Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Бүгүнкү күндөгү өтө таасирлүү дипфейктердин үлгүлөрү

21.07.2021 • 13:25

1. Том Круз жөнүндө TikTokтогу дипфейк 

Дипфейктер ушунчалык өнүккөнүн мындан билсе болот, TikTokто толугу менен Том Крузга  арналган @deeptomcruise аккаунт бар. Жасалма видеолор ушунчалык реалдуу болгондуктан, аны алгоритм да таба алган эмес.  @deeptomcruise аккаунтунун жарым миллион катталуучусу бар. Актердун дипфейки гольф ойноп жатып, Миахил Горбачев туурасында айтат, ар кандай фокустарды көрсөтөт. Том Крузду ойногон адам анын мимикаларын, кыймылын, үнүн, ал тургай актерго мүнөздүү болгон күлкүсүн да дал өзүндөй кылып берген. Калганынын баарын нейротармак жасаган. [1]

2. Елизавета II ханышанын дипфейки

Британдык Channel 4 каналы дипфейк технологияларынын жардамы менен жасалган видеороликти эфирге чыгарды, анда Елизавета II TikTok социалдык тармагынын трендинин стилинде бийлеп жатат. Channel 4 каналынын техникалык директору Ян Катцтын (Ian Katz) айтымында, бул видеону аудиторияга дипфейк технологиялары канчалык кооптуу экенине көңүл бурдуруу үчүн көрсөтүшкөн.  Видеону Оскарга ээ атайын эффекттер студиясы Framestore тарабынан жасалган, ханышанын ролун актриса Дебра Стивенсон (Debra Stephenson) аткарган. [2]

3. Илон Масктин дипфейки

Crew Dragon космостук кемеси ЭКСга учурулгандан кийин Интернетте  Илон Маск “Трава у дома” ырын ырдап жаткан дипфейк тарады. Илон Масктын SpaceX компаниясы биринчи жолу Crew космостук кемеси менен астронавттарды Эл аралык космостук станцияга учурду. Маскты бул ийгилиги менен куттуктап башташты – кимдир бирөө сөз менен куттуктаса, айрымдар анын катышуусундагы дипфейк менен. Дипфейк абдан ынанымдуу чыкты – ага ишенүүгө болот, анын үстүнө соңку бир нече жылдан бери Маск орус тилинде да көп жазып жүрөт. [3]

4. Кореялык диктор Ким Джу-Ха.

Кореялык телеканал MBN өзүнүн алып баруучусу Ким Джу-Ханын дипфейкин чыгарды. Канал көрүүчүлөрүнө алдын ала жаңылыктарды окуган алып баруучу жасалма болоорун эскерткен, ал эми Ким Джу Ха мурдагыдай эле иштеп жатканын айткан. Ал ортодо MBN айрым соңку жаңылыктар үчүн дипфейк колдонууну улантаарын билдирген. [4]

Булактар:

  1. Esquire; “Том Круз появился в тиктоке.” 26/02/2021 website: https://esquire.ru/articles/244853-tom-kruz-poyavilsya-v-tiktoke-eto-dipfeyk-no-slishkom-ubeditelnyy/#part0
  2. Naked-science “Дипфейк королевы Елизаветы II выступил на британском телеканале и вызвал бурю негодования” 25/12/20 website:   https://naked-science.ru/article/media/dipfejk-korolevy-elizavety-ii-vystupil-na-britanskom-telekanale-i-vyzval-buryu-negodovaniya 
  3. Meduza « Илон Маск поет про Землю в иллюминаторе…» 31/05/20 website: https://meduza.io/shapito/2020/05/31/ilon-mask-poet-pro-zemlyu-v-illyuminatore-posmotrite-samyy-aktualnyy-dipfeyk-posle-zapuska-crew-dragon 
  4. CREATIVE BLOQ “14 deepfake examples that terrified and amused the internet” 1/06/21 website: https://www.creativebloq.com/features/deepfake-examples

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.