Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Дипфейктер жана копирайт

07.07.2021 • 05:19

Дипфейктердин жайылышы көп көйгөйлөрдү пайда кылды, анын ичинде интеллектуалдык менчик укугунун жана жеке маалыматтарды коргоого байланыштуу. Интеллектуалдык Менчик боюнча Дүйнөлүк Уюму дипфейктерге байланыштуу негизги маселелерди аныктаган: (i) эгер дипфейк интеллектуалдык менчик болуп эсептелген маалыматтарды колдонсо; (ii) дипфейк өндүрүшү учурунда келбети же үнү колдонулган адамга акы төлөнүшү керекпи. 

Дипфейктерге катыштуу негизги маселе – алардын түзүүчүлөрүнө карата да, аларды өчүрүү процедураларына байланыштуу да мыйзамдардын жана практиканын жоктугу. Айрыкча үн дипфейктери эң көйгөйлүү болуп саналат, анткени адамдын үнүнө карата интеллектуалдык менчик укугу бир да өлкөдө жок – эгер ал адамдын аты коммерциялык бренд катары катталган болбосо. Бирок баары эле оңой эмес. Мисалы, 2020-жылы Vocal Synthesis YouTube-каналы америкалык Jay-Z аттуу рэп жылдызынын үнү менен окулган бир нече тексттин жаздырмасын коммерциялык төлөмсүз жайгаштырган. Ал эми Jay-Z концерттик компаниясы музыканттын үнү мыйзамсыз пайдаланылган видеону өчүрүүнү талап кылган. Төрт видеонун экөөсүн гана өчүрүшкөн. Анткени жасалган үндүк продукт рэпердин бир да ыры менен эч кандай байланышы жок деп табылган. 

Үндү тууроо, мисалы телефон пранкерлеринин аракеттери мыйзам бузуу болуп саналбайт, бул алардын тамашасынын мазмунуна жараша болот жана үн дипфейкин колдонуунун кесепеттерине жараша кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн. Мисалы, 2019-жылы Улуу Британияда 2019-жылы белгисиз адамдар британиялык энергетикалык компаниянын аткаруучу директорунун үнүн колдонуп, анын кызматкерине €220 миң өлчөмүндөгү акчаны үчүнчү жактагы бир адамга которууга көрсөтмө беришкен. Акча шылуундарга которулуп кеткен. Иликтөөчүлөр ошол бойдон шектүү адамдарды аныктай алган эмес.

 

Булактар:

Интеллектуалдык менчик боюнча Дүйнөлүк Уюму, 2019. WIPO Conversation on Intellectual Property (IP) and Artificial Intelligence (AI), бул шилтеме боюнча жеткиликтүү:  https://www.wipo.int/export/sites/www/about-ip/en/artificial_intelligence/call_for_comments/pdf/ind_lacasa.pdf 

РБК, Дипфейктер: автордук укук кандайча контентке өтөт: https://trends.rbc.ru/trends/industry/5fc688fe9a79473e6ff9b82a 

Institute for Internet and the Just Society, 19 January 2021, Legal Issues of Deepfakes by Betül Çolak,  бул шилтеме боюнча жеткиликтүү:https://www.internetjustsociety.org/legal-issues-of-deepfakes  

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.