Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Жасалма сүрөттөрдү текшерүү үчүн Google Image жана/же TinEye′ди кантип колдонсо болот

21.02.2024 • 03:27

Санариптик доордо жасалма сүрөттөр коомдук пикирди манипуляциялоо үчүн колдонулган кадимки көрүнүш болуп калды. Бирок, технологиянын өнүгүшү менен сүрөттөрдүн аныктыгын текшерүү үчүн куралдар да пайда болду. Google Images жана TinEye -  сүрөттөрдүн жасалма же чыныгы экенин аныктоого жардам берген кызматтар.

Google Images колдонуучуларга булакты жана окшош сүрөттөрдү интернеттен табууга мүмкүндүк берүүчү, ыңгайлуу, сүрөт боюнча  издөө куралын камсыз кылат. Бул үчүн,  веб-браузеринде Google Images′ди ачып, издөө тилкесиндеги камеранын сүрөтүн басып, сүрөттү жүктөө же URL киргизүү керек. Издөө натыйжалары  интернетте ал сүрөт дагы кайсы жерде колдонулганын аныктоого жардам берет. Издөө аяктагандан  кийин, сүрөттүн качан жана кайда жарыяланганын билүү үчүн “Убакыт”  менюсун колдонсо болот. Бул ыкма сүрөт мурда колдонулганбы же жокпу аныктоого жардам берет.

TinEye - сүрөттөрдүн аныктыгын текшерүүгө жардам бере турган дагы бир сүрөт боюнча кайра издөө куралы. Ал Google Images менен бирдей принципте иштейт. TinEye индекси 45,9 миллиарддан ашык сүрөттөрдү камтыйт, бул издөө үчүн колдонуучуларды  кеңири маалымат базасы менен камсыз кылат. Кызмат сүрөттүн түпнуска булагын аныктоого мүмкүндүк берет, бул сүрөттү ким жана качан биринчи жолу жарыялаганын аныктоого, ошондой эле жогорураак кеңейтүүдөгү сүрөттөрдү табууга жана сүрөттүн өзгөртүлгөн же түзөтүлгөн версияларына көз салууга мүмкүндүк берет.

Google Images же TinEye колдонууда, сүрөттүн жасалма экенин көрсөткөн төмөнкү белгилерге көңүл бургула:

- Реалдуу эмес көлөкөлөр же чагылуулар.

- Суу белгилеринин болушу.

- Кеңейтүүнүн жоктугу же сүрөттүн сапатындагы адаттан тыш нерселер.

Бир эле куралга таянуу менен фото манипуляцияны толугу менен далилдей же жокко чыгара албасыңды эстен чыгарбоо керек. Толук талдоо жүргүзүү үчүн бир нече куралдарды колдонуу сунушталат.

Бул куралдар санариптик дүйнөдө маалыматты көбүрөөк билүүгө жана сынчыл ой жүгүртүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз.

Булактар:

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.