Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азия аялдары үчүн кайсы кесиптер жеткиликтүү эмес

05.09.2022 • 06:10

Казакстанда мындай тизме өз ичине 229 кесипти камтыйт. Аялдар водолаз, метро машинисти, жүк ташуучу унаанын айдоочусу, темир уста болуу туурасында кыялданбай эле койсо болот. 

Тажикстандын Эмгек кодексинде  «Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштар» деген берене бар, анда аялдарга оор жана жер алдындагы жумуштарда, эмгек шарты зыяндуу болгон жумуштарда иштегенге тыюу салынган, ошондой эле аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштардын тизмесинде 326 кесип камтылган. 

Кыргызстандын  Эмгек кодексинде атайын берене бар жана 400 кесипти камтыган тизме бар. Мисалы, аялдарга 14 адамдан көп баткан шаар аралык автобустарды айдоого, жүк ташуучу болуп иштөөгө (чийки заттарды, күйүүчү май жана башка материалдарды ташуу), айрым бир атайын транспорттордун машинисти болуп иштөөгө болбойт. Ошондой эле аларга отун жарууга жана кол менен жер казууга тыюу салынган. 

Өзбекстанда 2019-жылы аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси президенттин указы менен жокко чыгарылган. Ага чейин ал тизмеге 44 адистик кирген, алар аялдар үчүн кооптуу жана зыяндуу деп эсептелчү – тоо иштери, мунай жана газ казуу, кара металлургия, курулуш жана монтаждык иштер.

Аялдар үчүн тыюу салынган жумуштардын тизмеси ар кайсы өлкөдө бир аз айырмаланышы мүмкүн, бирок негизинен тоо-металлургия, мунай казуу, курулуш-монтаждык тармактардагы кесиптерди камтыйт: металл жана эритмелерди эриткич, ширетүүчү, темир уста, жер казуучу, асфальт-бетондогуч, чатыр жабуучу, таш уста, автогрейдердин машинисти, бульдозердин машинисти, болот жана темир-бетон конструкцияларын бийиктикте монтаждоочу, байланыш монтажы, бийиктикте антенна орнотуучу.

Ошондой эле аялдарды жер алдындагы курулуштарга, мунай бургулоого, рудаларды жардырууга, шахталардагы өрт өчүрүүчү авариялык-куткаруу отрядына, вагонеткаларды кулатууга, шахталарда проходчик болуп иштөөгө, өрт койгучка, байытуучу жана майдалап-иргөөчү фабрикаларга жумушчу же мастер болууга, шахта, рудник жана металлургиялык ишканаларга албайт.

Адатта мындай жумуштарга кымбат төлөнөт, бирок аялдарга ал жакта иштегенге болбойт.

Тизмеде жалаң гана техникалык адистиктер эмес. Аялдар ошондой эле өнөр жай альпинисти катары да жумушка орношо алышпайт, а бул жумуштун да айлыгы жогору. Алар химиялык, кен казучу жана кайра иштетүү өндүрүшүндө кесипке ээ боло алышпайт, коммерциялык суу транспортун жана аба транспортун башкара алышпайт. 

Аялдар куткаруучу жана өрт өчүрүүчү болуп иштей алышпайт – бул кооптуу жумуштар. Бирок ушул эле учурда ошондой эле кооптуулукта жана ошондой эле милдеттерди аткарып ыктыярчы боло алышат, бирок акысыз. АКШ, Канада сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө жана экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Уюмуна кирген өлкөлөрдө бул кесиптер аялдар үчүн дайыма жеткиликтүү болгон. 

Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнундөгү Эл аралык пактка ылайык, ар бир адам “эркин тандаган же эркин түрдө макул болгон эмгек аркылуу өз жашоосун камсыз кылуу үчүн акча табуу мүмкүнчүлүгүн алууга” укуктуу.

Тыюу салынган кесиптерди алып салуу аялдарды бул адистиктерге иштөөгө мажбурлоо дегенди түшүндүрбөйт. Бирок аларда эгер мындай жумуштарда иштөөнү кааласа тандоо мүмкүнчүлүгү болушу керек. Болбосо бул жынысына карата дискриминация болуп калат. 

БУУнун аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети жана башка эл аралык уюмдар тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнө тыюу салынган кесиптердин тизмесин жоюп, аялдар үчүн бул кесиптер бирдей жеткиликтүү болушун камсыздоо боюнча бир нече жолу кеңеш берген. 

 

Булактары:

https://anhor.uz/society/23317-2/ 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.