Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Өзүн-өзү өстүрүү - бул эмне жана эмне үчүн керек?

03.12.2024 • 13:11

Өзүн-өзү өстүрүү - бул ар бирибизге дүйнөдө өз ордубузду табууга, таланттарыбызды ачууга жана өзүбүз менен гармонияга жетүүгө жардам берген жашоонун маанилүү аспектиси. Бирок, бул иш жүзүндө эмнени билдирет? Мисалдарды, фактыларды жана сунуштарды карап чыгалы.

Өзүн өзү өстүрүү деген эмне?

Өзүн-өзү өстүрүү – бул өзүңө жаккан нерсени жасоо, күчтүү жактарыңды ачуу жана сени шыктандырган максаттарга жетүү. Кеп идеалдуулук жөнүндө эмес, кеп тажрыйба жана эксперименттер аркылуу өзүңдү табуу жөнүндө.

Өзүн-өзү өстүрүү ар бир адам үчүн маанилүү, бирок   дүйнөнү  жана андагы ордун  жаңыдан түшүнө баштаган өспүрүмдөр үчүн  өзгөчө мааниге ээ. Бул мүмкүнчүлүктөр жана эксперименттер мезгили!

Жөнөкөй түшүндүрмө:

Өзүңө жаккан нерсе менен алектенип, аны мыкты жасай баштаганда , өзүңдү өстүрүүгө  кадам таштайсың.

Мисал: сүрөт тартууну жакшы көргөн өспүрүм сүрөт мектебине тапшырып, сынактарга катышып, бир күнү дизайнер же иллюстратор болуп чыгат.

Чыныгы жашоодон алынган мисал:

Колумбиялык 16 жаштагы Эмилио Андрес Монтойя Instagram үчүн комикстерди тарта баштаган. Анын эмгеги басмаканалардын назарына алынып, азыр ал өзүнүн биринчи графикалык романынын үстүндө иштеп жатат.

Өзүн-өзү өстүрүү эмне үчүн керек?

Өзүн-өзү өстүрүү жашоону жаркын жана маңыздуу кылат. Анын бир нече себеби бар:

 

  • Өзүнүн жөндөмдөрүн ачуу.

Өзүн-өзү өстүрүү: "Мен жашоодо эмнени каалайм?" деген татаал суроого жооп берүүгө жардам берет. Сен  өзүң  кызыккан ар кандай  нерселерди сынамыктап отуруп, акыры сага кубаныч алып келген нерсени таап аласың. Мисалы, спортко кызыккан өспүрүм машыктыруучу же команданын капитаны катары өзүнүн талантын ачышы мүмкүн.

  • Өзүнө ишенүү.

Өзүн-өзү өстүрүү өзүнө болгон ишенимди бекемдейт. Мисалы, сахнадан коркуу сезимин жеңген адам мыкты  спикер боло алат.

 

  • Башкаларга жардам берүү мүмкүнчүлүгү.

Хобби сен үчүн гана эмес, айланаңдагылар үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн. Мисал: Duolingo тил үйрөнүү тиркемеси окууну баарына жеткиликтүү кылуу максатында  түзүлгөн.

 

Борбор  Азиядан мисал

Казакстандык жаш программист Алихан Джумаев айылдык мектеп окуучулары үчүн математиканы үйрөнүүгө жардам берген тиркеме түздү. Бул долбоор аны атактуу кылып гана тим болбостон, миңдеген балдар үчүн да пайдалуу болду.

  • Өзүн-өзү ишке ашыруу башкаларды шыктандырат.

Сен өзүңө жаккан  нерсең менен алектенсең, бул башкаларга да  мотивация берет.  Катталуучуларыңды өнүгүүгө шыктандырган популярдуу блогер болуп кеткениңди   элестетип көр.

 

Өзүңдү кантип тапса болот?

Жаңы нерселерди байкап көр.

Көптөгөн өспүрүмдөр дароо эле  бардык жактан  мыкты болуш керек деп ойлоп, аракет кылуудан коркушат. Бул туура эмес! Өзүңдү табуу үчүн эксперимент керек. Төмөндөгүлөрдү  байкап көр:

  • Сүрөт же бий  боюнча акысыз мастер-класска барып көр.
  • Жаңы көндүм үйрөнүү боюнча өзүңө бир айлык  челлендж кой. Мисалы, видеону монтаждоону үйрөнүү сыяктуу.
  • Ата-энең  же досторуң  катышсын: жаңы нерсени чоогуу ачуу  кызыктуураак.

Кызктуу факт: Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өспүрүм кезинде ар кандай активдүүлүк менен алектенгендер   жашоодо  өз багытын  жеңилирээк табат.

Өзүңдү ук.

Кээде биз эмнени жакшы көрөрүбүздү билебиз, бирок аны байкабайбыз. Андыктан өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр:

  • Бош убактым болгондо көбүнчө эмне менен алектенем?
  • Мени эмне шыктандырат?
  • Мен кайсы иш-аракеттерди жасоого бир нече саат сарптоого даярмын?

