Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Компьютердик вирустар: зыянсызынан баштап эң коркунучтууга чейинки өнүгүү таржымалы

16.02.2022 • 05:41

Компьютердик вирустардын пайда болгонуна 40 жылдан ашып калды. Эң алгачкы вирустардын бири Apple компьютери үчүн иштелип чыккан (бирок, жыйынтыгында, ал “алма” компьютерлеринин массалык булганышына алып келген эмес). Бул окуя 1981-жылы болгон, “пионердин” ысымы Elk Cloner болгон (эркин котормосунда “багыштарды клондогуч” дегенди түшүндүрөт). 

Elk Cloner компьютерлерди дискета аркылуу жуктурган: булганыч дискетадан система вирустун көчүрмөсүн жасап алган.  Аталган вирус компьютердин ишине олуттуу деле зыян келтирген эмес, анткени америкалык окуучу Ричард Скрента тарабынан тамаша иретинде жасалган.

Ал эми MS DOS операциялык системанын башкаруусундагы ПК үчүн кеңири тараган биринчи вирус 1986-жылы пайда болгон, ал Brain деп аталган (англис тилинен которгондо “мээ” дегенди тушүндүрөт). Бул вирустун иштеп чыгуучулары пакистандык ага-ини Фарук Альви адамдарга зыян келтирүүнү көздөгөн эмес: алар Brain вирусун өзүлөрү жазып чыккан медициналык программаны мыйзамсыз көчүрүүдөн коргош үчүн ойлоп табышкан.

Компьютердик эпидемиянын эң алгачкыларынын бири 1988-жылы орун алган, анда Arpanet тармагы аркылуу АКШда «великий червь» же Морристин курту деп аталган вирус тараган, анын аты вирусту түзгөн Роберт Морристин урматына коюлган. Курт паролдорду таап алып, тармактын колдонуучуларынын компьютерлерине көчүрмөлөрүн тараткан, ушундай жол менен 6 миңге жакын ПКге жугуп, 100 миллион доллардай чыгым алып келген – ошол мезгил үчүн, айрыкча компьютердик программа үчүн бул эбегейсиз чоң сумма болгон. Вирустун түзүүчүсү баарын өз ыктыяры менен моюнга алганы үчүн 3 жыл шарттуу түрдө кесилип, ири өлчөмдөгү айып салынган жана коомдук жумуштарга салынган. Компьютердик шылуундук үчүн бул эң биринчи жаза берүү болгон. Бирок, Морристин куртунун эпидемиясы компьютердик коопсуздук жаатында жакшы кызмат кылып кетти – аталган курттун чабуулунан кийин компьютерщиктер туура эмес пароль киргизип алгандан кийин бир аз тыныгуу кылуу керектиги туурасында ойлоно башташкан.

1983-жылы америкалык окумуштуу Фред Коэн (Fred Cohen) өзүнөн өзү иштечу компьютердик программаларды изилдөөгө арналган диссертациялык ишинде биринчи жолу “компьютердик вирус” деген терминди киргизген. 

Дүйнө жүзүндө өтө көп сандаган вирустар бар, алардын эң белгилүүлөрү:

  • Worms же курттар
  • Trojans же троянчылар
  • Rootkits же маскировщиктер
  • Zombies же зомби
  • Spyware же шпиондор
  • Adware же рекламалык вирустар
  • Winlocks же блок койгуч
  • Bootkits же жүктөгүч вирустар ж.б. 

Кайсы вирусту эң коркунучтуу деп саноого болот? Колдонуучунун көз карашынан алганда, бул ага болушунча чоң зыян алып келген вирус. Ал эми маалыматтык коопсуздук жагынан алганда, бул сиз али аныктап таба албаган вирус.

А биз болсо, абдан каалап турсаң да, күмөндүү сайттарга кирбөөнү сунуштайбыз, рекламаларга блок койгучтарды колдон, ар кандай баннерлер менен шилтемелерди ойлонбой баса берген адатыңды ташта, маанилүү документтердин көчүрмөлөрүн мезгил-мезгили менен жасап тур жана сөзсүз түрдө ишенимдүү антивирустук жана антипшпиондук программалардын болушуна кам көр.

 

Булактары:

encyclopedia.kaspersky.ru 

habr.com

https://www.osp.ru/pcworld/2014/01/13038813 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.