Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

ММС боюнча 10 оюн

24.03.2022 • 06:44

Медиа-маалыматтык сабаттуулук (ММС) жаатында оюн аркылуу билим берүү  методу тездик менен өнүгүүдө. Оюндар окуу процессин жандандырат, катышуучуну бул процесске тартып, ММС жаатындагы ар кандай көндүмдөрдү машыктырат. Мындай оюндар фейк маалыматты табууну, фейк жасоочунун ордунда болуп көрүүнү же дезинформацияны төгүндөөнү сунуштайт.

 

Америкалык университеттин  Game Lab иштеп чыгуучулары жана коммуникация Мектебинин иштеп чыгуучулары 2007-жылы Factitious оюнун баштап, ал дароо популярдууцлукка ээ болгон. Оюнчу анын алдындагы макала чындыкпы же жалган экенин аныкташы керек. Оюнда маалыматтын булагынын ишенимдүүлүгү жана чындыгына басым жасалат. Ал эми iCivics оюну шайлоо алдындагы технологияларды түшүнүүгө, талапкердин адискөйлүгүнө, тажрыйбасына, шайлоо программасынын негиздүүлүгү жана реалдуулугуна ж.б. карап тандоо жасоого жардам берет. Популизм күч болуп турган чакта өтө пайдалуу ресурс!

 

Get Bad News - нидерланддык Drog компаниясы Кэмбриж университетинин социалдык жүрүм-турум боюнча изилдөөчүлөрү менен биргеликте иштелип чыккан оюн, анда аягынан баштаган метод колдонулган. Колдонуучуга фейк жасоочунун ордунда болуу сунушталат, ал болушунча көп катталуучуга ээ болуу үчүн кантип фейкти болушунча кеңири жайылтуу керек, медиа чөйрөгө жана коомдун жүрүм-турумуна таасир этүү жолдорун ойлонушу керек болот. Оюнда пропаганда деген эмне жана ал иш жүзүндө кандай иштээрин түшүнүүгө жардам бере турган 6 тактикалык амал кеңири талданган.

 

BBC iReporter оюнунда силер профессионал журналист болосуңар, материал жасоо, анын чын-бышыктыгын текшерүү, коомдун реакциясын баалоо, аны таркатуу амалдарын эсептеп чыгуу, ошол эле убакта ар кандай дезинформация булактарынын чабуулун да көрсөтүшүңөр керек болот. Өзүңөрдүн фактчекердик көндүмдөрүңөрдү төмөнкү оюндар аркылуу текшерип көрсөңөр болот Fakey, Interland: Reality River, Newsfeed Defenders.

 

Troll Factory оюну Get Bad News оюнуна окшош: оюн дезинформация кандайча социалдык медиага сиңирилип, белгилүү бир контент кандайча таратылаарын көрсөтөт. Элестетип көргүлө, силер профессионал троллсуңар, кырдаалды козутуу, коркуу сезимин жаратуу, алдын ала ынаным жана прогпаганда таркатуу аркылуу социалдык медиага таасир этүүгө аракет кыласыңар.

 

ММС жаатындагы оюндарга шилтемелер:

Factitious - http://factitious.augamestudio.com/#/

iCivics - https://www.icivics.org/games

Get Bad News - https://www.getbadnews.com/#intro

Troll Factory - https://trollfactory.yle.fi/

BBC iReporter - https://www.bbc.co.uk/.../idt-8760dd58-84f9-4c98-ade2...

Fakey - https://fakey.iuni.iu.edu//

Internet Awesome - https://beinternetawesome.withgoogle.com/.../reality-river

Newsfeed Defenders - https://www.factcheck.org/newsfeed-defenders/

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.