Жер титирөө деген эмне, анын белгилери, кесепеттери жана мыдай кырдаалдагы жүрүм-турум жөнүндө
05.11.2024 • 04:28Киришүү
Жер титирөө бир нече секунданын ичинде ландшафтты толугу менен өзгөртүүгө жана инфраструктураны талкалоого жөндөмдүү эң кыйратуучу жаратылыш кубулуштарынын бири.
Жер титирөө – тектоникалык плиталардын кыймылынан же башка табигый факторлордон келип чыккан жер кыртышында күтүүсүз силкинүү. Ал ар бир жерде болушу мүмкүн жана кесепеттери жеңил титирөөдөн кыйраткыч катастрофаларга чейин өзгөрөт. Жер титирөөнүн себептерин жана кесепеттерин түшүнүү – мындай кырдаалда өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоонун ачкычы.
Жер титирөө сейрек болгон аймакта жашасаңыз да, бул кубулушту түшүнүү жана кырсык учурунда эмне кылууну билүү маанилүү. Жер титирөө, өзгөчө сейсмикалык активдүү зоналарда күтүүсүз жана эскертүүсүз башаталат. Көбүнчө адамдар мындай окуяларга даяр эмес, бул аларды мындай табигый кубулушка көбүрөөк алсыз кылат.
Жер титирөө адамдардын жашоосуна кандай таасир этет?
Жер титирөө адамдардын жашоосуна жана бүтүндөй коомго олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Алар көп учурда имараттардын жана инфраструктуранын бузулушуна алып келет: үйлөр, мектептер, ооруканалар жана жолдор урап, адамдар үй-жайсыз жана турмуштук маанилүү кызматтарга жетпей калышы мүмкүн. Катуу жер титирөөлөр көбүнчө кыйроолордон гана эмес, өрттөн, жер көчкүлөрдөн жана башка кесепеттерден келип чыккан олуттуу сандагы курмандыктардын жана жаракаттардын себепкери болот. Жер титирөөлөрдөн келтирилген экономикалык жоготуулар да чоң – кыйраган инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү чоң каржылык чыгымдарды талап кылат жана ага айлар, атүгүл жылдар кетет. Физикалык жана экономикалык кесепеттерден тышкары, жер титирөөлөр аман калгандар үчүн терең психологиялык стрессти жаратат: көптөгөн адамдар эмоционалдык травма, тынчсыздануу жана коркуу сезимине туш болушат, жана алардын психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү процесси узакка созулушу мүмкүн. Жер титирөөлөрдүн мүнөзүн жана алардын кесепеттерин түшүнүү мындай кырсыктарга даярдануу, адамдарга жана коомго кыйратуучу таасирин азайтуу максатында тобокелдиктерди минималдаштыруу чараларын көрүү үчүн абдан маанилүү.
Жер титирөө – бул жер астындагы катмарлардын кыймылынан келип чыккан жердин «титирөөсү». Жердин кабыгы тектоникалык плиталар деп аталган чоң «бөлүкчөлөрдөн» же «плиталардан» турат. Бул плиталар дайыма жай кыймылда болуп турушат, бирок күнүмдүк жашоодо бизге ал байкалбайт. Бирок, маал-маалы менен кагылышып, бири-бирине сүрүлүп же ар кайсы тарапка жылып кетишет. Бул кыймыл жер кыртышында чыңалуунун топтолушун пайда кылат. Чыңалуу өтө чоңоюп кеткенде, плиталар жылып, титирөө түрүндө эбегейсиз көлөмдөгү энергияны бөлүп чыгарышат.
Тектоникалык плиталар адатта жылына бир нече сантиметр ылдамдыкта, өтө жай кыймылдашат, бирок мындай кичинекей кыймылдар эбегейсиз көлөмдөгү энергияны сактай алат. Сиз резинаны абдан катуу тартып, анан күтүлбөгөн жерден коё бергениңизди элестетип көрүңүз. Тектоникалык плиталар дагы ошол сыяктуу: алар узак убакыт бою чыңалууну топтоп, аны күтүлбөгөн жерден "бошотушат", бул биз жер бетинде сезген термелүүлөргө же титирөөгө алып келет.
