Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Фейк сүрөттөр: ал эмне жана аларды чыныгы сүрөттөрдөн кантип айырмалоо керек

14.02.2024 • 02:08

Adobe Photoshop программасынын биринчи мууну 1988-жылы чыккандан бери фотодокументтерди жасалмалоо бир топ жеңилдей баштады.


Буга чейин сүрөттөрдү ретуштоо үчүн көп күч-аракет жумшаш керек болчу - чуулгандуу  фейк сүрөттөрдү түзүү үчүн, фотографтар бир нече экспозицияларды жасап, негативде тартышкан. Азыркы учурда, атүгүл кесипкөй эмес адамдар да  көбүнчө Photoshop же жасалма интеллект куралдарын колдонуша алат[1].


Акыркы убакта интернетте Midjourney аркылуу жасалган жасалма сүрөттөр толуп кетти. Алардын ичинен Рим папасы Францисктин Moncler же Balenciaga күрмөсүн кийген сүрөттөрү, ошондой эле АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын камакка алынган сүрөттөрү абдан белгилүү болуп кетти.


Нейрондук тармактын сүрөтүн  кантип чыныгы сүрөттөн айырмалоого болот:


1: Google же Yandex Images′тен түпнуска жана альтернативдүү маалыматты издегиле.
2: Окшош сүрөттөрдү табууга аракет кылгыла. Адатта фотографтар бир эле окуяны бир нече сүрөткө тартышат. Гуглдан  күмөн жараткан  сүрөттөрдү издегиле, бирок мындан ары макалаларды издебей, окшош сүрөттөргө көңүл бургула.
3: Кемчиликтерди издөө. Midjourney жана DALL-E заманбап версиялары жогорку сапаттагы жумушту жаратуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алса  да, аларды дагы эле чыныгы сүрөттөр менен салыштырууга болбойт. Эгер жакшылап карасаңар, көптөгөн ЖИ сүрөттөрүндө кемчиликтер бар. Тактап айтканда, жасалма сүрөттөгү адамдын манжалары кыйшык же тиштери көп болушу мүмкүн.
4: Кызыктай жалтырактарга көңүл бургула. ЖИ сүрөттөрү көпчүлүк учурда реалдуу эмес жаркырап же "кыйшык" көлөкөлөргө ээ, алар сүрөткө мультфильм фильтрин колдонулгандай болуп турат.
5: Текстке көңүл бургула. Алгоритмдердин азыркы өнүгүшү менен да нейрондук тармактар ​​сүрөттөгү  текстти толук жасалмалай  албайт [2].


Булактар:
Тим Скоренко (08.05.2023) «Будьте бдительны: 5 самых скандальных фото-фейков в истории» https://www.techinsider.ru/weapon/239642-5-samykh-znamenitykh-otfotoshoplennykh-snimkov-v-istorii/
Никита Лактюшин (10.04.2023) https://hi-tech.mail.ru/news/62816-kak-otlichit-ii-izobrazhenie-ot-nastoyaschego-instrukciya/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.