Шылуундар менен манипуляторлорго алданып калбаш үчүн сынчыл ойломду өнүктүрүү зарыл жана белгилүү бир кадамдарды аткаруу керек.
Биринчи кадам. Алгач билдирүүнү анализдеп чыгуу керек, келтирилген маалыматтарды чечмелеп, баалоо зарыл. Бул маалымат менен иштөөдөгү абдан маанилүү компетенция. Биринчи эмне, экинчи эмне? Эң маанилүүсү кайсы, андан кийинки орундагысы? Себеби кайсы, натыйжасы эмне? Бир нерсе экинчи нерсе менен кантип байланышкан?
Экинчи кадам. Сынчыл ойлонгон адамдын башын айлантуу кыйын, анткени ал логикалык каталарды жана билдирүүлөрдөгү дал келбестиктерди оңой эле таап алат. Сынчыл суроолордун жөнөкөй алгоритмин коллонгула. Талкууга себеп болгон предмет түшүнүктүүбү? Теманы алмаштырып коюу же атайлап башкага өтүп кетүү аракети жокпу? Тема атайын тарытылып же кеңейтилген жокпу? Бардык аргументтерди чындыкка дал келет деп айтууга болобу? Келтирилген бардык жүйөлөр толук ачылып жана далилденгенби? Карама-каршылыктар жокпу? Себеп-натыйжанынын так байланышы барбы?
Үчүнчү кадам. Логикалык катачылыктарды тапкан бир маселе, аларды түшүндүрүп берүү жана атаандашыңа негиздеп берүү бул башка маселе. Жүйөлөрдү келтирүү жөндөмү жана ынанымдуу түрдө негиздеп берүү – сынчыл ойломдун негизги компетенциясы. Кооз сөз менен эмес, же көркөмдүү форма менен эмес, ар тараптуу далилденген, ачыкталган жүйө-далилдер менен.
Төртүнчү кадам. Акырында, эң башкысы. Адам теориялык негизде маалыматты укмуш анализдеп, логика боюнча китептердеги көнүгүүлөрдө логикалык каталарды таап, жасалма “дебат” форматында аргументтерди келтире билиши мүмкүн, бирок бул тажрыйбасын жана билимдерин жашоодо колдонуп, реалдуу кейстерди чече билбесе, ал жөндөмдөрдүн эч мааниси болбойт. Мына ушул үчүн, сынчыл ойломдун төртүнчү кадамы, алган натыйжаларды жашоодогу маселелерди чечүүгө колдонуу болуп саналат.
Сынчыл ойломду өнүктүрүү керек жана өнүктүрүүгө болот. Бул көндүм дайыма мунун үстүнөн иштеп турууну талап кылат. Сынчыл ойлом – бул сын жөнүндө эмес. Бул эбегейсиз ири маалымат агымынан багыт таба билүү, кабыл алып жаткан маалыматка шек көз менен карай билүү жөнүндө. Кандай маалымат болбосун күмөн саноо керек, суроолорду бере билүү керек, ар түрдүү жана көп суроолорду берүү керек. Ой, билдирүү же идея канчалык татаал болсо, ошончолук көп суроо болушу керек. Маалыматты текшерүү абдан маанилүү жана биринчи булакты издөөдөн коркпош керек, бир нече булакты текшерүү керек. Баарына эле дароо ишене берүүгө болбойт. Бул макалага да.
Булагы: https://www.forbes.ru/karera-i-svoy-biznes/370759-ne-veryu-kak-razvit-kriticheskoe-myshlenie