Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Тролль, троллдор фабрикасы деген эмне?

02.12.2021 • 10:29

Интернет-троллдор – бул өз ырахаты үчүн Тармактагы башка адамдардын көңүлүн оорутканды же козутканды жакшы көргөн адамдар. Кимдин тролль экенин кандай белгилер менен аныктоо керек жана аларга кантип туруштук берүү керек?

Силер качандыр бир убакта Тармакта тролль менен жолуккан болсоңор керек. Интернет-тролль – бул Интернетте атайлап тукурган, орой же көңүл ооруткан билдирүүлөрдү жасаган адам, анын максаты адамдардын күчтүү эмоциясын пайда кылуу же чаттагы, комментарийлердеги, форумдардагы кептин нугун башка жакка буруу, талку темасынан алагды кылуу. Троллинг ар кандай формада болушу мүмкүн. Көпчүлүк троллдор өзүнүн жеке ырахаты үчүн жасайт, бирок айрымдары белгилүү бир максат үчүн троллинг колдонушат.

Адатта троллинг белгилүү бир адамга эмес, көп сандагы адамдарга багытталат, алар троллдордун тузагына түшүп, өзүлөрүн көзөмөлдөй албай калышат. Троллдорго дал ушул керек. Алардын башкы милдети – болушунча көп адамды козутуу. Троллинг көптөгөн онлайн-платформаларда бар – чакан жеке топтордун чаттарынан тартып ири социалдык тармактарга чейин. Интернетте силер онлайн-троллдорду жолуктура турган жерлердин тизмеси:

  • Анонимдүү онлайн-форумдар, сайттар.  VK, Reddit, Telegram жана башка анонимдүү сайттар, жарыя такталары, бул сыяктуу жерлер онлайн-троллдордун негизги кыймылсыз мүлкү болуп саналат. Анткени анын ким экенинин изин табуу кыйын, троллдор өтө козуткан материалдарды эч кандай кесепетсиз жарыялай алышат. Айрыкча, форум же сайттын модерациясы начар же активдүү эмес болсо.
  • Twitter:  Twitter да анонимдүү боло алат жана интернет-троллдорду өндүргөн күнөсканага айланды. Твиттердеги троллингдин көп кездешкен методу – белгилүү хэштегдерди колдонуу жана катталуучулардын көнүлүн бурдуруу үчүн Тыиттердеги белгилүү адамдардын ысымдарын атоо.
  • Комментарий бөлүмдөрү. YouTube жана жаңылыктар сайттары сыяктуу жерлердин комментарий бөлүмдөрү троллдорду азыктандырган белгилүү чөйрө болуп саналат. Бул жерлерде айдан ачык троллдорду таба аласыңар, алар көп учурда ачуулуу окурмандар менен көрөрмандардын кайтарым пикирлерин пайда кылышат.

 

Бир нече жыл мурда Тармакта «троллдор фабрикасы» деген түшүнүк пайда болду – бул акча үчүн жалдаган адамынын имидж менен образын түзгөн адамдардын уюшкан тобу. Адатта  «троллдор фабрикасы»  PR-кампаниянын бир бөлүгү болуп саналат, көп учурда саясий маалыматтык согуштарда колдонулат.

 

«Троллдор фабрикасынын» жасалма аккаунттарынан күнүгө керектүү публикацияларга лайктар басылып, ондогон мактоо комментарийлер жазылат, ал эми каршылаштарын каралашат. Адатта жасалма аккаунттардын белгилүү бир белгилери бар: профиль жакында эле түзүлгөн, жеке сүрөтү жана маалыматтары жок, достору жана посттору баракчасында өтө аз.

Көп учурда троллдор кандайдыр бир чоң саясий окуялардын алдында активдеше башташат.

 

2021-жылдын 1-ноябрында Facebook (FB) Никарагуада FB жана Instagram тармактарында фейк аккаунттарды колдонгон «троллдор фабрикасынын» жабылышы жөнүндө маалымдаган. FB ал «троллдор фабрикасы» Никарагуа өкмөтү жана бийликтеги партия тарабынан каржыланганын билдирген.

 

Open Democracy Кыргызстандагы «троллдор фабрикасы» жөнүндө айтып берип, фейк аккаунттарга мисал келтирди.

 

 

Фейк баракчанын мисалы – Талайгуль Омуралиева. Профилдин жана башкы беттин сүрөтү 2020-жылдын 22-октябрында жүктөлгөн. Сүрөт II Вице-мисс Россия-2018 сынагынын жеңүүчүсү Наталья Строевадан уурдалган. Булагы: https://www.facebook.com/profile.php?id=100057033244525.

 

 

 

Булактары:

https://1gai.ru/publ/524264-chto-takoe-internet-troll-i-kak-obraschatsja-s-trolljami.html

https://www.opendemocracy.net/ru/fabriki-trollei-v-kyrgyzstane/

https://www.kommersant.ru/doc/5061903

https://openmedia.io/infometer/fabrika-trollej-vymyshlennaya-struktura-chto-glava-xoldinga-novostej-prigozhina-rasskazal-v-pervom-intervyu/

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.