Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

VPN деген эмне?

26.01.2022 • 04:48

 VPN деген эмне?

VPN (англ. virtual private network — «виртуалдык жеке тармак») — колдонуучуга бир нече компьютер ортосунда уюшулган тармакка коопсуз кошулууга жол бере турган технология. Кандайдыр бир чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн да коллонулат, ошондой эле тармактагы купуялуулукту сактаганга жардам берет.

VPN тармактары кантип иштейт?

 VPN тармагына кошулуу үчүн тиешелүү уюлдук тиркемени гана жүктөп алып жана аны активдештирүү керек.

Колдонуучу тармакка кирген учурда, анын каражатына уникалдуу IP-дарек берилет. Ал дарек башка бир адамдарга колдонуучунун артынан аңдып, кандай сайттарды ачып жатканын, кандай маалыматтарды издеп жатканын, эмне сатып алганы ж.б. аракеттерин көрүп-билип турууга жардам берет.

VPN күйгүзүлгөн учурда уникалдуу IP-дарек көрүнбөй калат. Анын ордуна виртуалдык жеке тармактын дареги чыгат.

Бул төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

·         локалдык чектөөлөрдү айланып өтүүгө. Эгер чет өлкөлүк VPN тандап алсаң, жергиликтүү чектөөлөр иштебейт, колдонуучуга анын өлкөсүндөгү тыюу салынган сайттар жеткиликтүү болуп калат.

·         купуялуулук сакталат. VPN-сервис активдүү болгон учурда интернетке кошулуу атайын шифр менен корголот, ошондуктан колдонуучунун маалыматтары башкаларга ачык көрүнбөйт.

 VPN эмне үчүн керек?

·         Ишенимдүү коргоо. Берилип жаткан маалымат шифр ачкычы бар болгон убакта гана жеткиликтүү болот;

·         Геолокацияны жашыруу. Геолокация жөнүндөгү маалыматтар каражаттан эмес VPN-серверден келип турат. Ал болсо башка өлкөдө жайгашышы мүмкүн, ошондуктан жайгашкан ордун аныктоо мүмкүн эмес болуп калат.

·         Жергиликтүү контентке кирүү мүмкүнчүлүгү. Чет жерге чыкканда өзүңөрдүн мекениңердин аймагына эсептелген контентти көрүү мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы мүмкүн.

·         Маалыматтарды берүү корголгон. Аралыктан иштөө учурунда силерге купуя корпоративдик маалыматка кирүү керек болуп калат. Маалыматтар сыртка чыгып кетпеши үчүн маалыматтарды шифр менен катуу аркылуу кошулууга болот.

 

VPN колдонуунун кемчиликтери

VPN колдонуу интернет-кошулууңардын ылдамдыгына таасир этиши мүмкүн. Мындан тышкары, чынында эле коопсуз VPN-сервистери үчун акы төлөө керек, катардагы колдонуучулар үчүн айына орточо эсеп менен 7-8 долар. Ал эми акысыз VPN кызматтар өз колдонуучуларынын маалыматтарын, анын ичинде логин, паролдорун да ачыктап салганы менен белгилүү.

Айрым өлкөлөрдө VPN-сервистеринин ишин чектеген же таптакыр тыюу салган мыйзамдар бар. Мисалы, Россияда VPN-сервистерге блок коюлган сайттарга колдонуучуга кирүүгө мумкүнчулүк берүүго тыюу салынган, бирок бул мыйзам азырынча колдонулган жери жок. Түркмөнстанда болсо бийлик VPN колдонгондорду куугунтукка алат.

Булагы:

1. РБК; 20.01.2022 «VPN деген эмне жана ал эмнеге керек» https://trends.rbc.ru/trends/industry/604f0a309a79477d332569e3

2. Настоящее Время; 11.03.2021; «VPN деген эмне жана эмне үчун ар бир адамга керек?»

https://www.currenttime.tv/a/internet-bezopasnost-vpn/31145192.html

 


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.