Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Интернет-цензура

02.02.2022 • 04:50

Ким  маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат деп айтылат эмеспи. Интернет маалыматты ар бир адам үчүн жеткиликтүү кылды. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, 2022-жылы бардык эле адамдар Интернет менен эркин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Интернет-цензура деген кимдир бирөөлөр (адатта бул бийлик органдары же ири корпорациялар) интернеттеги айрым маалыматтарды көрүүгө тыюу салган же чектеген көрүнүш.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, интернеттеги кандайдыр бир сайт өкмөткө жакпаса (провайдерге, социалдык тармакка), ал сайт тыюу салынгандардын тизмесине кирет жана ал өлкөнүн жашоочулары ал сайтка кире алышпайт.

Тармактагы цензура кандай болот?

  •  IP-даректерге блок коюу. Мамлекет тыюу салынган сайттардын тизмесин түзөт да, ага бардык жакпаган URL даректерди киргизет.  Ага киргиси келген колдонуучулар ката чыгып калганын көрөт. Катанын форматы провайдерден же блок коюу методунан көз каранды болот. Ката браузердин ишиндеги үзгүлтуккө учуроо сыяктуу чыгышы мумкүн же мыйзамдын негизинде бул ресурска кирүүгө тыюу салынган деп жазылышы мүмкүн.
  • Контентти негизги сөздөр аркылуу иргөө. Бул баягы эле сайттарга блок коюу методу, бирок жакшыртылган метод. IP-даректин ордуна провайдерлер негизги сөздөрдү колдонушат. “Каршылык” деген сыяктуу издөөлөргө блок коюлат. Жана бул сөздү камтыган бардык сайттар да блоктолот.
  • Өлкөнүн мыйзамдарын бузган сайттардын ылдамдыгынын төмөндөтүлүшү.
  • Айыптар жана түрмөгө салуу. Узак мөөнөткө түрмөгө салуу боюнча коркутуулар ММК каражаттарынын өкүлдөрүн бир нерсе жарыялоодон мурда жүз жолу ойлонууга мажбурлайт. Бул бир гана ММКларга тиешелүү эмес. Катардагы колдонуучулар деле мындай түрмө жазаларынан аз эмес жапа чегишет.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү цензура

Түндүк Кореяда тармактык кошулуу атайын кызматтарга, чиновниктерге жана илимий кызматкерлерге гана жеткиликтүү, бирок алардын ишмердүүлүктөрү да көзөмөл алдында. Калган жашооччулар болсо Кванмён менен колдонушат – маалымат министрлиги Интернеттеги сайттарды анализдеп чыгып, алардын ою боюнча туура деп санагандарын өз тармагына жүктөшөт.

Кытайда болсо баардыгы өзүнүкү. Фейсбук, Твиттер аналогдору, YouTube каналынын бир нече варианттары, WeChat мессенжери, ал аркылуу такси чакырууга, баарлашууга, акча которууга болот. Анткени аталган продукттардын батыш варианттары Кытайда мыйзамдын негизинде тыюу алдында. Ал тургай Google издегичи да ал жакта кыскартылган вариантта колдонулат.

Иранда 2000-жылдардын башында Facebook жана YouTube сыяктуу ири платформаларга блок коюп башташкан. VPN колдонбой туруп кирүүгө мүмкүн болгон жалгыз гана платформа – Инстаграм. Мунун саясий да, диний да себептери бар.

Кубада интернет менен калктын 5% гана колдонот. 2008-жылга чейин өлкөдө интернетке тыюу салынган болчу, аны элита өкүлдөрү жана өкмөт гана колдоно алчу. Өлкө жарандары 13 жылдан кийин гана тармакка чыгууга мумкүнчулүк алышты. Бирок үй интернети Кубанын катардагы жашоочусунун бир айлык эмгек акысындай турат. Интернет кафелерде мамлекеттик ОС менен эскирген компьютерлер турат, алар менен өтө бай адамдар гана колдоно алышат.

Булактары: 

1.Timeweb; 28.04.2021; «Интернет-цензура деген эмне жана ал дүйнөгө керекпи»

https://timeweb.com/ru/community/articles/chto-takoe-internet-cenzura

2. Exclusive; 12.08.2021; «Интернет-цензура: мамлекетти ким жана кантип токтотот?» https://www.exclusive.kz/expertiza/obshhestvo/125411/



 

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.