Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Wi-Fi тармагын “чоочун кошулуулардан” кантип коргоо керек: 5 кеңеш

09.02.2022 • 05:36

Wi-Fi – бул айланадагылардын баары менен бөлүшө турган  нерсе эмес. Анан дагы арам ойлуулар силердин ай пини колдонуп, мыйзам бузууларга барышы мүмкүн.

Көп адамдар башка колдонуучулардын кошулушу эмне үчун кооптуу экенин түшүнө беришпейт, андан да жаманы арам ойлуу адамдар жеке Wi-Fi тармагына кошулуп алганы. Элестетип көргүлө, үйдө зымсыз тармак коюлган. Ал пароль менен корголгон же толугу менен ачык. Бирөөлөр бузуп кирип же жөн гана кошулуп алышы мумкүн дейли. Ал колдонуучулардын жаман деле ою жок. Аларга силердин жеке файлдарыңар кызык эмес жана алардын зыян келтирүү ниети жок. Болгону башка бирөөнүн Wi-Fi тармагына кошулуп, интернет колдонуп жатышат.

 

Бул жерде кооптуу деле эч нерсе жок сыяктанат, бирок бул чоочун каражаттар силердин маршрутизатор учүн кошумча күч келтирип жатканын түшүнүү керек. Ал жай иштеп баштайт. Кошулуунун ылдамдыгы төмөндөйт. А эгер алар торрент көчүрүп же таратып жатсачы? Же онлайн оюндарын ойноп атса? Бул тармакка жана роутерге күч келтирет. Ал иштебей токтоп калышы да мүмкүн. Бирок бул да эч нерсе эмес. Эгер сенде локалдык тармак жөндөлгөн болсо жана компьютердеги файлдарга кирүү ачык болсо, анда сенин роутериңе кошулган колдонуучунун баары сенин файлдарыңа кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. 

Албетте, кандай Wi-Fi болбосун бузуп кирүүгө болот. 100% коргонуу жок. Бирок көпчүлүк учурларда бузуп кирүүчулөрдү качыруу үчүн төмөнкү 5 аракетти жасоо жетиштүү болот.

 

1. Wi-Fi тармагына ишенимдүү пароль кой

Wi-Fi тармагы пароль менен корголушу керек. Жакшы пароль коюу керек. Эч кандай "11111111", "12345678", "qwertyui" ж.б. жарабайт. Жалкоолонбой ишенимдүү пароль ойлоп тап, анда баш тамгалар, сандар жана атайын белгилер болсун (~ ! @ # $ %  & * ). Ошондой эле ал паролду жазып алганга да жалкоолонбо, анан издөө системасына “өзүңдүн Wi-Fi тармагыңдын паролун кантип билүү керек?  деп издөө салбагандай бол.

 

2. Маршрутизатордун жөндөөлөрүн пароль менен корго

Бул пароль Wi-Fi тармагына эч тиешеси жок. Ал бир гана роутердин жөндөөлөрүн коргоо үчүн колдонулат. Сенден башка эч ким роутердин веб-интерфейсине кирип, кандайдыр бир жөндөөлөрүн өзгөртө албагандай болсун. Роутерде admin деген паролду кантип башкага алмаштыруу керек?

 

3. WPS функциясын өчүрүп кой

WPS менен зымсыз тармакка пароль киргизбей туруп оңой эле кошулуп алууга болот. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, WPS колдонгондор аз. WPS функциясынын коопсуздугу туурасында жазылган материалдар абдан көп. Ошондуктан, роутерди бузуп кирүүдөн коргоо үчун бул функцияны өчүрүп койгон туура болот.

 

4. Wi-Fi тармагын чоочун көздөрдөн катып кой

Wi-Fi тармагынын жөндөөлөрүндө маршрутизатордо "Скрыть SSID" (Hide SSID) же "Отключить широковещание SSID" деген функция бар. Аны күйгузүп койсо башка каражаттар сенин Wi-Fi тармагыңды көрө албай калышат. Ал эми ага кошулуу үчун бир гана паролду эмес, тармактын атын да көрсөтүү керек болот (SSID). Бул да кошумча коргонуу.

 

5. Брандмауэр, Антивирус, Тармак аралык экран, DoS

– булардын баары же бул сыяктуу функциялар азыркы заманбап маршрутизаторлордо бар. Адатта алар дароо эле күйгүзүлгөн болот. Зарылдыгы болбосо аларды өчүрбө жана жөндөөлөрүн өзгөртпө.

Бул эң жөнөкөй жөндөөлөр сенин роутериңдин коопсуздугунун айрым калпыстыктарын жойгонго жардам берет. Ийгилик!

Булагы: help-wifi.com 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.