Бул термелүүлөр жер кыртышында сейсмикалык толкундар түрүндө тарайт. Канчалык көп энергия бөлүнүп чыкса, жер титирөөлөр ошончолук күчтүү болот. Кээде алардын күчү ушунчалык чоң болгондуктан, жер кадимкидей эле титиреп, имараттар талкаланып, жолдор жарака кетип, жылып кетиши мүмкүн.
Жер титирөө учурунда эмне болорун жакшыраак элестетүү үчүн төмөнкү мисалды колдонсоңуз болот: үстөлдү калың чүпүрөк менен жаап, анын үстүнө ар кандай буюмдарды койгонуңузду элестетиңиз. Эгерде сиз үстөлдү түртүп же анын буттарын силкип баштасаңыз, буюмдар кыймылдап, титиреп, кулап калышы мүмкүн. Жер титирөө ошол эле принцип боюнча иштейт, бирок бир топ чоң масштабда: жер кыртышы үстөлдүн ролун, ал эми имараттар, дарактар жана жер бетиндеги бардык нерселер – үстөлдүн үстүндөгү буюмдардын ролун аткарышат .
Тектоникалык плиталар кескин жылыганда үстөл түртүлгөндөй болуп, анын бетиндеги бардык нерселердин кыймылына себеп болот. "Түртүү" канчалык күчтүү болсо, кыйроо дагы ошончолук болот.
Жер титирөөнүн себептери
Жер титирөөнүн эң көп таралган себеби тектоникалык плиталардын кыймылы, бирок плиталардын кыймылы жер титирөөнүн жалгыз себеби эмес. Титирөөнү пайда кылган башка факторлор да бар:
Жанар тоолордун атылышы
Жер титирөө көбүнчө жанар тоонун атылышы менен коштолот же ага чейин болот. Атылып жарылуу учурунда ээриген тоо тек – магма жер бетине чыгып, жер кыртышында басым жаратат. Бул басым силкинүүгө алып келиши мүмкүн.
Адамдын ишмердүүлүгү
Кээде жер титирөө жасалма жол менен пайда болушу мүмкүн. Мисалы, курулуш же кен казуу учурундагы чоң жарылуулар жердин титирөөсүнө алып келиши мүмкүн. Андан тышкары, мунай заттарын казуу үчүн жердин терең катмарларына чоң көлөмдөгү суу же газ куюлган учурда да болушу мүмкүн. Бул процесстер жер кыртышындагы басымды өзгөртүп, майда жер титирөөлөрдү пайда кылышы мүмкүн.
Ошентип, жер титирөөлөр ар кандай себептерден: жер плиталарынын табигый кыймылдарынан тартып жанар тоонун активдүүлүгүнө чейин же ал тургай адамдын аракеттеринен улам пайда болушу мүмкүн.
Жер титирөө эмнеси менен коркунучтуу?
Жер титирөө бир нече себептерден улам адамдар үчүн олуттуу коркунуч туудурат:
- Массалык кыйроо. Жер титирөөнүн күчү жана калктын жыштыгына жараша кыйроо кеңири таралып, көп сандагы курмандыктарга алып келиши мүмкүн. Адамдар имараттардын же көпүрөлөрдүн астында калып калышы мүмкүн, же ар кандай нерселердин же дубалдардын кулашынан жаракат алышы мүмкүн.
- Инфраструктуранын бузулушу. Жер титирөөдөн кийин жолдор, электр чубалгылары, суу түтүктөрү жана коммуникация системалары көп бузулат. Бул куткаруу иштерин татаалдаштырып, жабыркаган аймактарга жетүүнү кыйындатат жана кырсыктан кийин калыбына келтирүүнү жайлатат.
- Психологиялык стресс. Жер титирөө физикалык гана эмес, психологиялык жактан да травма. Жер титирөөлөрдүн кайталанышынан улам турак жайынан же жакындарынан ажырап калуудан коркуу сезими узак мөөнөттүү психологиялык, мисалы, посттравматикалык стресстик бузулуу сыяктуу (ПТСБ) көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
- Чынжыр реакциясы. Жер титирөө цунами, жер көчкү же сел сыяктуу башка табигый кырсыктарга алып келиши мүмкүн. Бул окуялар кыйроонун масштабын кеңейтип, курман болгондордун санын көбөйтүшү мүмкүн.
