Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Коомдук аң-сезимди манипуляция кылуу

15.09.2021 • 09:04

Бизди манипуляция кылып жатат деп биз көп эле угуп жүрөбүз. Бирок иш жүзүндө бул кандайча ишке ашат? Мамлекеттик спикерлер ММК аркылуу кандай ыкмаларды колдонушат?  Келгиле талдап көрөлү.

Манипуляция – бул фактыларды бурмалоо, “пайдалуу” маалыматты өндүрүү жана жайылтуу жолу менен окурманды (контенттин керектөөчүсүн)  башкаруу амалы [1].

Ноам Хомский, америкалык лингвист, философ, коомдук ишмер жана саясий серепчи, массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен  " манипуляция кылуунун 10 амалынын" тизмесин иштеп чыккан [2]:

 

1. Көңүлдү башкага алагды кылуу
"Дайыма жарандардын көнүлүн чыныгы социалдык көйгөйлөрдөн алагды кылып, анча маанилүү эмес башка темаларга буруу. Жарандар дайыма бир нерсе менен алек болуп, ойлонууга убактылары калбагандай жагдай түзүүгө жетишүү ("Тынч согуштар үчүн үнсүз курал" китебинен үзүндү).

2. Атайын көйгөй жаратып, анан анын чечимин сунуштоо

Бул метод дагы башкача “көйгөй-реакция-чечим” деп да аталат. Кандайдыр бир көйгөйлүү кырдаал ойлоп табылат, ал калктын белгилүү бир реакциясын пайда кылуу максатын көздөйт, ал кырдаал бийликтегилерге керек болгон чечимди кабыл алууну жарандар өзүлөрү талап кылгандай шартты жаратат. 

3. Акырындык менен ишке киргизүү 

Кандайдыр бир колдоого алынбаган чараны киргизүүгө жетишүү үчүн, аны акырындык менен, күндөн күнгө, жылдан жылга билгизбей киргизип отуруу жетиштүү болот. 

4. Аткаруу аракеттерин келечекке калтыруу 

Колдоо таппаган чечимди өткөрүүнүн башка амалы, ал чечимди “оор бирок, айласыз чечим” катары көрсөтүү, келечекте аткарыла турган чечим катары жарандардын макулдугуна азыр жетишүү. Азыр эмес, келечекте кандайдыр бир жоготууларга макул болуу оңой.

5. Калкка кичинекей бала катары кайрылуу 

Кеңири публикага арналган пропагандалык максатта сөз сүйлөнгөн көпчүлүк учурларда  акылы кем же акыл жагынан өнүгүүсү кечиккен мектеп окуучулары туурасында сөз болуп жаткандай интонация, сөздөр, персонаждар жана жүйөлөр колдонулат.

6. Ойлонууга караганда эмоцияга көбүрөөк басым жасалат 

Эмоцияга таасир этүү классикалык амал, ал адамдын рационалдык ойлонуу жөндөмүнө блок коюп, натыйжада болуп жаткан окуяларга сынчыл ойлом менен мамиле кылууга бөгөт коюуга арналган. 

7. Аңкоолукту сиңирүү аркылуу адамдарды түркөйлүктө кармаоо 

Адамдарды тымызын башкарып, өз эркине баш ийдирип алган амалдар менен ыкмаларды түшүнүүгө адамдардын жөндөмсүз болуп калуусуна жетишүү. 

8. Адамдарды аңкоолукка суктанууга түртүү 

Калк арасына акылсыз, уятсыз жана тарбиясыз болуу модалуу деген ойду сиңирүү …

9. Өзүм күнөөлүүмүн деген сезимди күчтөндүрүү 

Адамдарга өз көйгөйлөрүмө өзүм гана күнөөлүүмүн, акылымдын жетишсиздигинен, мүмкүнчүлүктөрүмдүн, жөндөмүмдүн же көргөн аракеттеримдин жетишчиздигинен бактысызмын деп ишендирүү. 

10. Адамдар туурасында алар өзүлөрү жөнүндө билгенден да көптү билүү  - ар кандай илимий тармактардагы иликтөөлөр аркылуу.

 

Булактары:

1.  Виктория Ли «Фактчекер сөздүгү» (07.04.2019). Алынды: https://factcheck.kz/glavnoe/slovar-faktchekera/

2. ММКнын жардамы менен коомдук аң-сезимди манипуляция кылуунун он амалы (16.06.2011). Алынды: https://ria.ru/20110616/389137011.html

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.