Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Deepfake технологиялары эмнеси менен коркунучтуу?

30.06.2021 • 18:34

2018-жылы адамдын бетин алмаштырган ачык колдонуудагы эң биринчи FakeApp программасы пайда болгон, ал жөнөкөй колдонуучуга дипфейк инструменттерин жеткиликтүү кылды. Мындай контент жасоого арналган куралдар ошондой бери ачык жеткиликтүү жана оңой эле өздөштүруп алууга болот. Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар, бош убактысы жана каалоосу бар ар бир адам реалдуу убакыт режиминде жасалма контент жасап, социалдык тармактар каналына жайгаштыра алат. 

Эң алгачкы жасалма видеороликтер 2017-жылы пайда боло баштаган. Башында дипфейк-контенттер жөн гана тамаша катары сезилген: алар негизинен сүйүүчүлөр тарабынан акысыз инструменттердин жардамы менен жасалган атактуу адамдардын бетин пронографиялык жаздырмаларга жабыштырган видеофайлдар болчу. Бирок бир нече жылдан кийин бул технологиялар ушунчалык өнүгүп кетип, алар тарабынан жасалган материалдар үрөй учура тургандай ынанымдуу мүнөзгө айланды. Айрыкча  Reddit сайтынын Deepfakes аттуу никнейми бар колдонуучусу өз баракчасына чоңдорго арналган фильмдин актрисасынын бетин актриса Галь Гадоттун бетине ийгиликтүү алмаштырган видеону жайгыштыргандан кийин бул технологиялар өтө кеңири белгилүү боло баштады. 

IT-аналитиктер билдиргендей, Deepfake технологиялары санариптик чөйрөдөгү соңку он жылдыктагы эң коркунучтуу куралга айланышы мүмкүн. Дипфейктердин жайылышы менен Интернет тармагында сүрөттөрү көп болгон атактуу адамдарды каралоо учурлары арбыды. Саясат дүйнөсүндө Deepfake технологиялары айрым бир ишмерлерге же бүтүндөй партияларга каршы коомчулуктун кабылдоосун манипуляциялоо үчүн, шайлоолорго тасир этүү үчун курал катары колдонулушу мүмкүн. Чуулгандуу дипфейктин мисалы катары 2018-жылы жарыяланган АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жөнүндөгү жасалма видеону айтууга болот, анда ал ошол убакта бийликте отурган президентти мазактаган катары сүрөттөлгөн. Ал видеоролик FakeApp жана Adobe After Effects программаларынын жардамы менен жасалган. 

Бул айтылгандарга кошумча жасалма үн технологиялары да бар. Үн дипфейктери да киберкылмышкерлер тарабынан активдүү колдонулат – маселен, кайсы бир компаниянын кызматкерлерин мыйзамсыз иштерди жасоого мажбурлоо үчүн.



Булагы: https://www.anti-malware.ru/analytics/Threats_Analysis/Deepfakes-as-a-information-security-threat

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.