Жер титирөөлөрдүн кесепеттери
Жер титирөө – адамдар, инфраструктура жана жаратылыш үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келе турган эң кыйратуучу жаратылыш кубулуштарынын бири. Катуу жер титирөө жер бетинде кыйроого гана алып келбестен, цунами, жер көчкү жана өрт сыяктуу коркунучтуу окуялардын каскадын пайда кылышы мүмкүн. Катуу жер титирөө учурунда эмне болушу мүмкүн экенин жана ал эмне үчүн адамдар үчүн өтө кооптуу экенин кененирээк карап көрөлү.
Имараттардын жана инфраструктуранын кыйроосу
Жер титирөөлөрдүн эң биринчи жана эң ачык кесепеттеринин бири имараттардын жана инфраструктуралардын кыйроосу болуп саналат. Катуу жер титирөө жерди термелтип, ал турак-жайлардын, кеңселердин имараттарынын, көпүрөлөрдүн жана жолдордун кыйроосуна алып келет. Жер титирөөнүн катуулугуна жана инфраструктуранын даярдык деңгээлине жараша бузулуулар дубалдардагы жаракалардан баштап, имараттарды толугу менен кыйратууга чейин болушу мүмкүн. Бул өзгөчө калк жыш жайгашкан шаарларда коркунучтуу, мында курулуш объектилери тыгыз жайгашып, ал эми эски имараттар мындай жүктү көтөрө алгыдай курулган эмес болушу мүмкүн.
Катуу жер титирөө учурунда имараттар, өзгөчө көп кабаттуу имараттар катуу деформацияга дуушар болот. Начар курулган же сейсмикалык активдүүлүккө каршы бекемделбеген эски имараттар урап, көптөгөн курмандыктарга алып келиши мүмкүн. Кыйраган инфраструктура ошондой эле жолдорду, көпүрөлөрдү, суу жана электр тармактары сыяктуу коммуналдык системаларды кыйратууну билдирет, бул кырсыктан кийин калыбына келтирүү татаал жана көп убакытты талап кылган процесс.
Мисал: Эң кыйратуучу жер титирөөлөрдүн бири 2010-жылы Гаитиде болгон. Өлкөдөгү көпчүлүк имараттар сейсмикалык коопсуздукту эске албастан курулган, бул Порт-о-Пренс шаарынын бүтүндөй райондорунун коллапсына алып келген. Кыйроонун натыйжасында 200 миңден ашуун адам өлүп, миллиондогон адамдар үй-жайсыз калган.
Цунами
Жер титирөө суу астында же жээкке жакын жерде болгондо цунамиге — эбегейсиз зор күч менен жээкке чыккан гигант толкундарга алып келиши мүмкүн. Бул өзгөчө Тынч океандын өрт шакекчесинде жайгашкан, деңиз астындагы жер титирөөлөр тез-тез болуп турган өлкөлөр үчүн актуалдуу. Цунами 30 метрден ашык бийиктикке жетип, имараттардан баштап бак-дарактарга жана унааларга чейин жолундагы бардык нерселерди оңой эле шыпырып кетет.
Цунамилердин коркунучу алардын масштабында жана ылдамдыгында: алар миңдеген километр океанды сүзүп өтүп, жер титирөө болгондон кийин бир нече сааттын ичинде жээкке жете алышат. Жээктеги адамдар көп учурда эвакуациялоого үлгүрбөй калышат, анткени толкундар күтүүсүздөн пайда болушу мүмкүн.
Мисал: 2004-жылы Инди океанындагы жер титирөө тарыхтагы эң коркунучтуу цунамилердин бирине себеп болгон. Индонезия, Таиланд, Индия жана Шри-Ланканын жээктерине бийиктиги 15 метрге жеткен толкундар келип, 230 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.
