • Аңдып жаткан адамды блокто. Instagram же TikTok сыяктуу көпчүлүк платформалар керексиз колдонуучуларды блоктоого мүмкүндүк берет.
  • Бузуу жөнүндө кабарла. Социалдык тармактарда агрессивдүү же ашыкча көңүл буруу жүрүм-туруму тууралуу билдирүү функциялары бар.

Чыныгы жашоодогу аракеттер

  • Провокацияларга жооп бербе. Эгер кимдир бирөө сага SMS жазса же сүйлөшүүгө аракет кылса, жооп бербе.
  • Жардам сура. Көйгөй жөнүндө ата-энеңе, мугалимдерге же башка улуу адамдарга айт.
  • Милицияга кабарла. Эгер  сталкер сени чыныгы жашоодо коркутуп же аңдып жатса, укук коргоо органдарына кайрыл.

 

Өзүңдү  алдын ала коргоо  чаралары

Аңдуу ыктымалдыгын азайтуу үчүн, алдын ала бир нече чараларды көрүүгө болот:

  • Жеке маалыматың менен интернетте бөлүшпө. Дарегиңди, телефон номериңди же үй-бүлөң тууралуу  маалыматты жазба.
  • Татаал сырсөздөрдү колдон. Бул сенин аккаунттарыңды хакерликтен коргойт.
  • Жаңы таанышууларда этият бол. Эгер кимдир бирөө өтө көп суроо бере баштаса же жабыша баштаса, баарлашууну чектеген жакшы.


 

Эмоциялар менен кантип күрөшүү керек?

Сталкинг коопсуздук коркунучу гана эмес, ошондой эле күчтүү эмоционалдык басым дагы. Аны менен күрөшүү үчүн:

  • Бул сенин күнөөң эмес экенин унутпа. Сен эч кандай жаман иш кылган эмессиң , аңдуу сенин эмес, сталкердин көйгөйү.
  • Жакын адамдарың менен баарлаш. Сени бушайман кылып жаткан нерсе менен  досторуң, ата-энең же өзүң ишенген адамдарың менен бөлүш.
  • Колдоо изде. Эгер сен кыйналып   жатсаң, психолог менен сүйлөшсөң болот же өспүрүмдөр үчүн ишеним телефонуна чалсаң болот.

 

Сталкинг  көйгөйүнө ар бир адам дуушар болушу мүмкүн. Эгер кимдир бирөө сенин чек араңды бузуп жатканын байкасаң, унчукпай койбо. Өзүң ишенген улуу адамдарга  кырдаалды айтып бер же адистерге кайрыл.

Сталкинг нормалдуу эмес экенин унутпа. Сенин коопсуздугуң, ден соолугуң  жана жан дүйнөңдүн тынчтыгы ар дайым маанилүү. Сен өз чектериңди урматтоого жана коркпой  жашоого татыктуусуң. Эгер сен  аңдууга туш болсоң, чара көр: маалыматыңды корго, сталкер менен байланышпа жана жардам суроодон коркпо.

Эгер сен кыйын кырдаалдар менен күрөшүү боюнча кошумча билим алгың келсе, Qlever - бул өзүн-өзү коргоо, баарлашуу жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам бере турган билим берүү платформасы. Билим - бул өзүңдү жана жакындарыңды коргоо үчүн эң жакшы курал. Qlever′де бул жөнүндө  көбүрөөк билип ал   жана кандай кырдаал болбосун өзүңө   ишенимдүү бол!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.