Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Зыяндуу боттор – алар кандай болот?

24.11.2021 • 05:51

«Бот» («робот» сөзү кыскартылган) – бул алдын ала берилген иш аракеттерди кайталоону аткара турган программа. Боттор адатта колдонуучунун жүрүм-турумун туурап же анын ордун алмаштырат. 

«Жакшы» боттор пайдалуу милдеттерди аткарышат, ал эми «жаман» боттор же зыяндуу боттор бузуп кирүү, спам таратуу, шпионаж, кандай көлөмдөгү болбосун веб-сайттарды үзгүлтүккө учуратуу же бузуп кирүү сыяктуу иштерди аткарышат.

Зыяндуу боттордун түрлөрү:

 

Спам-боттор байланыш китепчелеринен электрондук даректерди чогултушат. Андан тышкары, алар белгилүү бир сайттарга трафик тартыш үчүн форумдарга же комментарий бөлүмдөрүнө рекламалык контент жайгаштыра алат. 

Зыяндуу чат-боттор өзүлөрүн тирүү адам катары көрсөтүшөт, реалдуу адам менен сүйлөшүп жаткандай кылып туурашат. Көп учурда зыяндуу программа менен сүйлөшүп жатканын билбеген колдонуучулар жабыр тартышат. Мындай боттордун максаты жеке маалыматтарды, анын ичинде кредиттик карталардын номерлерин алуу болуп саналат.

Файлдар менен алмашуу үчүн боттор колдонуучунун суроо-талабын кабыл алат да (мисалы белгилүү фильм же музыкалык альбом), бул файлды жүктөгөнгө аларда мүмкүнчүлүк бар деп жооп кайтарышат жана шилтеме жөнөтүшөт. Колдонуучу ал шилтемени басып, файлды жүктөп, өзү да аңдабастан компьютерине вирус жуктуруп алат.

Учеттук маалыматтарды толтуруу – мындай боттор колдонуучунун жеке маалыматтарына мыйзамсыз түрдө ээ болуу үчүн белгилүү аттарды жана паролдорду киргизет (адатта бул аттар менен паролдор маалыматтын кокус тарап кетишинин негизинде алынат).

DoS жана DDoS-боттору – бул жерде боттор тарабынан ашыкча трафик сервердин ресурсуна атайлап ашыкча күч келтирүү үчүн жана сервердин ишин токтотуу үчүн колдонулат. 

Интернет-дүкөндөргө чабуулдар; алардын максаты – товарларды колдо жок деп көрсөтүү. Чабуулдун мындай түрүндө зыяндуу боттор сатып алуу себеттерине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат да, интернет-дүкөндөгү товарларды тандап себетке салышат, бирок сатып албайт. Натыйжада реалдуу сатып алуучу товар сатып алгысы келсе, товар колдо жок деп чыгып калат.

Чабал жактарды издөө – мындай түрдөгү боттор миллиондогон сайттарды изилдеп, алардын чабал жактарын аныкташат жана ал туурасында маалымдап турушат. “Жакшы” боттор бул туурасында веб-сайттардын кожоюндарына кабарлайт, ал эми зыяндуу боттор өзүлөрүнүн иштеп чыгуучуларына маалымдайт, алар болсо бул маалыматты сатат же бузуп кирүү үчүн колдонот.

Кликтердин санын көбөйткөн боттор шылуундук максатта атайын акылуу рекламаларга багытталган чоң көлөмдөгү зыяндуу трафик пайда кылышат. Мындай шылуундук трафик жыл сайын реклама берүүчүлөргө миллиарддаган доллар чыгым алып келет, анткени мындай трафиктер мыйзамдуу трафик сыяктуу жашырынып алышат. 

Тарификти мониторинг кылуу – бул боттор почта серверлерине ашыкча күч келтирүү үчүн жана маалыматтарды ири масштабда уурдоо үчүн колдонулат. 

Булагы: «Боттор деген эмне – аныктамасы жана сүрөттөмөсү» Алынган сайты: https://www.kaspersky.ru/resource-center/definitions/what-are-bots


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.