Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Дипфейк кантип жасалат

28.07.2021 • 13:35

Эгер силердин досторуңар же өзүңөр кайсы бир видеодо Дэвид Бэкхемдин, Жим Керринин же Бьенстун ролунда болгон болсоңор, анда силер дипфейк деген эмне экенин жакындан билесиңер - бул жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган видео. Жөнөкөй сөз менен айтканда, нейротармак даяр сүрөттөрдүн негизинде пикселдерди чогултуу менен ролик жасайт. Мисалы, Дэвид Бэкхемдин миң сүрөтүн изилдеп чыгып, анын негизинде спортсмен калкты безгек оорусуна каршы күрөшүүгө чакырган видеосун жасап чыгат.

Интернет мейкининде дипфейк жасай турган толтура программалар бар. Алардын жардамы менен көп нерсени жасаса болот, маселен, видеодогу адамдын бетине таптакыр башка адамдын бетин жабыштырып койсо болот, же сүйлөп жатканда эриндин кыймылын да өзгөртүп коюуга мүмкүн. Ал эми эриндин кыймылын өзгөртүп жана ал адамдын үнү менен ал адам айтпаган нерселерди айттырып (айтмакчы, муну башка бир дипфейк жасаган программанын жардамы менен жасоого болот)  контент жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындай контент жасоого арналган белгилүү программалардын бири DeepFaceLab. Продукттун түзүүчүсүнүн айтымында, бул программанын жардамы менен дипфейк-видеоконтенттердин 95%ы жасалат.

Мындан башка да программалар бар, мисалы: FakeApp; ZAO; Reface.

Ар бир программанын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, ар кандай деңгээлдеги техникалык билимдерге ээ болуу зарылдыгы же катталуу төлөмү. Бирок алардын бардыгы өз функцияларын жакшы аткарып келишет.

Теориялык жактан алганда, өзүңдүн нейротармагыңды түзүп жана ага керектүү нерселерди үйрөтүп алууга болот. Бирок бул вариант кымбатка турат жана татаал.

Негизинен дипйфейк-технологияларынын жардамы менен өндүрүлгөн видео адамдардын жашоосуна анча деле таасир бербейт, жөн гана алардын көнүлүн ачат. Бирок, саясий максатта түзүлгөн же белгилүү бир адамга багытталган дипфейктер олуттуу таасирге ээ болушу мумкүн.

Дипфейктер — жаман да, жакшы да эмес. Бул жөн гана курал. Анын жардамы менен күлкүлүү мем жасап, же белгилүү бир адамдардын тобуна маанилүү маалыматты жеткирүүгө болот. Бирок ошол эле убакта бирөөгө зыян келтирүүгө да болот.

 

Шилтемелер: https://rb.ru/story/deepfake-lipsync/

https://www.ispring.ru/elearning-insights/dipfejk

https://rb.ru/opinion/deepfake-how/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.