Жер көчкү
Тоолуу аймактарда же дөңсөөлөрдөгү жер титирөөлөр жер көчкүгө — жердин же таштын массаларынын кулашына алып келиши мүмкүн. Жер титирөө топуракты алсыратып, аны туруксуз кылат, бул жердин эбегейсиз чоң массаларынын эңкейиштерден ылдый жылышына алып келет. Көчкүлөр айылдарды, жолдорду жана башка курулуштарды талкалап, дарыяларды тосуп, кийинчерээк суу ташкынына алып келиши мүмкүн болгон убактылуу суу сактагычтарды пайда кылышы мүмкүн.
Жер көчкү көбүнчө жамгырдан же адамдын иш-аракетинен, мисалы, токойлорду кыюу же тоо-кен казуу иштерин жүргүзүүдөн улам топурагы алсырап калган аймактарда өзгөчө кооптуу болуп калат. Катуу жер титирөөдө алсызданган топурак капысынан жылып, жер көчкүлөрдү ого бетер күтүүсүз жана ажалдуу кылат.
Өрттөр
Жер титирөө учурунда өрт чыгуу коркунучу да бар. Имараттардын жана инфраструктуранын бузулушу газ түтүктөрүнүн же электр зымдарынын жарылуусуна алып келип, өрттүн чыгышына кооптуу шарттарды жаратат. Имараттар бири-бирине жакын жана калк жыш жайгашкан аймактарда өрт чоң ылдамдыкта жайылып, бүтүндөй кварталдарды каптап кетиши мүмкүн.
Үйүндө же жумушта отурганда башталган жер титирөө жылытуу системаларынын же ашкана шаймандарынын бузулушуна алып келип, алар өрттүн дагы бир себеби болушу мүмкүн. Байланыш жана транспорт инфраструктурасынын үзгүлтүккө учурашы өрт өчүрүүчүлөрдүн өрт болгон жерге жетүүсүн кыйындатып, абалды ого бетер начарлатат.
Мисал: 1906-жылы Сан-Францискодогу жер титирөө имараттарды гана эмес, бүтүндөй шаарды каптаган бир катар өрттөрдү да алып келген. Суу менен камсыздоо системасынын бузулушунан улам өрттү өчүрүү өтө кыйын болуп, миңдеген адамдардын өлүмүнө жана шаардын көп бөлүгүнүн талкаланышына алып келген.
Шаарларга жана инфраструктурага тийгизген таасири
Сейсмикалык активдүү зоналарда жайгашкан шаарлар жер титирөө болгон учурда олуттуу көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Имараттардын бузулушу менен катар транспорт системасы да бузулуп, шаардын ишин аксатышы мүмкүн. Аэропорттордун, темир жолдордун жана шоссе жолдорунун бузулушу эвакуациялоону жана жардамды жеткирүүнү кыйындатат.
Мындан тышкары, шаардын инфраструктурасы — суу, канализация жана энергетика системалары бузулушу мүмкүн, бул ичүүчү сууга, электр энергиясына жана канализацияга жетүүдө көйгөйлөрдү жаратат. Мындай системаларды калыбына келтирүү үчүн, айрыкча, чоң жер титирөө болгон учурда, жумалар, ал тургай айлар талап кылынышы мүмкүн.
Ошентип, жер титирөө адамдардын жашоосуна жана бүтүндөй шаарлардын иштешине таасирин тийгизген табигый гана эмес, социалдык кырсык болуп саналат. Жер титирөөгө даяр болуу, жер титирөөгө туруктуу курулуш жана эскертүү системалары тобокелдиктерди кыйла азайтып, жер титирөө болгон учурда адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
Жогоруда карап чыккандай, жер титирөө – жер кыртышында энергиянын капыстан бөлүнүп чыгышынын натыйжасында пайда болгон табигый кубулуш жердин титирөөсүнө алып келет. Бул термелүүлөрдүн күчүн баалоо үчүн окумуштуулар ар кандай шкалаларды иштеп чыгышкан, алардын эң белгилүүлөрүнүн бири Рихтер шкаласы. Бул шкала жер титирөөнүн көлөмүн аныктоого жардам берип, окуя канчалык күчтүү болгонун, ошондой эле анын мүмкүн болуучу кесепеттерин түшүнүүгө жардам берет.
Рихтер шкаласы деген эмне?
