Интернетке көз карандылык. Кантип таанып, анын кесепеттерин алдын алуу керек
14.10.2024 • 11:56Социалдык тармактарда түрмөктөрдү барактап же онлайн оюндарды ойноп, убакыт зымырап өтүп кеткенин сезбей, күнүң туманда өтүп жатканын байкаган чыгарсың. Бүгүнкү күндө интернет тамактануу же уктоо сыяктуу эле жашоонун кадимки бөлүгү болуп калды. Бирок ансыз мындан ары жашай албай калсаң, эмне кылуу керек? Келгиле, интернетке көз карандылык деген эмне, аны кантип таануу керек жана эң негизгиси, анын жашооңду басып алуусунан кантип сактануу керек экенин карап чыгалы.
Интернетке көз карандылык деген эмне?
Интернетке көз карандылык - бул бир дагы күн интернетсиз жашай албай калуу. Социалдык тармактар, стриминг платформалары, видеооюндар - мунун баары сени өзүнө магниттей тартып, көзөмөлдү жоготуп бараткандай сезилет. Ар бир мүнөт сайын телефонуңду текшерип, чыныгы жашоодон алыстап, бир учурда виртуалдык дүйнө маанилүүрөөк болуп калганын түшүнөсүң. Адистер муну сенин ден соолугуңа жана жашооңо терс таасирин тийгизе турган көз карандылыктын бир түрү деп эсептешет.
Интернетке көз карандылыктын белгилери
Интернетке көз карандылыкты бир нече белгилер аркылуу таанууга болот. Төмөндө алардын кээ бирлери аталган:
- Интернеттин жоктугу үчүн тынчсыздануу. Интернетке же сүйүктүү оюнуңа кире албай калган учурда өзүңдү ыңгайсыз сезесиң.
- Социалдык тармактарды тынымсыз жаңылоо. Ал жерде маанилүү эч нерсе жок болсо дагы, түрмөктөгү жаңылыктарды текшермейинче тура албайсың.
- Маанилүү нерселерди унутуп каласың. Окуу, жумуш, достор менен жолугушуу - мунун баары экинчи планга өтөт, анткени сага онлайн болуу көбүрөөк кызыктуу.
- Уйку көйгөйлөрү. Түн бир оокумга чейин интернетте отура берип, уйкуң канбай калат.
Интернетке көз карандылыктын түрлөрү
Социалдык тармактарга көз карандылык. Facebook, Instagram, Twitter жана башка социалдык тармактарды ашыкча колдонуу, тынымсыз түрмөктү жаңыртуу жана эскертмелерди текшерүү зарылчылыгы реалдуу социалдык байланыштарды үзгүлтүккө учуратып, өндүрүмдүүлүктү төмөндөтүшү мүмкүн.
Оюнга болгон көз карандылык. MMORPGs сыяктуу онлайн оюндарга берилгендик (ролдук компоненти бар массалык көп колдонулуучу онлайн оюндары) жоопкерчиликтерге, мектепке же жумушка көңүл бурбай коюуга алып келиши мүмкүн.
Маалыматтык көз карандылык. Интернеттеги жаңылыктарды жана маалыматты ашыкча керектөө, маалыматка ашыкча чөмүлүүгө жана стресске алып келиши мүмкүн.
Интернет-шопинг көз карандылыгы. Онлайн сатып алуулар ашыкча чыгымдан улам үй-бүлөдө олуттуу каржылык жоготууларга жана чыр-чатакка алып келсе, анда ал көйгөйгө айланат.
Эмне үчүн мындай болуп жатат?
Себептери ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, интернет көптөгөн адамдарга зеригүүдөн, стресстен же көйгөйлөрдөн качууга жардам берет. Социалдык тармактар сени барктуу кылып , лайктар маанайыңды көтөрөт, ал эми оюндар аркылуу өзүңдү баатыр сезесиң. Бирок мунун баары жөн гана иллюзия экенин түшүнүү керек. Виртуалдык дүйнө сенин көңүлүңдү кармоо үчүн иштелип чыккан жана ал жерде канчалык көп убакыт өткөрсөң, бул айлампадан чыгуу ошончолук кыйын болот.
Бул эмнени билдирет?
Интернетти ашыкча колдонуу психикага гана эмес, физикалык ден-соолукка да залалын тийгизиши мүмкүн. Сен көп саат экрандын алдында отургандан кийин көзүң же белиң ооруп жатканын байкаган чыгарсың. Дайыма компьютерде же смартфондо отуруу кадимки уйкуга тоскоол болуп, чарчоону жаратат жана ал тургай депрессияга алып келиши мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, интернетке көз карандылык достор, жакындар жана ал тургай өзүң менен болгон мамилени да бузат. Реалдуу жолугушуулар жана баарлашуулар сага кызыксыз сезилиши мүмкүн, ал эми бардык маселелерди онлайн режиминде чечүү адаты чыныгы мамилелерди куруу үчүн жетишсиз болушу мүмкүн.
Интернетке көз карандылыктан кантип арылса болот?
Интернет тузагына түшүп калбоо үчүн бул жерде бир нече жөнөкөй кадамдар көрсөтүлгөн:
- Чек коюу. Мисалы, социалдык тармактарда убактыңды күнүнө 1-2 саат менен чектеп көр.
- Чыныгы жашоодо бир нерсе кылуу. Спорт, достор менен сейилдөө, хобби - мунун баары онлайн-дүйнөдөн алаксууга жардам берет.
- Айрыкча түн уйкуңа интернет тоскоол болбошу үчүн, телефонуңду "Тынчымды алба" режимине которуп кой.
- Оффлайн баарлашууну өнүктүр. Достор менен жолук, жакындарың менен убакыт өткөр. Виртуалдык байланышка караганда жандуу баарлашуу дайыма жакшыраак.
Интернет - бул жашоону жеңилдетип, кызыктуураак кыла турган сонун курал, бирок аны башкара алсаң гана. Өзүңдү тыңда, адаттарыңа көңүл бур жана экрандан тышкары жашоо онлайндан кем эмес кызыктуу болушу мүмкүн экенин унутпа.
Интернетти колдонуунун альтернативдүү жолдорун тапкысы келгендер үчүн Qlever билим берүү платформасы критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана адамдын дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган түрдүү интерактивдүү оюндарды жана макалаларды сунуштайт. Жөн гана социалдык тармактарды түрмөктөп, сааттарды коротуунун ордуна, жаңы темаларды үйрөнүп, убактыңды пайдалуу өткөрсөң болот. Qlever – бул сенин интернетте отруганыңды жагымдуу гана эмес, ошондой эле пайдалуу кылуунун эң сонун жолу.