Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азияда кеңири тараган стереотиптер

08.06.2022 • 05:35

«Сен ашканада эмне кылып атасың, аялсыңбы эмне?», «Ага окуп эмне кереги бар, күйөөгө тийсе болду да!», «Ал аялдын кесиби эмес, сен өтө албайсың ал жакка», «Ооруганга чыда. Эркектей болсоң! », «Аял үй-бүлөлүк жашоодо баарына чыдаш керек», «Биздин ата-бабаларыбыз ушундай кылышкан, биз да ошондой кылабыз», «Аял жаман айдоочу», «Эркек аялга караганда көп акча табышы керек», «ВИЧ жашоодо өзүн жаман алып жүргөндөрдө гана болот», «Аял үй-бүлөгө басым жасашы керек», «Кыздар күйөөгө 25 жашка чейин чыгышы керек», «Бизнесте аялдар эркектерге караганда ийгиликке азыраак жетет», «Мыкты хирургдар - эркектер» - бул Борбор Азиядагы эң көп кездешкен стереотиптер. Муну Өзбекстандагы заманбап журналистиканы өнүктүрүү Борбору жүргүзгөн чакан сурамжылоо аныкталган. Сурамжылоого Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 20 журналист катышкан.

Борбор Азиядагы эң кеңири тараган стереотиптер гендердик стереотиптер болуп саналат. Аялдар менен эркектердин ортосундагы мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздиги маселеси 21-кылымда да бар. Көз карандысыздык жылдарында Борбор Азия өлкөлөрү гендердик теңсиздикке каршы туруу боюнча бир катар прогрессивдүү чараларды көрүштү. Бирок ага карабай, тамырлап кеткен птриархалдык түзүлүштөр түп-тамырынан бери жоюла элек жана БА өлкөлөрүндө гендердик дискриминация дагы деле орун алып, жашоонун ар кайсы чөйрөлөрүндө кездешип келет.

 

Гендердик стереотиптердин акыйкатсыз калыптанышы көп учурларда аялдарга катыштуу басынтуунун себебине айланат жана бир катар укуктардын бузулушуна өбөлгө болгон фактордун ролун ойнойт, маселен, ден соолукта болуу укугу, татыктуу жашоо деңгээлинге болгон укук, билим алуу, никеге туруу укугу, үй-бүлөлүк мамилелердеги укук, эмгек укугу, пикирин эркин айтуу укугу, эркин жүрүү укугу, саясий жашоого катышуу жана саясий кызыкчылыктарын коргоо укугу, укуктук жактан коргоонун натыйжалуу каражаттарына ээ болуу жана гендердик зомбулуктан эркин болуу укугу.

 

Дискриминациялык стереотиптерди азайтуу бир нече чөйрөдө ишке ашышы керек:

• личносттук – речь, мамиле, тандоо, жүрүм-турум аркылуу;

• коомдук – белгилүү бир социалдык шарттарды тузүү аркылуу, гендердик бейтараптуулукка үйрөткөн адабияттар, тасмалар, ырлар ж.б., оюнчуктар, кийим-кече, билим берүүчү программалар, тарбиялоо амалдары, экономикалык ресурстарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү ж.б.;

• мамлекеттик – бекитилген саясат, гендердик теңчилик, укук жана мүмкүнчүлүктөр жаатындагы укуктук-ченемдик базаны түзүү аркылуу.

 

Шилтемелер: file:///Users/macbook/Downloads/%E2%84%961.1%20Guidelines%20to%20help%20eliminate%20discriminatory%20stereotypes%20against%20rural%20women%20(2).pdf

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.