Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматтык согуш шартында кантип сабыр кармайбыз?

06.05.2022 • 06:23

Маалыматтык согуш шартында кыжырданган абал, делебе козголуп, кесиптештер же туугандар менен сүйлөшүү учурунда уруша кеткен учурлар көп эле кездешет. Учурдагы окуялар туурасында сөз болгондо эгер үнүңүздүн тону көтөрүлүп жатканын байкасаңыз же тескерисинче, дароо айланадагылардан оолактап, нервденип, жаңылыктар сайттарын тынбай барактап жатсаныз, психологдор бир саамга токтоп, ушул кырдаалда мен эмне кыла алам деп өзүңө суроо берүүнү сунуштайт. Төмөндө бир нече кеңештер:

  • Өзүңөр үчүн ишенимдүү маалымат булагын аныктап алгыла. Социалдык тармактардын катардагы колдонуучуларынын комментарийлерине жана постторуна ишенбегиле, анткени алардын авторлору өз сөздөрү үчүн эч кандай жоопкерчиликти алышпайт (жаңылык жасаган ресурс эмес).
  • Социалдык тармактарда отурган жана жаңылыктарга көз салган убактыңарды чектегиле. Бул үчүн атайын бир убакытты белгилеп алгыла, күндүн биринчи жарымы жакшы, жаман ойлор уктаганга тоскоол болбошу үчүн.
  • Тынчсызданууну пайда кылган ашыкча маалыматтын арылгыла. Соцтармактарда бул сыяктуу жаңылыктар менен лентаңарды толтурган адамдардын постторун убактылуу жаап койгула. Telegram тармагындагы өтө эле негативдүү каналдардын чыгып кеткиле.

Толугу менен негативге тартылып кетпей, өзүң үчүн шыктануу булагын таап алуу маанилүү. Эл алдында урушка түшүп, досторуңду “блокко” салып жана достордун тизмесин “тазалоодон” мурда ойлонуп көргүлө, ушул керекпи?  Балким, силерди ал адамдар менен саясат эмес башка бир нерсе бириктирип турат. Кандай дүйнөлүк конфликт болбосун эртеби-кечпи аяктайт.

Булагы:

https://24.kg/obschestvo/226166_sredi_zlobyi_iagressii_kak_nesoyti_suma_nafone_informatsionnoy_voynyi/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.