Рихтер шкаласын 1935-жылы америкалык сейсмолог Чарльз Рихтер сунуш кылган. Ал жер титирөөнүн күчүн, башкача айтканда, жер титирөө учурунда бөлүнүп чыккан энергиянын көлөмүн өлчөө үчүн арналган. Магнитуда сейсмографтарда жазылган сейсмикалык толкундардын амплитудасынын негизинде аныкталат.
Рихтердин шкаласы логарифмдик, башкача айтканда, ар бир бирдик өсүү сейсмикалык толкундун амплитудасынын он эсе көбөйүшүнө жана энергиянын болжол менен 31,6 эсе көбөйүшүнө туура келет. Мисалы, 6 баллдык жер титирөө 5 баллдык жер титирөөдөн 10 эсе, ал эми 7 баллдык жер титирөө 5 баллдык жер титирөөдөн 100 эсе күчтүү болот.
Жер титирөөнүн магнитудасы балл менен көрсөтүлөт, ал эми чоңдук канчалык жогору болсо, титирөө ошончолук күчтүү жана эреже катары, кыйроолор да чоң болот.
Магнитуда жана анын зыяндуулугун түшүнүү
Жер титирөөлөр магнитуда боюнча классификацияланат жана анын негизинде мүмкүн болуучу зыянды баалоого болот. Төмөндө магнитуданын негизги деңгээлдери жана алардын мүнөздөмөлөрү берилген:
- 1,0–2,9 магнитуда: Бул жер титирөөлөр микро же аз угулган жер титирөөлөр болуп эсептелет. Алар, адатта, адамдар тарабынан сезилбейт жана эч кандай зыян алып келбейт.
- 3,0–3,9 магнитуда: Алсыз жер титирөөлөр. Бул титирөө байкаларлык болушу мүмкүн, бирок, адатта, зыян алып келбейт. Алар жер титирөөнүн очогуна жакын жерде гана сезилет.
- 4,0–4,9 магнитуда: Орточо жер титирөө. Мындай жер титирөөлөр анча-мынча зыян келтирип, эпицентрден бир топ аралыкта сезилиши мүмкүн.
- 5,0–5,9 магнитуда: Күчтүү жер титирөө. Эгерде имараттар эпицентрге жакын жайгашкан болсо, анда аларга олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Көпчүлүк учурларда дубалдарда жаракалар пайда болуп, жеңил конструкциялардын кулашы байкалат.
- 6,0–6,9 магнитуда: Абдан күчтүү жер титирөөлөр. Бул жер титирөөлөр эпицентрден бир нече ондогон километр алыстыкта да олуттуу кыйроого алып келиши мүмкүн. Имараттары жыш жайгашкан шаарларда анын кесепети катастрофалык болушу мүмкүн.
- 7,0-7,9 магнитуда: Кубаттуу жер титирөө. Алар, өзгөчө калктуу аймактарда кеңири кыйроого жана адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Инфраструктура, анын ичинде жолдор, көпүрөлөр жана имараттар толугу менен бузулушу мүмкүн.
- 8,0 жана андан жогору магнитуда: Эбегейсиз кубаттуу жер титирөөлөр. Мындай окуялар сейрек кездешет, бирок алардын кесепеттери чоң аймактарды камтып, олуттуу кыйроолорго жана адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.
Жер титирөөлөрдүн магнитудасын жана Рихтер шкаласын түшүнүү бул жаратылыш кубулуштарынын кесепеттери канчалык олуттуу болушу мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берет. 7 баллдык жер титирөө өзгөчө калктуу аймактарда кыйроого жана адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон олуттуу коркунуч туудурат. Коркунучту билүү жана мүмкүн болуучу жер титирөөлөргө даярдык көрүү адамдардын өмүрүн сактап, келечектеги зыянды азайтат.
Илим жер титирөөнүн убактысын жана ордун так айта албаса да, жакындап келе жаткан жер титирөөнү тааный турган белгилүү бир белгилер бар. Бул сигналдарды түшүнүү жана маанилүү учурда туура иш-аракеттерди жасоо өмүрдү сактап кала алат. Бул макалада биз жер титирөөнүн негизги белгилерин карап чыгабыз жана сейсмикалык активдүүлүк болгон учурда даярдык жана коргоо боюнча сунуштарды беребиз.
