Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматтык согуштар дүйнөлүк тарыхта

20.04.2022 • 06:02

Маалыматтык согуш (МС) жүргүзүү көп учурларда ар кандай чалгындоо структураларынын милдеттерине кирет, кээде бул маселе менен алектенген атайын бөлүмдөр, уюмдар да болот. СССР убагында муну менен Кызыл Армиянын башкы саясий башкармалыгынын 7-башкармалыгы алектенген, Үчүнчү Рейхте – элдик агартуу жана пропаганда Министрлиги, АКШда болсо – “Маалымат Бюросу”. Профессионал пропагандисттер биринчи жолу Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда пайда болгон.

 

МС ыкмалары ар кандай жана көп түрдүү. Белгилүүлөрдүн эң эскиси каршылашты коркутуу. Мисалы, Персия падышасы Ксеркс I Грецияга кол салаардан мурда өзүнүн агенттери аркылуу өз аскеринин жеңилбестиги туурасында кеп тараткан: “эгер персиялык аскерлер жаа менен атса, жаанын жебелери күндүн нурун жаап калат”. Коргонууга мүмкүн эмес болгон жашыруун курал туурасындагы дезинформация да абдан мыкты иштеген. Чыңгызхан жана Ганнибал ушундай ыкманы колдонушкан. Басып алган аймактын үн чыгарбай баш ийиши үчүн, аларга каршы тоталдык террор уюштуруп, дээрлик геноцидке жеткирген. Баскынчыларга карата кандай каршылык болбосун кандуу басылып жана эл алдында көрсөтмөлүү жазаланган. Мындай аракеттердин аркасында элдин жүрөгүнүн үшүн алып, аларды андан аркы күрөштөн баш тартууга аргасыз кылышкан. Адатта монголдор ушундай кылышкан.

 

Маалыматтык согуштун негизги куралы дезинформация болуп саналат. Ар кайсы мезгилдерде дезинформацияны өз душмандарына түркүн амалдар менен жеткиришкен – талантына жана фантазиясына жараша. Көп кездешкен ыкма – касташкан тарапка тыңчы киргизип жиберүү. Кээде абдан кызыктуу варианттар да колдонулган. Венгерлерди кезектеги ирет талкалаган монголдор, венгер падышасынын жеке мөөрүн тартып алып, анын атынан баскынчыларга каршылык кылууну токтотуу жөнүндө указ чыгарышкан. Андан соң аны бүт Венгрия аймагына таркатышкан.

 

Басмакана өнөрү пайда болгондон кийин жана акырындык менен сабаттуулук жалпы калкка жайылганы МС үчүн басма сөздү колдоно башташкан. Ушундайча МС ММКларда башталган. Пропаганда менен дезинформациянын негизги куралы баракчалар боло баштаган, аларды ар кандай жолдор менен касташкан тараптын аскерлери менен калкына жеткиришкен. Баракчаларды кеңири өндүруштүк масштабда колдонуу Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда башталган. Ошол эле мезгилде чатактын негизги катышуучулары атайын кызматтарды түзүп, алар пропаганда менен алектене башташкан.

Таң калычтуусу, Биринчи Дүйнөлүк согуш пропаганда биринчи кезекте өз аскерлериң менен калкыңа багытталышы керектигин так көрсөткөн. БДС учурундагы эң мыкты пропагандисттер англичандар болгон. Башкасын айтпаганда да, алар биринчи болуп агитснаряд, агитмина, ал тургай агитгранат ойлоп табышкан.

Ошол убакта ойлоп табылган эң ыплас англис фейктеринин бири, немистер өзүлөрүнүн жана душманынын жоокерлеринин сөөгүн кайра иштетип чочколорго жем кылат экен деген маалымат болгон. Бул билдирүү бүткүл дүйнөдө жийиркеничти пайда кылган: ошондон кийин Кытай Антантага кошулган, ал эми Англия менен Американын өзүндө бул материал фронтко аттанууну каалаган ыктыярчылардын болуп көрбөгөндөй агымын жараткан. 

 

Немистер да ушул сыяктуу бир нерсе ойлоп табууга аракет кылышкан: алар өз элине орус казактары ымыркай балдарды жейт деп айтышкан (аларга да ишенишкен). Бул герман солдаттарын фронтто ого бетер жигердүү кармашууга түртүп, өз Фатерляндын азиялык киши жегичтерден коргош үчүн өзгөчө каармандык көрсөтүшкөн.

Экинчи Дүйнөлүк согуш да өзүнүн тир укмуш фейктерин жаратты. Мисалы, немистер концлагерлердеги еврейлердин сөөгүнөн кеңири өнөр жайдык масштабда самын жасайт экен деген кеп таратышкан. Бул миф азыркы заманбап израилдик Холокостту изилдөөчүлөр тарабынан чындыкка дал келбестиги тастыкталганына карабай, азыркыга чейин бир окуу китебинен экинчисине көчүп жүрөт. 

 

Булагы: https://militaryarms.ru/novye-texnologii/informazionnie-voiny/




 

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.