Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Каржылык сабаттуулук: эмне үчүн аны жаш кезден башташ керек?

14.06.2024 • 15:32

Заманбап дүйнөдө, онлайн кызматтардын өнүгүшү менен, каржылык өнүмдөр жана кызматтар барган сайын жеткиликтүү болуп, керектөөчүлөргө багыт алууга, туура чечим кабыл алууга жана жаңы технологияларды киргизүү менен активдүүлүгү да кескин жогорулаган шылуундардын айла-амалдарына алдырбоого жардам берүү керек.

Жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу көйгөйүнүн актуалдуулугу

Жаш муун үчүн бул көйгөй абдан актуалдуу. Анын үстүнө, кеп каржылык жактан жетилген жүрүм-турум – бул билимдин гана эмес, ошондой эле адамдын жаш кезинен тарта  өмүр бою  кайра-кайра бекемделген туура адаттарынын маселеси. Келгиле, бул маселени кененирээк карап көрөлү.

Финансылык сабаттуулук деген эмне?

Финансылык сабаттуулук-бул адамга компетенттүү жана экономикалык жактан натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн керек болгон каржы жаатындагы билим жана көндүмдөр. Демек, каржылык жактан сабаттуу адам өз бюджетин пландаштырууну, каржылык максаттарды жана артыкчылыктарды аныктоону, чыгымдарды жана кирешелерди башкарууну, ылайыктуу каржы өнүмдөрүн тандап алууну, карыздарын башкарууну жана накталай акчаларын акылга сыярлык тобокелдик менен инвестициялоону түшүнө билет.

Жаштардын каржылык сабаттуулугу көйгөйүнүн өзгөчөлүгү

Биринчиден, жаштар өздөрүнүн жашоо сапарын жаңыдан баштагандыктан, көп учурда каржыны башкарууда жетиштүү тажрыйбасы жок жана келечегине кайдыгер мамиле кылышат. Экинчиден, азыркы дүйнө сансыз азгырыктарды жана керектөө товарларынын ар кандай түрлөрүн сунуштайт, алар насыянын оңой болушу менен жаш адам үчүн ашыкча чыгымдарга жана жылдар бою негизсиз карызга батууга  алып келиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, көптөгөн жаштар каржылык өнүмдөр  тууралуу сапаттуу маалыматка ээ боло алышпайт, же шалаакылыктын айынан тобокелдиктердин көлөмүн түшүнбөй, аларды кылдат карап чыгууга  умтулушпайт.

Каржылык сабаттуулуктун жетишсиздигинин терс кесепеттери

Бул факторлор ар кандай көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн, мисалы, насыя боюнча карыздар, акча топтой албоо, каалаган каржылык максаттарга жетүү мүмкүн эместиги жана башка терс кесепеттер. Мындан тышкары, каржылык сабаттуулуктун жетишсиздигинен улам ар бир адам активдүүлүгү жылдан жылга өсүп жаткан ар кандай шылуундардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн.

Каржылык сабаттуулук-бул жөн гана билимдин жыйындысы эмес, ал жаш кезинен баштап өркүндөтүлө турган маанилүү көндүм. Каржылык билимге жана туура адаттарга ээ болгон жаштардын ийгиликтүү жана туруктуу келечекке мүмкүнчүлүгү жогору. 

Каржылык сабаттуулугун жогорулатууну жана медиа билим берүүнүн ар кандай тармактарында кеңири билим алууну каалагандар үчүн көптөгөн билим берүү программалары жана ресурстары бар. Мындай ресурстардын бири Qlever платформасы.  Биздин платформа жаштарга заманбап дүйнөдө жакшыраак багыт алууга, туура чечим кабыл алууга жана ар кандай тобокелдиктерден коргонууга жардам берет. Qlever менен ар тараптуу билим алуу сапарын баштагыла жана өзүңөргө ийгиликтүү келечекти камсыздагыла.

 

Булак: https://www.bilim.expert/post/повышение-финансовой-грамотности-молодежи-важный-фактор-будущего-благополучия-граждан-страны

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.