Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кантип маалыматтык согуштун курмандыгына айланбоо керек?

13.04.2022 • 06:00

Адам үчүн өзүн коомдун бир бөлүгү катары сезип, көпчүлүктүн пикири менен эсептешүү маанилүү. ММК аркылуу көпчүлүктүн пикири демиш болуп каалаган көз карашты таңуулаганга болот. Башкача коз караштагы адамдар ойлорун айткандан коркушат, анткени аны менен көпчүлүк макул болбойт деп коркушат, а чынында көпчүлүк аны менен макул болушу мүмкүн. Андан тышкары, адамга координаттор системасы абдан маанилүү – ал белгисиздикте жашай албайт. Пресса дүйнөнүн толук картинасын түзүп бергендей иллюзия жаратат жана ошол иллюзиянын алкагында бардык окуяларды түшүндүрүп берет. Буга каршы келбеген нерселердин баарына чын дилден ишенишет. Ушул жерде конспирология үчүн негиз пайда болот: бардык эле окуяларды кырдаалдын жүрүшү менен оңой эле түшүндүрүп коюу мүмкүн эмес, адамдардын ниеттери дайыма эле айдан ачык эмес, ошондуктан баарын бул кутум деп коюу оңой.

 

Каршы туруунун бир гана мыкты амалы бар – ММКдан толугу менен баш тартуу. Бирок постиндустриялык коомдо бул думана болуп кеткенде гана мүмкүн. Ким мындай радикалдык чарага даяр эмес болсо, төмөнкү бир нече кеңеш дезинформация менен пропаганданын таасирин болушунча азайтууга жардам берет:

  • Угуп же көрүп эмес, окуганга аракет кылгыла. Адам окуп жатканда көбүрөөк сынчыл ойлонот, аны адаштыруу оңой эмес.
  • Манипуляция кылуу ыкмаларын эсиңерден чыгарбагыла, аларды жашоодо байкай жүргүлө. Эгер манипуляция болуп жатканын аныктасаңар, демек ал ишке ашкан жок.
  • Бир гана булакка толук ишенбегиле. Эгер бир тараптын пропагандасынан качып кутулсаңар, бул экинчи тараптын пропагандасынан да кутулдуңар дегенди түшүндүрбөйт: согуш учурунда баары калп айтат.

Ошондой эле, эсиңерде болсун МС этап менен жүргүзүлөт. Жогорку чыналууну узакка кармап туруу мүмкүн эмес, ошондуктан согуш учурундагы чыңалуу күчөп турган маалда өзүңөргө маалыматтык диета жарыялагыла. Мисалы, эс алууга кетип же бир сериал, китеп же видео-оюнга берилүү.

 

«МС кризистин узактыгына жараша көпкө созулушу мүмкүн. Кээде дароо эле бир көз ирмемде эле башталып кетет, бирок көп учурда коомду акырындык менен тартышат, улам күчөп жүрүп отурат. Академиялык көз караштан алганда кандай МС болбосун – бул жогорку активдүүлүктөгү коммуникациялык кампания, рекламалык же PR-кампания сыяктуу эле.

МС силерге терс таасир тийгизбеш үчүн телевизор көргөндөн көрө, жаңылыктарды жана макалаларды окуган жакшы. Бул башкы кеңеш. А калгандары болсо, канчалык таң калычтуу болбосун, менталдык гигиенага тиешелүү: 

1) маалыматтык кырдаалдарга эмоционалдуу түрдө аралашпаганга аракет кылуу керек, антпесе анын барымтасында калышың мүмкүн; 

2) дайыма эстен чыгарбаш керек, картинанын артында реалдуу адамдарды азабы жатат; 

3) жаңылыктарды көрүүнү жана жаңылык сайттарына кирүүнүн убактысын чектөө керек (мисалы, күнүнө 15-20 мүнөт – кабардар болуп туруу үчүн бул жетиштүү болот); 

4) эч качан саясат менен гана жашап калбоо керек, маданий иш чараларга да орун берүү зарыл (жок дегенде киного баруу);

5) жок дегенде күнүнө 15-20 мүнөт сейилдөө абдан пайдалуу жана маанилүү (паркта) – бул психоэмоционалдык чыңалуну азайтат. Өзүңөр көргөндөй, эч кандай сыры же жашыруун эч нерсе жок – баарыбыз мунун баарын жакшы билебиз. Бирок, тилекке каршы, жасабайбыз”, – Валерий Соловей, профессор, МГИМО коомчулук менен байланыш кафедрасынын жетекчиси.

 

Булак: http://www.lookatme.ru/mag/how-to/inspiration-howitworks/206079-infowars

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.