Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Стереотиптер: түшүнүгү жана келип чыгуу себептери

23.05.2022 • 05:30

Күнүмдүк жашообузда бул же тигил маселе боюнча айланабыздагы адамдардын пикири биз үчүн маанилүү болгондо алардын сөздөрүнө кулак салабыз. Муну менен бирге көп учурларда биз башкалардын пикирлери субъективдүү экенин түшүнүп турсак деле ага ишене беребиз. Ошол сыяктуу эле биз ММК жана соцтармактардан маалымат алууга аракеттенебиз. Стереотиптер мына ушинтип пайда болот: белгилүү бир билимдердин үстүнө адамдын кайсы бир предмет же көрүнушкө карата эмоционалдык мамилеси кошулат. Анан дагы, медианын аркасында пайда болгон социалдык стереотиптерге биз бала кезибизден баштап эле туш боло баштайбыз.

Социалдык стереотиптер бул белгилүү бир топтун ичиндеги эмоционалдык боёкко боёлгон жана туруктуу мүнозгө ээ болуп калган ынанымдар.

 Башкача айтканда, биздин стереотиптер – бул биздин кызыкчылыктарыбыздан, каалоолорубуздан жана адаттарыбыздан турган биз түзүп алган дүйнөнүн картинасы. 

Адамды курча турган нерселер, эрксизден анын ички идеалдары менен салыштырылат. Мына ошон үчүн стероетиптер оң же терс боёкко боёлгон, мисалы “бардык балдардын жан дүйнөсү таза” жана “аялдар эркектерге караганда акылсызыраак”. Бардык стереотиптер кабылдоо өзгөчөлүктөрүбүздү чагылдырат жана индивид тарабынан реалдуулукту таануу процессин жеңилдетет. Бирок бул реалдуулук көп учурда объективдүү эмес болот, анткени стереотип – алдын ала белгилүү сенек пикир болуп саналат. Анда эмненин негизинде стереотип оң же терс мүнөздө деп бүтүм чыгарууга болот?

Стереотиптин маңызы – оң жана терс мүнөзү – түзүлгөн кырдаалга жараша болт, анткени бир шартта стереотип чындык болуп саналат, ал эми башка учурларда таптакыр чындыкка дал келбейт. Стереотиптер белгилүү бир кырдаалдардын таасири астында пайда болот, ал кырдаалдар каалаган убакта өзгөрүп кетиши мүмкүн, ал эми сенек болуп калган ынаным даг көп жылдар бою жашай берет.

Көп учурларда стереотиптер адамга көп буйдалбай туруп кандайдыр бир тандоо жасоого же ага керектүү чечимди чыгарууга жардам берет. Заманбап дүйнөдө ар бир адам улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү коргоо жана жакыныңа жардам берүү керек деп ишенет. Мындай стереотиптер адамдын коомдогу жүрүм-туруму үчүн нормага айланган, эч ким ойлонбойт, эмне үчүн тарбиялуу адам дал ушундай кылышы керек деп.  Бирок бул стереотиптердин жакшы жагын көрсөткөн жалгыз учур эмес. Кээде кандайдыр бир окуяларга же коомдогу көрүнуштөргө туура баа берүү кыйынга турат, анткени ал туурасында буга чейин керектүү маалымат болгон эмес.   Ошондо адамдар коомдо турукташып калган стереотиптерге таянышат, аларга таянуу индивидуалдуу чечим кабыл алууну талап кылбайт жана кайсы бир деңгээлде конкреттүү адамдан жоопкерчиликти алып салат. 

Башка жагынан алсак, жалган билимдерге таянган социалдык стереотиптер туура эмес болушу мүмкүн болгон айрым бир жүрүм-турум моделин таңуулайт. 

Биз көп айтышат: «Өзгөчөлөнбө, башкалардай болсоң!» Ал эми «Сени бул үчүн сыйлабай калышат» деген сөздөр такыр эле коркутуп салат, анан биз өзүбүздү табигый түрдө алып жүргөндөн корко баштайбыз. 

Жалган стереотиптер адамды башка адамдарга катыштуу кастыкка багыттайт: алардын расасына, улутуна, сырткы келбетине, жашоо образына. Стереотиптер адамдардын топторунун окшоштуктарын таппайт, алардын айырмачылыктарына басым жасайт, натыйжада бул “жаман”, “жакшы” жана “биздики”, “башкалар” деп бөлүнүүгө алып келет.

Стереотиптер жана сенек ынанымдар абдан өжөрлүк менен жашаарын түшүнүү керек, анткени адамдын ар бир чечимин жана жүрүм-турумун дайыма ойлонуп, талдап отурганга мүмкүн эмес. Бирок, стереотиптердин негативдүү таасирин алган тажрыйба жана өздөштүргөн билимдин жардамы менен азайтууга болот. Эгер адам алган маалыматын текшерсе, уккан же окуган нерсенин баарына дароо ишенип, негизсиз бүтүмдөрдү чыгарбаса, ал стереотиптердин таасиринен бошонуп, өзү үчүн дүйнөнүн объективдүү картинасын түзө алат.

 

Булагы: http://bip-grodno.by/preodolenie-predekzamenatsionnogo-stressa/

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.