Жакындап келе жаткан жер титирөөнүн белгилери
Жер титирөө күтүүсүздөн башталышы мүмкүн, бирок кээде анын белгилери негизги силкинүүлөрдөн бир нече секунд же мүнөт мурун пайда болот. Бул жерде эмнеге көңүл буруш керек:
Буттун астындагы калтырак
Жер титирөөнүн алгачкы белгилеринин бири бутуңуздун астында жеңил титирөө же калтыроо. Бул көз ирмем сайын күчөгөн билинер-билинбес титирөө болушу мүмкүн. Бирок, сиз адаттан тыш туруксуздукту же титирөөнү сезсеңиз, мүмкүн болгон катуу соккуларга даяр болуңуз.
Термелген буюмдар
Бөлмөдөгү люстралар, сүрөттөр же пардалар сыяктуу илинип турган нерселер солкулдай баштаса, бул жер титирөөнүн башталышынын белгиси болушу мүмкүн. Үстөлдөрдүн үстүндө эч кандай себепсиз кыймылдай башташы мүмкүн болгон көз айнек же телефон сыяктуу майда нерселердин кыймылына көңүл буруңуз.
Адаттан тыш үндөр
Жер титирөө дүбүрт же ызы-чуу сыяктуу үн менен коштолушу мүмкүн. Бул үн жер астынан же титиреп же кыймылдап баштаган имараттардан чыгышы мүмкүн. Дубалдардын, эмеректердин же айнектин капысынан жарака кетиши жакындап келе жаткан жер титирөөнүн белгиси болушу мүмкүн.
Жаныбарлардын жүрүм-турумун өзгөрүшү
Иттер, мышыктар, канаттуулар жана ал тургай курт-кумурскалар сыяктуу көптөгөн жаныбарлар жер титирөөнүн башталаарына бир нече мүнөт калганда сезе алышат. Эгерде сиз үй жаныбарларынын кызыктай же нервдүү жүрүм-турумун же канаттуулардын массалык миграциясын байкасаңыз, бул алдыдагы сейсмикалык окуянын белгиси болушу мүмкүн.
Жер титирөө башталса эмне кылуу керек? Жер титирөө учурундагы жүрүм-турум эрежелери
Жер титирөө башталганда убакыттын ролу абдан маанилүү. Канчалык тез реакция кылсаңыз, өзүңүздү жана башкаларды коргоо мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот. Төмөндө жер титирөө учурунда аман калуу боюнча бир нече жөнөкөй, бирок натыйжалуу кеңештерди таба аласыз.
Турган ордуңузда калып, жашынуу керек
Жер титирөө учурундагы эң негизги кеңеш – дүрбөлөңгө түшпөө жана ордунда калуу. Эгерде сиз имараттын ичинде болсоңуз, дароо баш калкалоочу жай табыңыз:
- Столдун же бышык эмеректин астында: Бул сизди кулап жаткан буюмдардан жана сыныктардан коргоого жардам берет.
- Терезелерден алыс болуңуз: Айнек сынып, жаракат алып калышыңыз мүмкүн.
- Колуңуз менен башыңызды жана моюнуңузду жабыңыз: Бул денеңиздин маанилүү бөлүктөрүн соккудан жана сыныктардан коргойт. Жашына турган жер жок болсо, терезеден жана оор эмеректерден алыс, бөлмөнүн бурчундагы дубалга туруңуз.
Сыртка чыкпаңыз
Имараттын ичинде болсоңуз, жер титирөөлөр бүткүчө сыртка чыкпаганыңыз оң. Жер титирөө учурунда сыртка чуркап чыгуу кооптуу, анткени имараттын фасаддары, айнек жана электр зымдары кулап калуу коркунучу бар.
Эгер сиз сыртта болсоңуз, ачык жер табыңыз
Эгер жер титирөө учурунда сиз сыртта болсоңуз, кулап калышы мүмкүн болгон имараттардан, көпүрөлөрдөн, мамылардан жана башка курулуштардан алыс болуңуз. Жараат алуу коркунучу аз болгон ачык мейкиндикти табууга аракет кылыңыз.
