Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Стереотиптер менен күрөшүү

01.06.2022 • 05:32

Аялдар президент жана учкуч болууда, космоско учуп жатышат, эркектердин футболдук командасын машыктырууда, симфониялык оркестрге дирижер болуп жатышат жана салттуу түрдө эркектерге тиешелүү деп саналып калган бир катар кесиптерде ийгиликтерге жетип жатышат. Бирок, гендердик стероетиптер бүгүн да массалык маалымат каражаттарында, фильмдерде, жарнамаларда жана албетте күнүмдүк тиричиликте басымдуулук кылат.

 

Адамдарды бөлүп-жарган стереотиптер абдан зыяндуу, анткени алар аялдар менен эркектердин жеке жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүн, кесиптик жактан өнүгүүгө умтулуусун жана жашоодо тандоо жасоосун, план түзүүлөрүн чектеп коёт. 

 

Гендердик стереотиптердин акыйкатсыз калыптанышы көп учурларда аялдарга катыштуу басынтуунун себебине айланат жана бир катар укуктардын бузулушуна өбөлгө болгон фактордун ролун ойнойт, маселен, ден соолукта болуу укугу, татыктуу жашоо деңгээлинге болгон укук, билим алуу, никеге туруу укугу, үй-бүлөлүк мамилелердеги укук, эмгек укугу, пикирин эркин айтуу укугу, эркин жүрүү укугу, саясий жашоого катышуу жана саясий кызыкчылыктарын коргоо укугу, укуктук жактан коргоонун натыйжалуу каражаттарына ээ болуу жана гендердик зомбулуктан эркин болуу укугу.

 

 

Стереотиптер менен күрөшүү үчүн бала кезден баштап адамдарга теңчилик деген түшүнүктү туура кабылдоону калыптандыруу керек. Бул билимдер адамды жашоосунун аягына чейин коштоп жүрүп отурушу керек. Бирок, билим менен бирге туура үлгүлөр менен да көмөктөшүү керек. Бул жерде ММКлар чоң ролду ойнойт. Стереотиптерди жайылткан контенттерге бөгөт коюу үчүн журналистиканын этикалык нормаларын сактоо зарыл.  

Билим берүү – ММКдагы гендердик стереотиптер менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу. Ошондуктан, жаңылыктар медиаларынын редакцияларын аң-сезимдүү түрдө сенек ынанымдардан арылууга үйрөтүү керек. 

ММКлардагы гендердик стереотиптерди азайтуу бир гана журналисттердин ишин жакшыртпастан, жалпы коомго таасир берет.

 

 

 

Булагы: https://news.un.org/ru/audio/2016/03/1032891

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.