Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматтык согуштар: түшүнүгү, себептери, ыкмалары

06.04.2022 • 05:58

Кандай согуш болбосун – бул бир нече тараптардын ортосундагы өз максатына жетүүнү көздөгөн куралданган кармаш. Маалыматтык согушта (МС) болсо анын катышуучулары каршылаштарын толук жеңип же жок кылууну көздөшпөйт, бири-биринин үстүнөн артыкчылыкка ээ болууга умтулушат. Ал салттуу согуштун натыйжасы же анын себеби да болушу ыктымал, же болбосо өз алдынча да пайда боло алат: мисалы шайлоо учурунда же саясий кризисте.

 

Кеңири маанисинен алганда МС өз ичине манипуляция, коммуникация каражаттарын курал катары пайдалануу, маалыматтарды топтоо, пропаганда, логистика жана электроника жаатындагы саботаж, аңдуу жана башка чараларды камтыйт. Колдонулушу жагынан алганда терминдин мааниси психологиялык согуштун (дезинформация жана пропаганда)  жана киберсогуштун түшүнүктөрүнө жакыныраак (коммуникация каналдарына таасир этүү). Көпчүлүк адамдарга биринчи түрү тиешелүү, ошондуктан сөз андан ары ошол турасында болот.

 

МСтун негизги милдети – адамдардын баалуулуктар системасына таасир этүү, алардын жүрүм-турумун, ойломун өзгөртүү, каршылык көрсөтүү жөндөмүнөн ажыратуу. Жана бир гана каршылаш тарапка эмес, өзүнүн тарабына да таасир этет. Бул үчүн массалык маалымат каражаттары абдан туура келет, биринчи кезекте - телевидение. Ал мурдагыдай эле интернет жана социалдык тармаактарга караганда өзү катышып жаткандай сезимди ийгиликтүү жарата алат. 

 

Дайыма көмүскө түрдө манипуляция кылышат: эгер сизди манипуляция кылууга аракет кылып жатканын билип турсаңыз, демек ал ишке ашкан жок. Биринчи кезекте эмне туурасында айтып жаткандары маанилүү эмес, кандайча айтып жаткандары маанилүү. Бүгүнкү күндө пропаганда түз жоопторду бербейт: адамдарга түздөн-түз ачык эле башка бирөөнүн пикирин таңуулаганда алар каршылык көрсөтүшөт. Анын ордуна пропаганда адамдарды бул пикирге өзүлөрү келгендей кылып ойлонууга түртөт. Ииликтөөчүлөр манипуляторлор колдонгон ондогон эрежерлдерди белгилешет. 

 

  • Болуп жаткан окуяларды сүрөттөгөн жаңы терминдерди жана образдарды киргизишет. Пропагандисттер тилдик ыкмаларды колдонушат (фонетикалык жана лексикалык), ошондой эле кандайдыр бир көрүнүштөргө же адамдардын тобуна терс же оң мүнөз бериш үчүн коомдо орун алган алдын ала ынанымдарды, адашууларды пайдаланышат. Мунун жардамы менен каршылаш тарапты жаман же төмөн кылып көрсөтүшөт – мисалы, адам кейпинен кетирип, жаныбарларга же өсүмдүктөргө теңеп.
  • Статистиканы кыянат пайдаланышат. Эгер адамдын эс тутуму жакшы болсо жана мыкты сүйлөй алса, ал кандай аргумент болбосун цифралар менен оозду жаап коет. Бардык эле адамдар тез эсептеп жана баалай алышпайт, ошондуктан, туура келген контекстте статистика күчтүү курал болуп берет – айрыкча социологиялык статистика, буга кошумча, көпчүлүктүн пикирине да таянышат.
  • Күн тартибин өзгөртүп коюшат. Манипуляторлор бардык окуялардын ичинен өзүнө пайдалуу болгондорун тандашат. Маалыматтык согуш учурунда медиа жалган маалыматтык себептерге толот, бир окуялардын ордуна башка окуяларга артыкчылык берилет. Ошентип, ММК аркылуу керектүү теманын айланасында чыңалууну кармап турушат.
  • Купуялуу булактарга таянышат. Манипуляторлор уурдалган маалыматтарды пайдаланышат – жалган да, чын да болушу мүмкүн. Бул айрым бир билдирүүлөрдүн чындык экенин көрсөтүш үчүн жасалат: уурдалган маалыматтар саналуу гана адамдарга белгилүү болгондой көрсөтүлөт, муну менен адамды болуп жаткан окуяларга аралаштырып алышат. Анын үстүнө, көп убактарда адамдар расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнө ишене беришпейт, катылган башка бир маани бардай издешет.
  • Эксперттердин пикирин беришет. Катардагы окурман, угарман жана көрөрман үчүн ал эксперттер ким болбосун өзгөчө, уникалдуу бир билимге ээ болгондой көрүнөт. Уурдалган маалыматка таянган сыяктуу эле, бул да маалыматтын чындыгын көрсөтүүгө багытталган амалдардын бири.
  • Жеңил транска киргизет. Добушу же видеосу адамдын аң-сезимин маң кылып, көмүскө аң-сезимин ачышы мүмкүн, мунун аркасында адамдар маалыматты сынчыл ойлом менен кабылдабай калышат. Бул эгер радио же телевизор жөн гана фон катары иштеп турган учурда да иштейт.
  • Ыктымалдуу сценарийлер менен коркутушат. Кээде жок жерден эле өзүнүн артыкчылыктарын ойлоп тапкандан көрө, каршылашынын кемчиликтерин издөө оңой. Бул жарым-жартылай чындыкка айланат: “Ооба, азыр абал анча жакшы эмес, бирок мындан да жаман болушу мүмкүн”. Бул да иштейт, анткени көпчүлүк адамдар азыр болгонуна ыраазы, иши кылып таптакыр жаман болбосо экен дешет.

 

Источник: http://www.lookatme.ru/mag/how-to/inspiration-howitworks/206079-infowars

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.