Газ менен электр жарыгын өчүрүңүз
Эгер жер титирөө учурунда сиз үйдө болсоңуз, мүмкүнчүлүккө жараша өрт чыгып кетпеш үчүн же суу катап кетпеш үчүн газды, электр энергиясын жана сууну тез өчүрүүгө аракет кылыңыз.
Лифтти колдонбоңуз
Эгерде сиз көп кабаттуу үйдө болсоңуз, эвакуация үчүн лифт менен колдонууга аракет кылбаңыз. Лифттер электр тармактарынын же имараттын бузулушунан улам тыгылып же иштен чыгып калышы мүмкүн.
Жер титирөө учурунда коргонуунун эң жакшы жолу - алдын ала даярдануу. Төмөндө сизге коркунучтарды азайтуу жана сейсмикалык активдүүлүк учурунда сабырдуу болууга жардам берүү үчүн бир нече жөнөкөй кадамдар берилет:
Үй-бүлөнүн иш-аракеттер планын түзүңүз
Жер титирөө болгондо эмне кылуу керек экенин үй-бүлө мүчөлөрү менен талкуулаңыз. Үйдө баш калкалай турган коопсуз жерлерди аныктаңыз жана эвакуацияланууга туура келсе, жолугушуу ордун сүйлөшүп алыңыз.
Авариялык комплект даярдаңыз
Үйдө биринчи муктаждык комплектин даярдап коюуңуз, анын ичинде: кол чырак, батарейкалар, аптечка, суу, тамак-аш, документтер, ышкырык жана запастык ачкычтар болуш керек. Бул жер титирөөдөн кийинки биринчи сааттарда кызматтарга жетүү чектелген болсо, аман калууга жардам берет.
Эмеректерди жана оор нерселерди коопсуздандырыңыз
Шкафтар, текчелер жана башка оор эмеректер жер силкингенде кулап калбашы үчүн алдын ала бекемдеп коюуңуз. Жаракат алуу коркунучун азайтуу үчүн оор нерселерди үстүнкү текчелерден ылдый жака түшүрүңүз.
Коопсуз эвакуация жолдорун билип алыңыз
Эгер сиз көп кабаттуу үйдө жашасаңыз же чоң кеңседе иштесеңиз, эң жакын чыгуу жолдору кайда экенин билип, коопсуз эвакуациялануу жолдорун билип алыңыз. Бул кыйроо учурунда имараттан тез чыгып кетүүгө жардам берет.
Корутунду
Жер титирөөлөрдү билүү жана алардын белгилерин таанып билүү табигый кырсык болгон учурда коопсуздукту камсыз кылууда жана тобокелдиктерди азайтууда негизги ролду ойнойт. Жер титирөө күтүүсүздөн болушу мүмкүн, бирок туура даярдануу жана маалымдуулук адам өмүрүн сактап калат. Жер титирөө учурунда, өзгөчө сейсмикалык активдүү аймактарда, өзүн кандай алып жүрүүнү, өзүңүздү жана жакындарыңызды кантип коргоону жана кооптуу кесепеттерди кантип азайтуу керектигин түшүнүү ар бир адам билиши керек болгон маанилүү аспектилер.
Жер титирөөгө даярдануу – бул сиздин үйүңүздүн коопсуз экенине ынануу гана эмес, бул бүт үй-бүлө үчүн так иш-аракеттердин планын түзүү, авариялык абалга байланыштуу комплект даярдоо жана оор учурда эмне кылуу керектигин билүү. Канчалык эрте даярдана баштасаңыз, ийгиликтүү жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Туура иш-аракеттер жаракат алуу жана зыян келтирүү коркунучун бир кыйла азайтат.
Биз, Qlever командасы, кызыктуу макалаларды жазып, жогорку сапаттагы окуу материалдарын жана куралдарын сунуштайбыз. Алар заманбап жашоонун маанилүү аспектилерин өздөштүрүүгө жардам берет. Биздин платформа жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга жана аларга тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө багыт алууга жардам берүүгө багытталган.