Жоопторуңду жаз. Бул өзүңдүн күчтүү жактарыңды табууга жардам берет.

Башкалардан үйрөн.

Башка адамдардын окуялары шыктандырышы мүмкүн. Маселен, Ливандык 15 жаштагы Хади Лебби аттуу кыз теңтуштары үчүн билим берүүчү видеолорду тарта баштаган. Бүгүнкү күндө анын видеолору миллиондогон көрүүлөргө ээ болуп, ал дүйнөнү өзгөрткөн өспүрүмдөрдүн символу болуп калды.

Кандай кадамдар өзүн-өзү өстүрүүгө жардам берет?

Кичинекей  максаттарды кой.

Мисалы, эгер сен музыканы сүйсөң, анда бир аспапты өздөштүрүүнү  башта. Эгер  сага спорт жакса, 5 чакырым  чуркоо максатын кой. Кичинекей жеңиштер өзүңө ишенүүгө жардам берет.

Жөндөмдөрүңдү өркүндөт.

Дүйнө мүмкүнчүлүктөргө толгон: бекер онлайн курстар, YouTube тренинг видеолору, подкасттар жана макалалар. Онлайн курстарга катыш, китептерди оку же билим берүүчү  видеолорду көр. Мисалы, Coursera жана Khan Academy сыяктуу платформалар акысыз курстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Мисал: Өзбекстандык  10-класстын окуучусу акысыз курстар аркылуу программалоону үйрөнө баштаган. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн оюнун иштеп чыгууда.

Эргүү изде.

Подкасттарды ук же блогдорду оку. Мисал: "How I Built This" подкасты дүйнө жүзүндөгү миллиондогон угуучуларды ийгиликтүү стартаптардын окуялары менен шыктандырат.

Каталардан коркпо.

Каталар нормалдуу нерсе! Аларсыз эч ким ийгиликке жете албайт. Бир нерсеге аракет кылып, ал ишке ашпай калган сайын жаңы нерсени үйрөнөсүң. Эң негизгиси - токтобо.

Мисал: Бир жигит блогер болгусу келген, бирок анын алгачкы видеолорун дээрлик эч ким көргөн эмес. Ал багынбастан, катасын талдап, форматын өзгөрттү – көп өтпөй калың аудиторияны өзүнө тарта алды. 

Өзүн-өзү өстүрүүнүн ийгиликтүү  мисалдары

  • Алина Загитова. Олимпиада чемпиону кичинекей кезинен эле көркөм муз тебүүнү баштаган. Анын басып өткөн жолу талыкпаган эмгектин  жана өзүнүн жумушун   сүйүүнүн үлгүсү.
  • Ильяс Юсупов. Популярдуу кийим брендин жараткан Өзбекстандан келген жаш дизайнер. Анын ийгилиги социалдык тармактарга жарыялаган жөнөкөй эскиздеринен башталган.
  • Өспүрүм блогерлер. Миллиондогон жаштар YouTube же TikTok′то контент түзүү аркылуу өздөрүн табышат. Маселен, Ливандык 15 жаштагы Хади Лебби аттуу кыз илим жөнүндө билим берүүчү видеолору менен популярдуу болгон.

 

Каталардан коркпош керек

Каталар ийгиликке жетүүчү жолдун бир бөлүгү.

Мисал: Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобсту  өз компаниясы ээлеген кызматынан бошотуп салган. Бул аны токтоткон жок: ал кайра күчтөнүп келип, Apple′ди дүйнөдөгү эң ийгиликтүү компаниялардын бирине айлантты. 

Кеңеш: Каталарга сабак катары мамиле кыл. Ар бир ката сени күчтөндүрөт.

Өзүн-өзү өстүрүү – бул өзүңө жаккан нерсени  табуу жана жашооңду жаркын кылуу мүмкүнчүлүгү. Жаңы нерселерди сынап көрүүдөн, алдыга максаттарды коюудан жана ката кетирүүдөн коркпо. Ар бир кадамың сени кыялыңа жакындатат.

Ар кимдин өз жолу бар экенин унутпа. Эң негизгиси аракет кыла  башта, бир күнү сен көп нерсеге жетишкениңди түшүнөсүң. Сен үчүн дүйнө ачык - аракет кыл! 🚀

Эгер сен эргүү таап, көндүмдөрүңдү өркүндөтүп, ал тургай, ал үчүн  сыйлык алгың келсе, интерактивдүү оюндарга бай,  билим берүүчү Qlever платформасын колдонуп көр. Бул жерден сен маалыматты талдап, критикалык ой жүгүртүп, шылуундар менен манипуляторлор койгон тузактардан качканды үйрөнөсүң. Ошондой эле тапшырмаларды аткаргандыгын үчүн сыйлыктарды аласың!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.