Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Бул эмне - флиртпи же асылуубу?

03.08.2022 • 13:02

Флирт адамдардын ортосундагы романтикалык мамилелердин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

 

Флирттин жардамы менен адамдар бири-бирин жактырганын билдиришет – муну менен бирге биз өзүбүздү бактылуураак сезебиз, бул диалогдо өзүбүздү тең укуктуу өнөктөштөр катары болобуз жана өзүбүздү абдан жайлуу сезебиз.

 

Бирок, мындай жактыруу бир тараптуу гана болуп, таанышуу демилгеси бир гана тараптан улантылып жана кысым, агрессия же жеке чек араны бузуу аракеттери (каалабаган кармалоолор, өбүү, кучактоо, чымчуу же одоно комплименттер, интимдик байланышка ишарат кылуу ж.б.) менен коштолсо, бул учурда биз өзүбүздү абдан жагымсыз сезебиз – асылуу мына ушул. 

 

Ошентип, флирт менен асылуунун айырмасы эмне?

  • Флирт: кубаныч тартуулайт / эки тараптуу диалог, сен кырдаалды көзөмөлдөп турганыңды сезесиң / өзүңө берген бааң көтөрүлөт / жакындыкты өзүң каалайсың жана бул жагымдуу
  • Асылуу: маанайды түшүрөт / сен тараптан демилге жок / кысымды сезесиң жана айласыздык сезими пайда болот / өзүңө карата бааң түшөт / кармалоо күтүлбөстөн болот жана сага жагымсыз.

 

Ошентип, жеке туюмдарың аркылуу да бул диалогду андан ары уланткың келеби же жокпу түшүнүп алсаң болот. Кээде баарлашуунун биринчи секундунан баштап эле “биздин адам эмес” экенин түшүнөбүз – бул сөзсүз түрдө эле асылуу болбошу мүмкүн, жөн гана мүнөздөрү же темпераменти боюнча дал келбеши ыктымал, мындай учурларда дароо кош айтышкан жакшы. Кээде болсо жагымсыз сезимдер кечирээк пайда болот, бул учурда да ал адам менен байланышты токтоткон жакшы.

 

Ар бирибиз ким менен баарлашууну каалайбыз, ким менен баарлашкыбыз келбейт – өзүбүз тандайбыз, башкача айтканда биз “макулбуз” же “макул эмеспиз”. Ошондуктан бири-бирибиздин жеке чек арабызды сыйлоо маанилүү!
 

Булактары: 

https://www.psychologies.ru/articles/flirt-ili-domogatelstvo-kak-ne-oshibitsya-i-pomoch-vovremya/ 

http://burro.cwru.edu/women/harassment/flirting.html 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.