Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азиядагы киберспорттун өнүгүшү

16.03.2022 • 05:48

Соңку күндөрү киберспорт дүйнөлүк масштабда популярдуулукка ээ болууда. 2022 Азия оюндарында киберспорт турнирдин расмий программасына киргизилет, демек киберспортчулар медаль үчүн ат салышат. Киберспортко салынып жаткан каражаттар миллиондогон долларды түзөт (1).

 

2016-2018-жылдары Борбор Азия өлкөлөрүндө биринин артынан бири киберспорт федерациялары түзүлгөн – Өзбекстандын электрондук компьютердик спорт Федерациясы (2016), Кыргызстандын киберспорт Федерациясы (2016), Казакстандын киберспорт Федерациясы (2017) жана Тажикстандын киберспорт Федерациясы. 

 

Аймактагы чоң жетишкендик болуп киберспорттун спорттук дисциплиналар реестрине кириши болду. 2018-жылдын июнь айында Казакстандын спорттук реестринде жаңы спорттун түрү пайда болду – киберспорт. 2018-жылдын декабрь айында киберспорт Кыргызстандын спорт түрлөрүнүн Улуттук реестрине жана спорттук дисциплиналар реестрине киргизилген. Ошондой эле көрүнүш Өзбекстанда 2019-жылы орун алды. Андан тышкары, 2020-жылы Qazaq Cybersport Federation Казакстандын Улуттук Олимпия Комитетинин таануусуна татыктуу болду. 

 

Борбор Азия чөлкөмүндөгү таймаштардын тизмесине кирген эң белгилүү оюндар - бул Dota, CS, Tеккен7 жана pes21. Республика ичиндеги тандалма турлардан кийин жеңүүчүлөр регионалдык тандоого жөнөшөт – Борбор Азия, Түндүк-Түштүк Азия, Америка ж.б. Регионалдык тандоо турларынан өткөн борбор азиялык катышуучулар, финалдык оюнга бет алышат. Жыл сайын финалдык турлар киберспорт Эл аралык Федерациясы тарабынан ар кайсы өлкөдө уюштурулуп турат (2).

Бир нече киберспорт турнирлери салтка айланып калды, алар Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнөн оюнчулар менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартып келет. Алардын катарына ALTEL Cyber Games турнирлери кирет, анда Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Армения, Беларусь, Грузия, Молдова, Россия, Түркмөнстан жана Украинанын өкүлдөрү катышышат (3).

Булактары:

  1. https://kun.uz/ru/00180431

  2. https://kabar.kg/news/kibersport-v-kyrgyzstane-u-strany-est-vse-shansy-popast-v-mezhdunarodnyi-turnir/
  3. https://kursiv.kz/news/sport/2022-01/kibersport-v-kazakhstane-itogi-2021-goda

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.